Казат Акматов: Архат

Он төртүнчү бөлүм

Казат Акматов: Архат

- Селенг канбийкеч, сиз антип айдоочуга жолтоо болбоңуз, кырсыкка учурайбыз! – деди акырында чыдабай кеткен жансакчылардын бири, айдоочуга улам бир буйрук берип келаткан Далай - ламанын кызына батынып.

 - Токтот! - деди ошол замат эсакылдан кетип албууттанган жаш кыз айдоочу га кыйкырып.

- Тигинекей Мани Ясо! Оң жакта кетип баратпайбы! Көрбөй атасыңарбы!

Чоочуп кеткен айдоочу дароо тормозду басты да оң жакты көздөй алды. Карашса чынында эле бир шыңга бойлуу монах жигит кетип бараткан экен. Кыз токтогон машинадан секирип түштү да жигиттин артынан жүгүрдү. Мындайды күтпөгөн жансакчылар шаша-буша машинадан ыргышып, бирок баары бир кызга жеталбай артта. Кыз бейтаанышка жүгүрүп жете бергенде ал жигит чочугандай артына кылчая калды эле таптакыр Мани Ясо эмес экен. Селенг башка чапкандай тык токтоду да ызасына чыдабай ыйлап жиберди.

- Сизге эмне керек, айым? - деп бейтааныш жигит кызга жакындагыча жансакчылар жетип барышты да ортолорун бөлүп, кызды артка алып жөнөштү.

- Эй, тийбегиле! - деди бейтааныш жигит капыстан жолуккан сулуу кыздан кол жуугусу келбей титиреңдеп. Ошентсе жансакчынын бири этегин ачып туруп тигиге тапанчасын көрсөтүп койду. Ызалуу жылмайган жигит башын чайкап кала берди. Андан ары Селенг Мани Ясону эми жөө чуркап издейм деп жанындагыларды кыйнай баштады. Жөө издөө мүмкүн эмес эле. Көчөдө эл, анын үстүнө жаандан кийин тротуарларда көлчүктөр көп. Андай жолдордо жөө жүрүш үчүн адам абдан тажрыйбалуу болуш керек, а, Селенгде болсо ал караманча жок болчу.

 - Жөө киши шаардан издегенин таба албайт, – деди жансакчылардын бири аяр сүйлөп,

Дал ошол тушта чөнтөк телефон менен Селенгдин апасы чалып калды.

- Кызым, - деди канайым ый аралаш каргылданып, – үйгө кайрылып тез келчи кызым, Ясону антип көчөдөн издеп табалбайсың Эгер ал көчөдө жүргөн болсо полиция небак кармап келмек.

- Полиция дөдөй, кеңкелес, акмак! Алар эч качан табалбайт! Мен өзүм табам!

 - Кызым, каралдым...

Селенг телефонун өчүрүп салды да күтүлбөгөн жерден машинага отурууга макул болду.

-Мусулман мечитине айдагыла, ал ошол жакта! – деди андан соң айдоочуга буйрук берип.

 «Мастиф» деген мусулман мечити Жохан храмынын батыш ыптасында, эки кабат үйлөрдүн далдасында эле. Кире бериши дайыма суу сээп таза шыпырылган эски мечитте киши деле көп болчу эмес. Жума намаз күндөрү гана Лхасадагы исламчылар чогулуп келбесе, башка убакта бу мечит тынч. Ирегесинде бир кандек, анан каптал жүнү күйүп калган сары мышык.

- Мани Ясону көргөн жоксуңарбы?! Мына мындай, узун бойлуу, сулуу жигит! – деди Селенг алдын тоскон уйгур топучан молдокеге колун жаңсап.

- Иллаху илла иллалла! Мухаммади алла суллалла, Сизиң айым, кимди сурап атасыз? Ал адам муслимби же жокпу? - деди молдоке Селенгге көзүн аңтарып.

- Ал - Мани Ясо!

- Мухаммади алла суллалла! Андай момун пенде бул жакка келбеди, Ханум.

- Калп айтпа! Ал мечитте жашынып отурат! Ушундай сөздү уккан жаш молдо Селенгге болгон урматын дароо жоготту окшойт, карап турган жансакчылардын көзүнчө, тартынбай эле кыздын соорусунан сылап ыржактады:

 - Менам калп сүйлөбөйм, ханум. Ар качанда чын сүйлөйм. Мага ишенсеңиз дурус болот.

Жансакчылардын бири молдону нары жөөлөп кыздан алыстатты да Селенгге мындай деди:

- Сиз машинага отуруп туруңуз, мен мечиттин ичин карап чыгайын.

- Жок, мен өзүм карайм! Селенг мечитке кирмекчи болгондо молдоке шыпылдап алдыга түшө турган болду эле, жансакчы аны кирбейсиң деп чыканактан тартты да сыртка калтырды....

«Мастифтен» кийин Мани Ясону издегендер Селенгдин буйругу менен Жохан храмын көздөй салышты. Нечен миндеген адам окуп жашаган эбегейсиз храмдын коридорлорун аралап жүрүүнүн өзү акылга сыйбаган иш болгондуктан, кызды кантип токтотуштун амалын билбей жансакчылар катуу бейпайда эле:

- Храмдын башкы сакчысына жолугалы. Ал буердеги ар бир чычкандын уюгуна дейре билет, – деди жансакчылардын бири туюктан амал таап. Акыры Селенгди ошого көндүрүштү да Мани Ясо он жыл ашуун билим алган атактуу Жохан храмынын баш сакчысы, калдайган кара мурутчан полицайга жолугушту.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.