Казат Акматов: Архат
ОН СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ
***
Пекиндин кичи аэропортунун жүргүнчүлөр залдары, адаттагындай кымкуут, эл көп. Мани Ясону Лхасадан бери самолётто коштоп келген эки адамдын бири сыягы ушул Пекиндик офицер окшоду. Анткени, автоунаадан түшөөр замат ал адаттагыдай эле бири нары, бири бери карап сөйлөшүмүш болуп турган Кытай коопсуздук кызматынын жоопкерлерине жетип барып досторчо саламдашты да алар менен бирге Мани Ясону утурлашты.
- Пекинге куш келипсиз, жолдош Лама Ясо!
- Менин ысмым Хан Ли, - деди боз жашыл кителчен чыкчырылган арык офицер, тоскон мейманын өзгөчө бир шек алуу менен үңүлө карап.
- Мани Ясо.
Төртөө кол алышып бүтөөр менен жеңил машина буларды алып учуп жөнөдү. Эки чекесинде велосипедчендер Пекиндин чуурган кенен көчөлөрү, туш тараптын бардыгы соройгон крандар жүрүп жаткан жаңы курулуштардын белгилери.
- Пекинге биринчи келишиңизби, жолдош Мани Ясо?
- Биринчи келишим.
- Шаарыбыз моминтип түп тамырынан жаңырып атат.
Кытай офицерлери борбор шаары Пекин менен сыймыктанаарын жашырышкан жок. Дагы бирдаар жүргөн соң машина обологон бийик имарат алдына келип токтоп, жүргүнчүлөр баардыгы чогуу лифт менен жогорку кабаттардын бирине чыгышты.
- Пекинге куш келипсиз, жолдош Лама Ясо, - деди каалгасында аты-жөнү жазылбаган, 3943/27 номерлүү кабинеттин ээси, далысы бүкүрүнө тарткан узун бойлуу кашка баш киши. Анын көз карашы да берки, тосуп алгандардыкына окшош-шектүү, кытмыр, кызыкдар.
- Таанышып коёлу, менин ысмым Хуан Цзе.
- Мани Ясо.
- Ыйык Миларепа, же болбосо Лама Ясо десеңиз тагыраак болоор.
Мани Ясо жылмайып унчуккан жок.
- Сиз менен ханзу тилинде сүйлөшүүгө куштарбыз, жолдош Лама Ясо. Биздеги маалыматка караганда пекин диалектинде таза сүйлөйт экенсиз.
- Он жыл окудук. Аздык кылып атат.
- Ханзу тилин жер үстүндө эки миллиардка жакын адам колдонот. Англис тилинде сүйлөгөндөр андан эки эсе аз, – деди Хуан Цзе ортолору ачык сары тиштерин көрсөтө күлүп. Өзүн кабыл алып жаткан биринчи адамдын мээр нурун даана көрүп, анын ичиндеги ойлорун Мани Ясо дээрлик окуп отурду, бирок таптакыр сыр билгизбеди. Ошого жараша Хуан Цзе да жүзүн андан ала качпады, ички сырын жашырайын деп аракет кылган да жок. Мани Ясонун божомолунда аны менен жолуга турган пекиндиктердин баардыгы Тибеттин Далай ламасынан «жүзүңөрдү жашыргыла» деген сыяктуу нечен кеңештерди алган болуу керек. Ага карабай мырза Хуан ачыкайрым, түздөн-түз баарлашып отурду.
-Пекиндеги бир жумалык иш сапарыңыздын графиги менен таанышып алсаңыз болот, - деп бир топко маектешкенден кийин мырза Хуан Мани Ясонун алдына компьютерге терилген текст таштады.
Графикте мурда белгилүү болгондой төрт киши менен жолугушуу көрсөтүлгөн. Бирок төртөө тең Далай лама айткандай Кытай жетекчилигинин өкүлдөрү эмес сыяктанат.
Мани Ясо кагазды кайра сунуп жатканда «Булар ким деген адамдар?» деп мырза Хуандан сурап койду.
- Сизден жашырууга болбойт - булар биздин мамлекеттик саясатка өтө керектүү адамдар, урматтуу Лама Ясо.
- Шпиондор турбайбы, – деди Мани Ясо капыстан.
- Кечиресиз, урматтуу Лама Ясо. Кытай сыяктуу зор мамлекетти коргоо иши, андан да бир жарым миллиард элдин бейпилдигин сактоо иши өтө чоң жоопкерчиликти талап кылат эмеспи. Сизден жардам сурайбыз. Жашырганда эмне. «Сен адегенде көрсөтсөн өзүңдү эмнеге жарайсың?» деген ойду мырза Хуан ичинде жашырып турганын көргөн соң Мани Ясо үнсүз жылмайды да башын саал ийкеди.
Демек, Пекин али ишенбейт Миларепанын кайра жаралган түгөйүнө. Пекин адегенде жигитти сынап көрмөкчү болгон. Сынаганда да пайда чыкчу жагын көздөп, дароо эле Кытай коопсуздук комитети тарабынан сынамак болушкан. Сыноодон өтсө анда жетекчилери жолугат, өтпөсө жок.
- Менин да сиздерге айтаар сунуштарым бар. Аны иш сапардын артында сүйлөшөлү
- Албетте, сөзсүз.
- А азыр болсо бир өтүнүч, урматтуу мырза Хуан. Сиздердин убактылуу абакта Тибеттик эки адам камалып жатат. Бири монах Соржу, экинчиси монах Дей. Алар мага жардам бергендиги үчүн чегарачылар тарабынан кармалган. Эгер мени күнөөлөгө сиздерде негиз жок болсо, анда ал экөөнү бошотууга туура келет.