Казат Акматов: Архат

Он төртүнчү бөлүм

Казат Акматов: Архат

ОН ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ

_____________________________________________________________

 

Селенг кыз төшөктөн турбай жатып калды. Үн жок, сөз жок, жалдырап шыпты тиктейт. Жарым айдын ичинде ансыз да эти толо элек жаш неменин шалдырап эле сөөгү калды. Догдурлар, мен деген табыптар, мыкты ламалар улам бири келип өспүрүмдүн тамырын кармап унчукпай баштарын чайкайт, ийин куушурушат. Кыздын ден соолугу жайында эле көрүнөт, бирок бири да аны төшөктөн тургуза албады. Күн өткөн сайын бетинин нуру өчүп, көз жашы тыйылбайт. Үй кызматын жасаган аял Селенгдин суу болгон жаздыгын улам алмаштыра берип суй жыгылчудай.

Кызынын бул ахвалы, ансыз да ишинде жолу болбой аткан Далай ламаны кайгыга батырды. Канайым болсо кызы Селенгдин бөлмөсүнө кирген сайын ыйлап чыгат. Бүгүн да ошентти. Берилген тамакка Селенг кашык тийгизбептир. Кызынын башын көтөрүп, ананас ширесинен бир ууртап койчу деп жалынса анысы баш чайкап, идишти түртүп болбой койду.

- Ушул балакет сүрөттү деги алып коё турайынчы! – деди канайым кызынын маңдайында, дубалга илинип турган Селенг менен Мани Ясо экөөнүн чогуу түшкөн сүрөтүн илмегинен чыгарып алып.

 -Алба! - деди кызы солуктап.

- Алба! - Сен айыккыча ала турайынчы, каралдым.

- Алба!, - деди кызы көз жашын мөлтүлдөтүп, эриндерин титиретип. Канайым сүрөттү кайра ордуна илип коюшка аргасыз болду.

- Атам келсинчи, – деди саамдан кийин Селенг алсыз үн менен кыңылдап.

Далай-лама ансыз да түшкү тамагына келаткан болчу. Күндөгүсүндөй эле ашканага токтолбой өтүп кызына кирди.

-Деги бирдеме сүйлөчү кызым. Апаң экөөбүз таптакыр уктабай калдык.

 - Сиз Мани Ясону издетпей атасыз! — деди ошондо кызы капыстан атасын күнөөлөп.

- Издетип атам, кызым. Чегараны бүт жаптырдым. Азыр Тибеттин бүткүл полицайлары, атүгүл солдаттары ошол жубарымбектин артында. Кечээ, мурдагы күнү эки баланы кармап келишиптир, экөө тең анча-мынча окшош экен, бирок Мани Ясо эмес.

- Ата, сиз издетпей атасыз! – деди Селенг жаздыктан өйдө боло калып, эки колу менен бетин басып калчылдап. Ошентти да, канайым кучактап калгыча болбой, ордунан сендиректеп тура кетти:

 -Өзүм издейм! – деди аңгыча кыз атасына бакырып. – Өзүм издейм! Сиздин полицайлар макоо! Дөдөй! Келесоо! Уктап атышат! Өзүм издейм! Мен билем аны кайдан табышты! Жыгыла жаздап темтеңдеген кыз кийине баштады эле энеси кийимин колунан талашып, жалына кетти.

 - Кой, каралдым, антпе. Ооруп жатып кантип издемек элең! Табылат ал бала. Кайда кетмек эле, табылбай! Далбастаган аял күйөөсүнө кыйкырды:

- Таптырбайсыңбы ал жер жутуп кеткен немени! Кызынын мынабул жоругуна таңыркаган Далай-лама болсо оозуна лам деп сөз келбей дудук болуп турду.

- Издетип атпаймбы! – деди акырында ал апасына ээ бербей жулунуп аткан кызын кошо кармалашып.

Акыры түбү атасы менен энесинин кызына алдары жетпей койду. Долуланып, тытынып, жулунуп атып кыз кийинди да сыртка чыга жөнөмөк болду.

 - Коё тур эми, полицай кошуп берейин. Чогуу издегиле! – деди айласы кеткен Далай - лама кыжырлана бакырып.

Ошентип, Тибеттин өкүмдарынын эрке кызы айнектери капкара, «Мерседес 600» менен Лхаса шаарын аралап чыкты. Селенг алдыңкы орунда, айдоочунун катарында, артында болсо Далай - ламанын жеке жансакчыларынан төртөө.

- Сенин тарбиялаган кызың! – деди Далай - лама кызы узап кетээр менен боюнун калчылдагын токтото албай аялына кыйкырып.

Канайым баардык учурга кадик болгон, чечкиндүү, амалкөй жан болгондуктан, күйөөсүнө тике карабай туруп жооп берди. Тике карабаса да күйөөсүнөн кем кыйкырган жок.

– Сүйүү деген ошондой оору! Болгондо да мээнин оорусу! Мен аны кантип айыктырат элем!? Тибеттин өкүмдары ошенткен аялына таңгала карап биртопко оозун ачалбай турду да, шарт бурулуп ишине кетип калды.

 «Шумдук!» деди ал иш бөлмөсүн көздөй кетип бараткан коридордо башын чайкап, «Шумурай шумдук!..»

 

***

 

Бу маалда Лхасанын Пекин аттуу машина көп жүргөн борбор көчөсүндө айдоочусу мас сыяктуу «Мерседес-600» автомашинасы эрежени орой бузуп, бирде онго, бирде солго чыгып, токтобой турган жерлерге чукул токтоп, арттагы жүргөндөрдүн кыжырына тийип кетип баратты. Жол полицайы аны токтотуп жазалаштын ордуна эки кадам артка чегинип, колун бооруна ала таазим кылып өткөрүп атты.

17.01.2026

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.