КӨЧКӨН САКТАНОВ

МАРКУМДАР ҮНҮ

КӨЧКӨН САКТАНОВ

 

БИРИНЧИ БӨЛҮМ

 

...Кeч күз эле. Очок боюнда ысык күлгө бутумду салып отургам. Жанарак эле төрөлгөн баласы өлүп, там үйдүн төр жагында апам төрөттөн кансырап жаткaн болучу. Онтогону ого бетер күчөп:

- Чыкчы, кагылайын... атаңды карачы!-деди.

Эшикке жүгүрүп чыгып, тегерете карап:

- Апа, атам көрүнбөйт,-дедим.

- Азыр эле чыкты эле го, кайда кетти экен? - Алсыз күрсүнүп, айласы кеткендей кайрадан шалдырап жатып калды. Аны аядым. Жанына жетип барып, башына отура калып:

- Апаке, эмне болду?-дедим.

Эмне дээрин билбей, мени тиктеп, бир саамга көздөрү мага жалдырай түштү. Алсыз колун жерден араң алып, төбөмдөн сыламак болуп, бирок сылай албады. Ошондо муун-жүүнү бошоп, тиштенген эриндери солк этип, кирпиктери нымдаша берди.

- Апа, эмне болду? Ыйлабачы!

- Атаңды карачы... Чакырчы.... Чуркачы, кагылайын!

Ушул учурда сырттан атам карпа-күрпө кирип келди. Көздөрү элейип, өңүндө нары мусаапырлык, нары коркуу бар. Апам баш көтөрүп:

- Келдиңби... кел, жаныма отурчу, - деди.  Абалымды көрүп турасың. Ахвал жаман... Мурунку балдарыбыз токтободу, а кийинкиси бу... өзү эле эмес, мени кошо ала жата турган болуп калды.

Атамдын көздөрү тереңинде чакчайып «бу эмнеси... мунуң кандай?» дегендей, мусапыр өңү ого бетер мусапырлана мени кара тутуп, жалт карап алды. Апам сөзүн улады.

- Сенден өтүнөрүм бу... Гапаралини кор кылба... Экөөбүздөн калган белек, тукум ушу гана. Менин же өзүңдүн туугандарыңа ишенип берип койбой, өзүң чоңойт...

Апам алсыз колундагы шакeги менен билеригин сууруп атама сунду.

 - Me.... көзүм өтөөрү менен эже-сиңдилерим алып кетиши мүмкүн, өзүңөр керектегиле...

Мына ушиитти да, бир милдет, бир карыздан кутулгансып, боюн түзөп, шалдырап жатып калды. Ушул учурда менин көзүмө апам бизден дароо алыстап бараткансыды, бирок кайда баратканы, кимге баратканы мага белгисиз эле. Өңү чөптөй кубарып, көздөрү тунарып кетти. Мен уясынан ыргыган сары ооз балапандай чырылдап талпындым.

- Апа-а-аа!

Aпама үнүм жетпеди, апам мени укпады. Ошентип, a-бу дегиче эле атам экөөбуз апамдан биротоло айрылып, бирибиз жесир, экинчибиз жетим калдык. Кечээ эле мени койнунда алып жаткан апам, эртеси эле өзү жердин койнунда, дөмпөйгөн топурак алдында калды. «Кызык? Бул эмнеси? Бу жашоо, бу дүйнө түбөлүк эмеспи? Бири-бирибизден бир күнү эле ушинтип биротоло ажырап калабызбы? Аттиң-ай, ошентебизби?”

Ошентип, ансыз эле кедей жашаган биз, апам өлгөндөн кийин ого бетер кедейлене, маанайыбыз өчүп, жүдөй түштүк. Апам тирүү кезинде кээде эптеп-септеп туугандарынан бир жээрлик тамак алып келип турчу. Анын үстүнө ошол жылы эл көк ичеги болуп ачарчылык эле, апам өлгөндөн кийин бизди ого бетер ачарчылык басты, бирок кимдин эмне болгонуна, кандай болгонуна карабай күн өтө берет тура. Арман-азабыбыз канча ашынган менен күндөр өтө берди. Көп узабай

эле атамдын таекелери ага бир жесир таап, экөөнү баш коштуруп койду. Ал жөн аял эмес, бакшы аял экен. Чакырган жерге барып, бакшылык кылат. Жини тараганда, төгөрөктөгөн элге төлгө ачат. Бир ирет бакшылыгы бүтүп, анан төгөрөктөгөн элдин ортосунда жини менен коштошуп жатып, минтип солуктаганы эсимде.

Э-э, азууларын арсайтып-а,

Э-э, ат өлүмү көп болот-a!

Э-э, муруттарын чычайтып-а,

Э-э, эр өлүмү көп болот-a!

Отургандардын кээлери “субухон-алла, субухон-алла!” дешсе, кээлери «Яа, айланайын, кудай, сактай көр пендеңди!» деп жака карманып, жаратканга тооба кылышат, бакшыга байгамбардай ишенишет. Өгөй энеме мен, мага өгөй энем боорун анча бербегени менен бакшылык кылып бизге тамак таап келиши аябай жагып жүрдү, а бирок атам анын бакшылыгын негедир намыс көрчү. Ушундан улам атам бир ирет:

- Сенин минтип, бакшылык кылып бизди бакканыңдын кереги жок. Мен сени менен жашай албайм! – деди.

Байкуш бакшы энемдин сабыры суз тартып, оозунан сөзү түшүп, унчукпай калды. Экөөнүн ортосундагы көп нерсеге түшүнбөдүм, түшүнө албайт да элем, түшүнүүнүн кереги да жок эле. Бирок, мени бир гана нерсе, «эми бизге ким тамак таап келет?» деген ой кыйнады. Анткени, мени ал кезде айрыкча алардын ортосундагы ымала эмес, эртели-кеч ишчү тамак көбүрөөк ойлонтчу.

20.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.