Казат Акматов: Архат

ОН СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ

Казат Акматов: Архат

Ошол арада Коопсуздук кызматы Пекин элдик банкында Мани Ясонун атына жеке эсеп ачып, ага «аткарган кызматы үчүн» деп чоң суммадагы акча которууга, анын документин жигиттин-өзүнө салтанаттуу тапшырууга үлгүрүштү.

Пекин шаардык аткаруу комитети ошол кечте Мани Ясого «Борбор шаардын ардактуу жараны» деген наам тапшырмакка күтүп атышкан. Бирок, тапшыруу капыстан үзгүлтүккө учурады, анткени Башкарма Мани Ясону дал ошол кечте кабыл алмак болуптур. Улуу кытай элинин бүгүнкү зор ишенимин бүтүндөй өзүнө байлап турган бийик имараттын кенен коридорлору кечкисин электр жарыгына толуп-ташып көз уялтат. Лифттер канчалык көп болсо да Башкарманын иш бөлмөсүнө жетиш үчүн Мани Ясону коштогон топ көпкө дейре коридорлорду жөө басып жүрүп отурушту.

- Башкармага мен «улуу урматтуу» деп кайрылсам болобу? - деди Мани Ясо күнү кечке жанында такай жүргөн генерал Пен Лиге.

 - Бизде баардык учурда «жолдош» деп айтылыш керек. Бирок иш жүзүндө ал дайым эле сактала бербей калган учурлар көп. Өзгөчө чет өлкөлүктөр тарабынан.

- Мен чет өлкөлүк эмесмин го. Бирок биз Тибетте өзүбүздүн адамга «жолдош» деп көнгөн эмеспиз. Далай ламаны болсо дайыма «улуу урматтуу» дейбиз.

- Оо, силердин Далай лама тимеле жер үстүндөгү улуунун улуусу, урматтуунун урматтуусу да! - деп генерал катуу күлүп калды эле калгандары ага дуу кошулушту.

Мани Ясо болсо адатынча ууртунан жылмайып тим баса берди. Дегеле анын «Улуу урматтуу Далай ламасына» Пекинде анчалык сый мамиле жок экенин ал быякка келген биринчи күндөн баштап эле угуп да, көрүп да келатат. Анын себеби эмне экенин да Мани Ясо байкап отуруп терең түшүнгөн.

17.01.2026

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.