Жек Лондон
Мартин Иден
— Туй, ата! Ушундай да болот экен э!
Бурчта ары-бери баскандарды бакылап турган полицейский кайра-кайра ага шектүү карап, басыгынан матрос экенин байкады да:
— Тоюп алган экенсиң э эргул? — деп сурады.
Ойлору удургуган Мартин ошондо эсине келди. Ал табиятынан ички ийкемдиги, сырткы жагдайга бат ыкташа калчу жөндөмү менен айырмаланчу. Ошондуктан полицейдин үнүн угар замат, эсине келе түштү.
— Шумдугуң кур! — деди күлүп жиберип, — өзүм менен өзүм сүйлөшүп келе жатканымды билбей калган турбаймынбы.
— Дагы бир аздан соң ырдап да киресиң, — деди полицейский анын ахывалын байкап.
— Жо-ок, ырдабайм этпейм эле, андан көрө, ширеңкеңиз болсо бериңизчи, чылым жандырып алайын, анан трамвайга түшөм да үйдү көздөй кетем.
Ал чылымын күйгүзүп алып, полицейскийге түнкү күзөтүнүн бейпил болушун тилеп, андан ары жолун улады.
— Ушул эми сизге жагабы, ыя? — деди ал өзүнө-өзү булдуруктап, — бул кеңкелес мени мас деп ойлоду! — ал бырс күлдү да, ойлогону бул болду: «А мен чын эле кызуу турбайымбы; ургаачынын сулуулугуна мас болом деп түк ойлогон эмес элем».
Телеграф — авенюда ал Берклиге кетип бара жаткан трамвайга секирип түшүп алды. Вагондун ичи студенттик шаңдуу ырды созолонткон жаштарга жык толтура экен. Аларга кызыгуу менен карап баратат. Булар университеттин угуучулары боло турган. Алар да Руфь барчу лекцияларга катышып, Руфь чыккан чөйрөдөн чыгышкан, каалашса, аны менен качан болсо да таанышып, күндө амандашып көрүшө алат. Бирок, муну каалашпайт тура, алар Руфь менен аңгемелешүүнүн, ага суктана берилип, урматтап карап отургандын ордуна, минтип көрүнгөн жерде максатсыз каңгып жүргөндү артык санашканын көрүп, таңыркап да кетти. Анан назары кокусунан эрди калбык, жүлжүк көз бир студентке түшө калды. Эч бир түзүк ишке жарабас, суу мурун балакай деп ойлоду ал. Эгерде бул кемеде болсо коендой коркок, ыйлаак, анан да жеткен ушакчы болмок экен. Мартин өзүнүн бул мадыра баштан алда канча өйдө турганын ойлоп, ага абдан кубанып да алды. Анткени бул ой аны Руфка дагы жакындаткандай сезилип кетти. Эми өзүн ушул студенттер менен салыштырып кирди. Денеси таштай чың, чымыр булчуңдары ойноп турат, кааласа, булардын кимисин болбосун жалпайта чаап салат. Бирок, булардын баштары толтура билим, бул болсо аларга Руфь менен бир тилде сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк берет. Мартиндин көңүлүн чөгөргөн ой ушул болду. Бирок ал ошол замат мээ мага деле бекеринен берилген эместир деп ойлоду. Алар жеткенге мен деле жете алам. Ал чыныгы жашоо менен алпурушуп жүргөндө булар аны китептерден гана үйрөнө башташкан эмеспи. Анын деле башында билим толтура, бирок бул башкачараак билим. Кана, алардын кимиси парусту кере тартып, рулду башкара алат же вахтага тура алат? Ошол замат көз алдынан кадам сайын опурталга толгон, тобокелке салган тайманбастык менен бар –жокко бардаш кылган жашоосу чубуруп өттү. Машыгып жүргөн кезде баштан өткөргөн окуяларынын барысы эсине түштү. Бирок, андан дагы эле болсо уттурган жери жок. Качандыр бир кезде мобулардын ичинен да кимдир бирөөсү чыныгы турмуш менен бетме-бет кезигишер, ага да Мартин көргөндөрдүн баарын көрүүгө туура келер. Ошондой эле болсунчу. Ал көргөндү тигилер жонунан өткөрүп сезе баштаганда, Мартин жашоонун башка жагын китептерден үйрөнө баштайт.
Трамвай Окленд менен Берклинин ортосундагы курулуштар сейрек тилке жерден келе жатты. Мартин Иден трамвайдын эшигинин үстүндө «Хиггинботамдын чекене дүкөнү» деген жазуусу бадырайып турган үйдүн тушуна жетишин зарыгуу менен күтүп келатыры. Акыры трамвай үйгө тушма-туш боло бергенде, секирип түштү да, жакын келип алиги жазууга бир мүнөтчө кез жүгүртүп туруп калды. Жазуу андагыны окугандан тышкары да алда канча көп маани берип турду. Жадагалса, андагы тамгалардан да майдачыл текебердиктин, өзүмчүлдүктүн, боор ачыткан кунарсыздыктын илеби уруп тургансыйт. Ал эми Бернард Хиггинботам деген неме болсо Мартиндин эжесин алган жезде сөрөйү, ошондуктан анын сырын беш колундай жакшы билет. Мартин ачкычы менен эшикти ачып, үйдүн экинчи кабатына көтөрүлдү. Жездесинин жашаган жери ушул. Дүкөнчө ылдыйда турганы менен чириген жашылчалардын сасык жыты экинчи кабатка чейин саңырсып уруп турат. Ал караңгы оозгу үйдөн өтүп баратып, жайнаган жээндеринин бири жыйнабай унутуп койгон оюнчук арабага чалынып кетти да эшиктин каалгасына карс эте урунду. «Кессе кан чыкпас битир, — деп ойлоду ал жездесин, — мында жашаган адамдар чалынып жыгылып, мурдун талкалап албасын деп газга эки цент ашыгыраак төлөп коюуга да көзү кыйбайт».
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.