КӨЧКӨН САКТАНОВ
МАРКУМДАР ҮНҮ
Ошентип, атам аны өз төркүнүнө жеткирип келди. Кайрадан атам аялсыз, мен энесиз калдым. Өз энедей эмгек бербесе да, энелик мээрими бар эле да. Эртели-кеч очок боюнда отурган энелик карааны бар эле да. Аттиң... ушуну мен эмес, эмне үчүн атам түшүнбөйт, ыя?
- Ата, аны эмне үчүн кетирдиң? – дедим нары табы, нары кунары кете түшкөн очок боюнда отуруп.
- Э-э... -деди атам этегин күүнүп. — «Арзандын шорпосу татыбайт» деген ушул. Аял эле ушу болсо, экинчи үйлөнбөйм...
Ушул ушу болду, ушундан кийнн атам аял жөнүндө ооз ачпай калды. Нerедир ал, айрыкча апам өлгөндөн кийин тагдырына, көрүп аткан кунүмдүк турмушуна нааразы болуп, кайгысы жүзүнөн, айрыкча мени боор ооруй тиктеген көздөрүнөн көбүрөөк көрүнө баштачу болду.
Бир күнү кимдир бирөөнүн төөсү өлүп, сага эт апкелем деп, атам эртелеп ошоякка кетип, кечинде төөнүн этин алып келди. Жумасына эмес, а кезде айына этке бир тою биз үчүн чоң майрам эле. Кедей-кембагал колундагы төрт түлүгүн өзү өлгөндө же той-тамашада гана cойбосо, демейки жөн күндөрү сойчу эмес. Ошон үчүн, айрыкча бизге окшогон көк ичеги жетим-жесир үчүн ысык шорпо ичүү бу, өмүрүндөгү зор окуя катары сезилчу. Эрте менен ичкен чаңгыт аш ичимди жалап, ушундан улам, эски уядагы темир канат балапандай оозумду утуру ачып, атамды кечке зарыга күтүп отура берем. Бүгүн да ошентип отурдум. Атам кеч келди. Атама эттин чүйгүн жеринен бербей калган-катканын бериптир. «Кичине бала муну кайдан билсин?» дээрсиз. Энесиз жетим баарын билет. Этти жеп атсам арасында курт жүрүптүр. Дароо жийиркенип, оозумдагыны жерге түкүрдүм.
- Ата жебейм...
- Эмне болду?
- Арасында курт жүрөт...
Атам шалдырай тушту. Айласы куруп, мени алдамакка өттү.
- Курт эмес ал.. жей бер, балам...
- Жебейм!.. Эмне курттуу эт апкелесиң?!
Атам казан-аягын канча калдыратканы менен кечки тамагыма курттаган эттен башка эчтеме табылбады.
- Тазалап, сууга кайра кайнатып берейин, эптеп же эми.
- Жебейм!..
Атам мени жаактан ары тартып ийди. Анан кайра мени аяп, аябай капаланды. Бу дүйнө атама тар болуп турду. Жарык дүйнөдөгү жашоого тоюп кеткенсиди.
- О, кудай! Эгер бар болсон, эгер адилет болсон, эrep баарына тең болсон, бизди ушинтпес элең! Бизди ушинтип, алакчылап, кордобос элең! Кудай, сен жоксуң! Жоксуң! Болсоң минтпес элең, кудай!
Атам жинди болгонсуп, өкүрүп-бакырды. Коңшулар жетип келди.
- Э, Айти, сага эмне болду?
- Эмне болсун?!.. Кудай деп, кул болдум! Бирөөнүн акын жебедим, ушак сүйлөп, ууру кылбадым! Бирок, мага ал эмне жакшылык кылды?!
- Кой эми, кой...
- Эмнеге коём?! Мына, Атабай бай каныбызды сүлүктөй соруп, төрүбүздү тебелеп, бирибизге ак, экинчибизге кара сүйлөп, биздин бешене терибизден дүнүйө жыйнап отурат. Эгер кудай болсо, эгер эле ал адилет болсо, мени корлобой, мына ошол балта жутаар Атабайды корлор эле.
Атабай байдын Жаян аттуу көрөр көз аялы, кээде мени чакырып, калган-каткан кешик оокаттан бере койчу эле. Ушул окуядан кийин андай кешиктен да айрылдым. Азыр ойлосом, атамдын жаны кейигенде айткан жан кечти сөзү түз эле Атабай байдын өзүнө жеткен экен.
- Бу кара таман көз көрүнөө каапыр болуп кетиптир, - деген сөзүн бир ирет кешик аңдып барып угуп калдым.
- Э, бу Айти жинди болуп кетиптир! - деди экинчиси.
- Жинди эмес эле, каапыр болуп кетиптир, -деди дагы бирөө.
- Муну биерден жоготуш керек! - деди Атабай бай.
Ушундан кийин бизге эч ким жолобос болду, сүйлөшпөс болду. Кудайдын курутун катып, тузун уурдагансып, эл-жерден четтеп калдык. Апамдын өлгөнү бир азап болсо, бу бизге экинчи азап болду.
Бир күнү балдар менен ойноп атсам, кичине тагам жетип келип:
- Гапар!.. Жүр, кокуй.. Атабай байга каяша айтканы үчүн атаңы куйкалап атышат!- деп жетелеп жүгүрдү. Кичине тагамдын коргону Атабай байдын коргонунун жанында эле. Тагам:
- Сен дарбазанын тешигинен батасың, кирип барып, ыйлап-сыктабасаң атанды өлтүрүп коюшу мүмкүн! - деди.
Дарбазанын тешигинен октой атып чыгып, атамды көздөй жүгүрдүм. Атамдын эки колу менен эки бутун эки жакка керип, жалгыз дамбалчан калтырып, отко кактап атышыптыр. Жетип барып, атамды кармап турган алп далы кишиге асылдым.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.