Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

— Көзүңдү ач, Билл. Сизге эмне болду?

Эмне дейсиз? — кайталап сурады Мартин.

— Жөн эле, эч нерсе деле эмес анчалык, — деди каракөз кыз башын чайкап, — мен жөн гана ойлодум эле... 

— Эмнени?

— Эгерде сиз мобул курбума да жигит таап берсеңиз жакшы болмок, — деди ал жолдош кызын көрсөтүп, — анда биз төртөөбүз бир жерге барып кофе ичип, балмуздак жеп отурмакпыз.

Ал күтүлбөгөн жерден көңүлү айный түшкөнүн сезди. Себеби Руфтан кийин кайрадан буларга кайтыш ага өтө эле орой көрүндү. Бул кыздын жалооруган көздөрү менен катар Мартин тазалыктын кол жеткис бийиктигинен өзүн карап турган Руфтун нур чачыраган туптунук көздөрүн көрүп тургансыды. Өзүндө кандайдыр бир улуу күчтү сезгендей болду. Ал мунун баарынан жогору турат. Жашоо ал үчүн жигиттер менен балмуздактан башканы ойлобогон мына бул кыздарга караганда алда канча маанилүү. Ал буга чейин деле кыялында таптакыр өзгөчө жашоо менен жашаганын эстеди. Кээде бул кыялдарын башкаларга да айтып бөлүшкүсү келчү, бирок алиге чейин муну түшүнө турган  бир да аял, анан калса, эркек деле чыкпады. Оюнда жүргөнүн башкаларга айтса, аны баары келесоодой карашар эле. Ооба десең, эгерде анын оюна башкалардын акылы жетпесе, демек, бул анын алардан жогору турганы эмеспи. Ал кайра бир зор күчтү сезип, муштумдары түйүлдү. Эгерде жашоо ага кандайдыр бир зор нерсе болсо, демек, ал да жашоодон чоң нерсени үмүт эткенге акысы бар, бирок аны бул жерде мобул адамдардын жанында эмес, башка жерде талап кылмакчы. Мына бул ойноктогон кара көздөр ага эч нерсе бере албайт. Анткени аларда эмне кыялдар жатканын Мартин билет — балмуздак, балким, дагы бир башка нерсе бардыр. Ал эми Руфтун нур чачыраган каректери болсо, ал умтулган нерселердин баарын — китептерди, картиналарды, сулуулук менен бейпилдикти, руху бийик жана кылдат жашоону, андан да чексиз көп нерселерди убада кылып турду. Мына бул кара көздөрдө ага эчактан тааныш ой жоруму жүрүп жатты. Бул сааттын механизми сыяктуу эле, Мартин анын ар бир бурамачасына дейре байкап тура алмак. Бул көздөр аны акыр түбү үңүрөйгөн көр күтүп турган беймаани, ыплас жыргалга чакырып турду. Ал эми Руфтун нур чачыраган каректери болсо аны эзели ачып болгус сырларды баамдап билгенге, түбөлүк жашоонун кереметине чакырып тургандай эле.  Бул каректерде кыздын жан дүйнөсү, анан өзүнүн да жан дүйнөсү чагылышып турганын көрчү.

— Бирок бүгүнкү программада бир катачылык бар, — деди ал эки кызга үнүн бийик чыгарып, — менин бүгүн колум бош эмес.

Кыздардын жүздөрү сумсая түштү.

— Оорубаткан досуңузду көргөнү барам демекчисизби? — каракөз кыз какшыктап калды.

Жок, эмнеге... —  ал мукактана түштү, — бир кыз менен жолугушмак элем.

Алдап аткан жоксузбу? — кыз кескин сурады.

Мартин анын көздөрүнө тигилип туруп жооп берди:

Чын айтам. Бирок биз башка бир күнү жолугушарбыз. Сиздин атыңыз ким? Каерде турасыз?

— Менин атым Лиззи, — деди анын колун бекем кыскан кыз бүткүл денеси менен ага ыктап, — Лиззи Конолли. Базардын маңдайындагы Бешинчи көчөдө жашайм.

Алар дагы беш мүнөттөй аны муну сүйлөшүп туруп калышты. Мартин түз эле үйүнө кайткысы келбей турду. Анан өзүнө тааныш баягы бакка жетип, Руфтун терезесинин тушундагы көнгөн ордуна турду да жүрөгү өрөпкүй шыбырады:

— Руфь, менин жолугуша турганым сиз. Мага башка менен жолугушуунун кереги жок.

VII ГЛАВА

Мартин Руфь менен таанышкан күндөн бери бир жума өттү, бирок ал алиге кызга барганга даабай жатты. Кээде мына азыр эле барам деп эрдемсип кетип, бирок күдүк ойлорго жеңдире кайра токтоп калчу. Жолугушууну канча мөөнөт өткөндөн кийин кайталаса туура болорун ал билчү эмес, ага муну айткан да киши жок эле, ошондуктан катуу бир катачылык кетирип аламбы деп коркуп жүрү. Мартин эски досторунун баарынан четтеп, баштагы адаттарын баарын таштады, бирок жаңы достору али жок эле, ошондуктан китеп окугандан башка менен иши болбой калды. Окуганда да жата калып окуду, башка жөнөкөй адамдын көздөрү мынчалык ашыкча күч келтиргенге чыдамак эмес. Бирок анын көздөрү да, саламаттыгы да мыкты эле. Мындан тышкары, ал ушул кезге дейре китепке таандык абстракттуу ойлордон четте жашагандыктан, анын мээси али кол тие элек дың жердей, үрөн сепкенге табылгыс жагымдуу кыртыштай эле. Ал илим менен алпурушуп чарчаган эмес, ошондуктан китептеги даанышмандыкка өзүнүн бекем чеңгели менен чып жабышты да калды.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.