Күздөгү жаандар
Мар Байжиев
Аларды карап отуруп, бир кезде бул үй-бүлө ага чоочун болгонуна Айша ишенбейт. Медер өз уулундай, Бурул өз келининдей, Гүлнар менен Анар өз небересиндей көрүнөт. Ал эми өзүн болсо эч качан жалгыз баш жашабагандай, эч качан адамдардан оолактабай, ар дайым аларды сүйүп, дайыма бирге жүргөндөй сезет.
Мурда Айшага бул сыяктуу ойлор экинчи көч менен келер эле. Айрыкча уйкусуз узун түндөрдүн таңында, анык айтсак, жаңы башталган күндү эптеп баштан кечириш үчүн өзүн-өзү алдап, сооротуп, кайраттаныш үчүн ушундай ой-сезимге аргасыздан келе турган. Чынында аялдардын эрдиги башынан өткөн оор турмушка кайрат менен каршы туруп, кандай гана болбосун келечектен үмүт үзбөй, билек түрүп жашаган жерден башталып жүрбөсүн?
– Бул үй-бүлөнүн боосун мен бекитип, балдарына бактылуу күлкү бердим, – деп Айша-апа ичинен сыймыктанат.
***
Балакет каадасынча күтүлбөгөн күнү кирип келди…
Айша Медер менен Бурулдун сүйлөшпөй, тултуюшуп калганын байкады, кайсы бир болор-болбос майда-бараттан таарынышып калгандыр деп ойлоду. Кечинде Медер кызматынан өтө кеч кайтты. Айша эшикти ачканда арактын жыты бур деди. Медер кечирим сурагандай, күңк этип, бөлмөсүнө кирип кетти.
Кийинки күнү баягысы дагы кайталанды. Айша алардын мамилесине кийлигишпей, эрди-катын бир аздан соң өздөрү элдешер деген ой менен Кара– Балтадагы таанышыныкына кетип калды.
Бирок, Айша ойлогондой болбоду. Үйүнө кайтып келсе, столдун үстүндө төмөнкүдөй кат жатыптыр.
«Айша-апа, биз сизди келет деп күтсөк келбедиңиз. Биз Сибирге кеттик. Бир аз иштеп көбүрөөк акча-тыйын табалы, балким, ошондо бардык нерсе жайына келип калабы. Азырынча биздин квартирада Медердин иниси жашап турсун. Ал – студент. Кат жазып турабыз. Мээримиңизден айланайын Айша-апа, бизге кылган жакшылыгыңызды унутпайбыз!!!»
Кайраттуу жүргөн Айша бир заматта бөкчөйгөн кемпир болуп калды.. Ал түнү кирпик какпай, мурдагыдай чакыйып терезени тиктеп, ыйлап чыкты.
***
Үй ичи көрдөй жым-жырт. Жалгыздыктын боексуз боз күндөрү, учу-кыйры жок узун түндөрү башталды. Терезенин сыртында сары жалбырактар самсаалап, бириндеп-сериндеп жерге бутагынан ажырап түшүп, күз жай баракат жыла басып келе берди…
Майрамга чейин көп убакыт болсо да, ансыз да таптаза идиш-аяктарын бир нече жолу жууду, кир-коктун баарын машинага салып, үкөктөрдү, тактайларын сырдап, үйүн актады. Эми иштей турган жумушу да калган жоктой көрүнөт. Китеп окуса, көзү талыйт, адабий каармандардын ордуна, оюна такыр башкалар, Гүлнар менен Анар, анан дагы… дагы, мындан көп жылы мурда өмүрүндө биринчи жолу Айшаны чоң эне деп чакырган сары чачтуу ак жуумал кичинекей кыз элестейт…
Ал бир миң тогуз жүз кырк тогузунчу жылы болгон эле…
Эртең менен эшикти кимдир бирөө такылдатты. Айша терезеден эки караанды көрдү: бирөө – чоң, бирөө – кичинекей, февралдын суук күнү болчу. Кыроо тоңгон айнектен алардын жүздөрү көрүнбөйт.
– Бу ким?
– Биз! Эшикти ачыңызчы, – деди аялдын үнү орусча.
– Силер кимсиңер? – деди Айша орусча.
– Ачыңызчы, биз бир нерсе айтабыз.
– Эмнени айтасыңар? – деп чочулады Айша.
– Эркиндин энеси ушунда жашайбы?
– Ооба!
Башына эски тыбыт жоолук салынган жаш келин үч-төрт жашар кызды жетелеп үйгө кирди..
– Силер кимсиңер? – деди Айша алдын-ала.
– Бизби?.. Мына бул сиздин небереңиз, – деди аял, сары чачтуу кыздын башындагы жоолугун чечип.
– Кайсы неберем?
– Сиздин уулуңуздун кызы.
– Уулумдун? Анын курман болгону качан… ал…
Эки аял көпкө сүйлөшүп отурушту, ысык чай ичкен соң кыз уктап калды. Келиндин айтуусу боюнча кырк бешинчи жылы Эркиндин ротасы Украинанын кайсы бир хуторунда эки айча турган экен. Ошондо бул экөө жолугушуп, бири-бирин сүйүп калышыптыр, Эркин кетеринде энесинин адресин калтырып, кат жазып турам дептир, бирок жазбаптыр. Балким ал каты жоголуп кеттиби, же жазууга үлгүрбөй калдыбы. Кара кагазы Прагадан келбедиби… Бир нече айдан кийин согуш бүтүп, боюнда калган кызы төрөлүптүр…
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.