Казат Акматов: Архат
Он төртүнчү бөлүм
Мейд кыз акыры жаны ачыды окшойт, Селенгге тете кыйкыра баштады. Ызычуу күчөп баратат. Жансакчылар чогулган элди тарата албай убара болушууда. Бир эле көргөндөр чатак салып аткан Селенгдин ким экенин жазбай боолгошуп, ошол себептен полицайлар артка түртсө да болбой кызыкка батышууда. Акырында эки кыз чапчыша түштү. Бою тигинден кыска экенине карабай Селенг мейд кызды секирип барып чачтан, беттен алганы жүрөт.
- Түкүрдүм сенин Мани Ясоңо келесоо, жинди! Кереги жок аныңдын мага! - деп мейд кыз ачуусу менен оозуна келгенин айтып артына качат, Селенг болсо анын көйнөгүнө, жакасына жабышат.
Ошол тушта мейманкананын кызмат киймин кий ген, узун бойлуу болук аял нарыдан басып-келди да эки кызды эки жакка түртмөк болду эле Селенг ого бетер күчөп, тиги кыздын төш көйнөгүн эмчек тарткычы менен кошо жулуп, эчкимге ээ-жаа бербей мейманкананы бүтүндөй ызы-чууга толтурду.
- Кармабайсыңарбы бул бейбашты! - деди аңгыча эки кыздын ортосундагы узун бойлуу аял Селенгдин жансакчыларына кыйкырып. Ошондо ооздорун ачып, төшү жылаңач калган кызды карап жалдырап турган кара кийим полицайлардын бири шашкандан Селенгди артынан келип кучактай калды. Сырттан караганда бул көрүнүш бир ажайып эле
- Тибеттин улуу даражалуу бийлик башынын он беш жашар эрке кызы ак балыктай туйлап, чаңырып капкара медузанын кучагынан чыга албай жулунуп атты....
Ошол эле күнү кечинде Ордосарайдын дарыгер-ламалары кызды гипноз менен зорго араң жоошутушуп, Пекин шаарына, Кытайдын борбордук психикалык клиникасына тезинен алып жөнөштү.