Казат Акматов: Архат
ОН СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ
ОН СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ
Мани Ясону жөнөтөөрдөн мурда Далай ламанын өзүнүн келип кетүүсүн Пекин талап кылды. Дал ошол өкүмдар Тибетте жок болгон үч-төрт күн Мани Ясого абдан керек эле. Үч күнүн ал Уй провинциясынын мурдагы башчысы жаткан түрмөдө өткөрдү. Өзүнүн полицай командирин суу куйган графин менен төбөгө ургандыгы үчүн провинция башчысы ошол эле жергиликтүү сот аркалуу бир жарым жылга кесилип, түрмөдө жаткан.
Мани Ясо түрмөнүн короосуна кирген кезде ал киши белине дейре жылаңач чечинип алып короонун тээ алыскы төрүндө күнгө кактанып отурган экен. Жанына киши келген дабышты укканда ал секирип тура калды. Көздөрү чычаладай кызарган, «Эгосу» ашынган, түрмөдөн аман-эсен чыккан күндө да бул киши соо калбасы дапдаана көрүнүп турат жүзүнөн.
Мани Ясо аны менен өткөн эле жылы күнү бою кечке «аңгеме» өткөргөнүнө карабастан жигитти түк да тааныган жок. Тааный турган да эмес.
- Жакын жолобоңуз мага! – деди тигил артка кетенчиктеп. Мен деген касиеттүү кишимин!
- Түшүнөм, ата. Мен сиз менен өтө маанилүү сөз сүйлөшмөк элем. Чоочубаңыз менден, ата.
- Ээй, жандармдар! Кармабайсыңарбы мынамуну! Кимиңердин досунар эле. Кармагыла! Ал Мани Ясого колун кезеп алып дарбазада турган сакчыларга кыйкырды эле алар каткырып күлүп калышты.
– Көзүңүзгө шайтан көрүнүп атабы? Тамашаны коюп битиңизди карай бериңиз! – деп ага сакчылар шылдың менен жооп беришти.
Антишке себеп экөө эле. Биринчиден бул жакка Мани Ясо адамдардын көзүнө көрүнбөс касиетте келген, экинчиден Тибеттеги борбордук провинциянын бир кездеги кадырлуу жетекчиси «Эгосунун» айынан бул түрмөдөгүлөргө «жинди», акылынан айныган «келесоо атанып бүткөн. Күн сайын анын кылык-жоруктарына күлүп, тамашага батышчу бул жердегилер.
Ушуларды өз көзү менен көргөндөн кийин Мани Ясо түрмөчүгө түндөсү, камерасында жалгыз калганда байкатпай кирип, гипноз жолу менен аны тынчытып туруп «менин» түзөтүү терапиясын үч мертебе жасалган соң гана жаңы нускамасы оң натыйжа берди.
- Сиз мага айтып отурган шумдуктуу окуялардын баарысы дал менин өзүмдүн башыман өткөнүнө карабай аларга ишениш кыйын, мырза Ясо. Эми, болуптур, ишенейин. Ишенбеске айлам да жок. Момунчалык арыктаганымды азыр көрүп отурам өзүм. Буга кантип ишенбеске болот. Сөөгүм эле калган турбайбы, – деп оорусунан сакайган түрмөчү өзүнүн сөөк карууларын кармалап ыйламсырады.
Мани Ясо күнөөкөр башын жерге салып бир топко отурган соң мындай деди:
- Кеч болсо да сизди айыктырып алганыма тобо кылам, ата. Жакында түрмөдөн чыгасыз. Ошондо сизди сотко берген полицайдан өч алам дебессиз?
- Кайдагы өч, мырза Ясо. Мен андан кечирим сурашым керек. Эч күнөөсү жок графин менен башка бирди жеп отурса кыйын иш да!
- Рахмат, ата. Өч алуунун кереги жок. Акөрөк ишиңизди ойлонуз. Менимче Далай лама сизге ылайыктуу иш берет. Ага дейре эс алып, ден соолугуңузду чыңдай бериңиз.
***
Кийинки күнү Мани Ясо өз подвалында келемишке жем болуп өлгөн Лхаса шаарынын мэринин улуу баласына жолукту. Далай ламанын буйругу менен ал жигит ошол өз атасы иштеген борбор шаарга вице-мэр болуп калган экен. Тибет жергесинде тараган айың сөздөргө караганда өлгөн мэрдин дал ушул уулу Мани Ясодон өч алмак. Кара сыйкырды биринчи эле жолуккан жерден атып жыгам деп ал дайыма жанына курал алып жүрөт имиш.
- Мани Ясо деген сизге киришке улуксаат сурайт, - деди ошол вице-мэрдин жардамчысы шефине кирип.
- Ким дейсиң?! Жаш вице адегенде түшүнбөй калды.
- Мани Ясо.
- Кандайча мага кирет экен? Жардамчы ийнин куушуруп эки алаканын жайды.
- Эмне керек экен ага, сурадыңбы?
-Жолугат элем дейт сизге. Башка эч нерсе айтпайт. Вице-мэр өңү саарулап, биразга ойлонуп турду.
– Кандай маселе менен келдиңиз эле деп сурачы. Жардамчы кабинеттен чыгып кетип бираздан кийин кайра кирди:
- Жекече сөзүм бар дейт. Вице-мэрдин өңү баягыдан да бузула түштү.
- Ал азыр Далай ламага кеңешчиби же жокпу?, - деп сурады жардамчысынан.
- Менимче бошотулган болуш керек.