КӨЧКӨН САКТАНОВ
МАРКУМДАР ҮНҮ
- Акелер! Айланайын, акелер! Атамды коё бергиле! Коё бергиле!
- Мени аябасаңар да, ушу баланы аягыла! – деди атам көзү чанагынан чыгып. Өңү алээттен кетип, оозу акактап, оттон качып, жаналекетке түшүп, туйлап атыптыр. Атабай бай те ыраакта табасы канып карап турат.
- О, кудайы жок кул! Кудайды аябаган сен, баланы аяйсыңбы!
А мен чырылдап жалынам.
- Аке... акелер дейм! Кое бергиле атамы! Акеле-еep!..
Ыйымды эч ким укпады. Кимдир бирөө зор чеңгели менен желкемден чапчып туруп, ыргытты эле аңкилдек атып барып, тешик дарбазанын жанына талп дей түштүм. Бир маалда эсиме келсем атам экөөбүз ошерде жатыптырбыз. Атамдын териси ылжырап күйүптүр. Ушундан кийин, башканы айтпайлы жакын туугандар да атамдан качып калышты. Ошондо ага бу дүйнө тар болуп, ого бетер ичи эңшерилди. Бир күнү атам аябай мүңкүрөп:
- Буерден кетебиз, уулум!
- Каякка?
- Жердин түбү эле Төлөйкөн дейсиңби, жер кеңири...
Керектуү буюмдарыбызды гана алып, ээрчишип жолго чыктык. Айылдын этегине келгенде атам:
- Кош, Төлөйкөн! - деп, колу менен тескери бата берди да, мени колумдан алып, жолго чыкты.
Жол... Төгөрек суз тартып, төбөдө кара булут самсыйт. А биз басчу жол нары узак, нары алыс сыяктанат. Же айыл кезикпейт, же жол арбыбайт. Келатабыз, келатабыз. Же адам учурабайт, же айыл кезикпейт, же жол арбыбайт.
- Ата, чарчадым...
Атам мени куржунунун бир көзүнө салып, ийинине илип алды. Куржундун экинчи көзүндө, атамдын усталык аспаптары, оромолго алтындай бек түйүлгөн биртке нан. Атамдын арткы ийининде термелип баратып, төгөрөктү арыта тиктейм. Төбөдө түнөргөн булут, төгөрөгүбуз такыр талаа, жолубуз али алыс болгону менен, мага ошол учурда ошо дүйнө, ошо өмур кандай
ыраат сезилгенин азыр айтып беруү кыйын. Кээде уйкусурап, кээде мулуңдап, атамдын желке чачын сылай эркелеп келем. А атам болсо, элиргенден эмес, эриккенден же чарчап-чаалыгып эзилгенден го, өзүнүн көңүлүн өзү кетөрөйүн дейби, көмөкөйүнөн өктөө айтып, ырдамыш болот.
... Аргымак аттын ээ азганы-а,
аркы да, терки-ов басканы-а,
Азамат эрдин ээ азганы- а,
көчкөндө же-өв басканы-а.
- Ата!
- А?
- Нан...
- Ошко жете баралы, уулум... нанды ошерде...
Атам кайра өктөө үн салат.
...Аргымак байлап ээ, не керек-а,
артынан кувгун-ов жеткен соң-а,
Агайын-тууган ээ, не керек-а,
аңдышып а кундө-ов өткөн соң-а.
- Э, Гапа!
- Име?
- Түшүп басасыңбы?
Шык этип ынабайм. Атам андан ары шылкыйып жолун улайт. Төбөдө кара булут, таманыбызда такыр талаа...
(Уландысы бар...)
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.