ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
НАСЫЯТ
Байыркы доордо, дүйнөлүк маданияттын кербен жолунан алыста, обочодо, айрыкча тарыхый шарттар менен, өзүнчө бир аймак менен чектелген кырдаалда жаралган бул эпос бизге эмнеси менен, кандай асыл заты менен баалуу? Ириде айтылуучу сөз мындай: эпостун эң негизги идеясы, анын бүткүл “кан тамырын” аралап өткөн идея адамзаттын жаралышынан бери адамды аздырып-тоздуруп, кубантып-сүйүнтүп, издентип, улам алдыңкы максаттарга умтултуп, адам чаалыгып-чарчап баратканда ага канат байлап, күч берип, дем берип келген өлбөс, карыбас идея. Эпостун бүткүл көркөмдүк түзүлүшү, пафосу эң негизги бир идеяны баштан-аяк улап, өөрчүтүп-өнүктүрүп отурат, ал эркиндик идеясы, көз каранды эместиктин идеясы. “Манас” эпосунун өлбөс-өчпөстүгү, түбөлүктүүлүгү, дүйнөлүк баа жеткис маданий эстеликтердин катарынан орун алышы да дал ушул идеялык-эстетикалык касиетине байланыштуу.
“Кыргыз туусу” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 17.04.2009-ж.
* * *
Ар түрдүү тарыхый кырдаалдарга ылайык эпостун көркөмдүк турпатына, кала берсе, идеялык түзүлүшүнө ар түрдүү катмарлануулар болбой коюшу мүмкүн эмес. Бүгүнкү окуучу, дүйнөлүк классика, дүйнөлүк фольклор менен кабары бар окуучу, аны оңой эле сезет. Катмарлануунун өзү да эпостук касиет. Мындагы эң маанилүү башкы маселе – “Манас” эпосунун түпкү нукура идеясы миң жылдар бою ар түрдүү тоскоолдуктарга, кысымдарга учураганына карабастан, өзүнүн наркын коротпой биздин улуу заманга жеткенинде. Бул – эпостун майтарылгыс күчү.
“Манас” эпосу – бийик гуманизмге сугарылган эпос.
* * *
Адабиятка киши эптеп-септеп жазармын деп келбейт. Сөзсүз жаңылык киргизем, мурункулардын традициясын улап, алардын жетишкендиктерине таянып, алардан бийигирээк чыгармачылык тепкичке жетем деп, чоң максатты көздөп келет. Демек, ар ким өз мүмкүнчүлүгүн кем санабай, бардык күчүн искусствонун чокуларына жетүү үчүн жумшоого милдеттүү. Болбосо, адабиятта убара болуунун зарылдыгы жок. Ар бир жаш талант чоң художник болууну көздөбөсө адабият өнүкпөйт.
* * *
Чыныгы көркөм чыгарма деген чек билбей, түрдүү кишилерди, түрдүү улуттарды суктандырыш керек.
* * *
Окуган чыгарманын көркөм искусство, же искусство эмес экенин, китептин начар, же жакшы экенин айрый билмейинче жазуучу болуу өтө кыйын.
* * *
Качан гана адабияттын ички курулуш маселелерин, образдуу көркөм сөздүн жана куру кооз, жугуму жок сөздүн, чыгармада сүрөттөлгөн чыныгы сулуулукту жана жасалма сулуулукту тааный билгенимден тартып, сын көз менен карай баштагандан тартып, өз ишиме да башкача карай баштадым. Адабиятты тааный билүү адамга дароо эле келе койбойт. Аны үчүн адам көп окуп, көп иштеп, дүйнөлүк искусстводон бир катар кабардар болуу зарыл. Мындайча айтканда, жазуучу өзүнө адабий табит иштеп чыгуусу – башкы шарт. Табит дегенибиз – ал адамдын ички маданияты, ички сезими, ички түшүнүгү.
* * *
Талант деген – адамдагы кандайдыр бир ички мүмкүнчүлүк. Ал эми мүмкүнчүлүк иш жүзүнө ашуу үчүн ага шарт керек. Жазуучунун ички мүмкүнчүлүгү, таланты дейли, чоң маданияты болбосо, өз заманындагы искусствонун алдыңкы жемиштеринен оозанбаса иш жүзүнө ашпайт. Жаш жазуучунун талантына керектүү шарт кайсы дегенде – маданият жана талыкпаган эмгек, эмгек жана маданиятка талыкпастан кызыгуу. Жазуучуну атайылап окутуу кыйын. Жазуучу өзүнө-өзү мугалим болууга аракеттениш керек. Аны үчүн турмуштан дайым сабак алуу, турмуштан окуу – чыгармачылыктын закону деп түшүнөлү.
Экинчиден, көркөм искусстводон үйрөнүү – ал да ыйык милдет. Ар бир окуган китеп, көргөн фильм, же болбосо пьеса, ар бир чыгарма жазуучунун сын көзүнөн өтүп, ички талкуусуна түшүп, терең анализден чыгып, ага сабак болуш керек. Жакшы жазылган китептен жакшы жазуучу кандайча үйрөнсө, жаман китепти окуп, андайча жазбоону билип коюшу пайдалуу.
* * *
Жазуучунун бир күнү текке кеткени – чоң жоготуу.
* * *
Эгер китеп өзүн окуп жаткан окуучунун акыл-эсин, уятын, намысын козгоп, анын жүрөгүн турмуштагы эң эле адам жийиркенерлик булганч, ыплас нерселерди көрсөтүү менен, же тескерисинче, тазалыктын, сулуулуктун жана улуулуктун картиналары менен титиретип, аны өзүнө жана өзүн курчап турган айлана-чөйрөгө тереңирээк кароого аргасыздантып, биротоло өзүнүн таасирине багындырып алса, биз муну искусствонун күчү дейбиз.