Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

— Менин саламаттыгым эч качан азыркыдай мыкты болгон эмес. Салмак кошуп толуп да алганмын.

— Мен сиздин дениңиз оору деп жаткан жерим жок, мээңизди айтып атам. Башыңыз ордунда эмес! Жадагалса, мен көрүп турам го! А мен киммин!

Мартин ойлуу бараткан калыбынан жазган жок.

— Мен мунун тезирээк өтүп кетишин каалайм! — деди күтүлбөгөн жерден Лиззи. — Сиз эч качан аялдарга кош көңүл мамиле кылууга тийиш эмессиз... Жанагыдай карап атышса, андан бетер. Бул табигый көрүнүш эмес. Сиз кичинекей бала эмессиз да. Чын айтам, эгер сизди жандандыра турган аял табылса, мен абдан кубанмакмын.

Лиззини узатып коюп Мартин «Метрополго» кайтып келди.

Жумшак креслого ныгырыла отурду да эч нерсе ойлобой, кыймылсыз бир чекитти мелитрей тиктеп отуруп калды. Кез-кезде гана көз алдына эчаккы өткөн күндөрдүн бүдөмүк караандары тартыла калып, кайра жок болуп кетип жатты. Чаташкан түш сыяктуу сезилген бул элестерге кайдыгер гана карап коюп отурат. Бирок ал уктаган жок. Бир кезде көзүн ача коюп, саатына караса, туптуура сегиз болуптур. Кылаарга башка иши жок болгон соң, жатыш керек деди, бирок жатканга али эрте. Кайрадан үргүлөгөн кыялдарга чөмүлүп, көз алдынан бүдөмүктөгөн элестер жипке тизилген шурудай чубурду. Бул көрүнүштөрдө кызыга турган деле эч нерсе жок эле. Бир гана арасынан күндүн нуру шоолаланган калың жалбырактардын элеси кайра-кайра кайталана берди.

Ошентип отура бермекпи, күтпөгөн жерден эшик тыкылдап, Мартин эсине келе түштү. Уктабай отургандыктан, бул дабыштан улам көз алдына телеграмма, каттар, кир жуугучканадан шейшеп алып келген кызматчы элестеп кетти. Джону эстей койду, ал кайда жүрөт болду экен деп өзүнөн сурап атып, кыйкырды:

— Кире бериңиз!

Джо жөнүндө ойлоп кеткен Мартин эшикти карап да койгон жок. Эшик акырын ачылды, бирок Мартин анын тыкылдаганын эчак унутуп коюп, көз алдынан кайра эле чубашкан жанагы көрүнүштөрдү карап отура берди. Аңгыча эшик жактан аялдын ыйлаган үнү угула түштү. Мартин шак тура калды.

— Руфь! — таң кала түшүп кыйкырып жиберди ал, чочуп да кетти.

Анын жүзү убайым тартып купкуу эле. Бир колу менен эшиктин туткасын кармап, экинчи колун көкүрөгүнө кысып туруптур. Анан күтүлбөгөн жерден  эки колун созуп, жалбаргандай түр менен Мартинге карай умтулду. Мартин аны креслого отургузуп жатып, байкаса, колдору тимеле таш. Өзүнө башка креслону жылдыра коюп, кырына көчүк басты. Ойлору куюндап, сапырыла түшкөндүктөн, эмне деп сүйлөөрүн билбей турду. Руфь экөөнүн махабатын Мартин эчак эле жүрөгүнө көөмп салган болчу. Эми минтип капылет жолугушууда өзүн ушул «Метрополь» мейманканасынын ордуна азыр «Кайнар Булактагы» кир жуугучкана пайда боло калгандай, бирөө келип бир жумага кир жууп тур деп сунуштап аткандай сезип турду. Бир нече жолу сөз баштоого аракет кылды, бирок чыгынган жок.

— Менин бул жерде экенимди бир жан билбейт, — деди акырын Руфь жалынычтуу жылмая.

— Эмне дедиңиз? — сурады Мартин.  Өз үнүнө өзү таң калды.

Руфь сөздөрүн кайталады.

— О! — Мартиндин оозунан болгону ушул сөз чыкты.

— Мен сизди мейманканага кирип кеткениңизди көрүп, бир аз күтүп турдум да артыңыздан кирдим.

О! — дагы кайталады ал.

Тили эч качан азыркыдай байланган эмес эле. Болгон ою башынан чыга качкандай болду. Тымтырс отурган барган сайын ыңгайсыз болуп баратканын ал сезип турду, бирок азыр башын кесип салса да сөздү эмнеден баштаарын билбей турду. Мындан көрө азыр чын эле «Кайнар булактагы» кир жуугучканада болуп калсачы, унчукпаган бойдон жеңин түрүнүп, ишке киришип кетмек.

Демек, бир аз күтө туруп анан кирдим деңизчи? — деди ал акыры.

Руфь кылыктана башын ийкеп, көкүрөгүндөгү шарфын чечти.

— Мен сизди көчөдөн адегенде жанагы кыз менен көрдүм...

— Ооба, — деди ал жөн гана, — мен аны кечки мектепке узатып баргам.

— Сиз мени көргөнүңүзгө кубанбай турасызбы? — сурады Руфь дагы ортого чөккөн тынчтыктан соң.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.