Күздөгү жаандар

Мар Байжиев

Күздөгү жаандар

Бирок, акыркы жылдары, айрыкча эми, пенсияга чыгып үйүндө жалгыз отуруп калганда, ар кандай ойлор, башынан өткөн, унутулуп калган окуялар айланып эсине келе берчү болду. Буга жаңы кошуналарынын мамилеси, негизинен боорукер, жакын адам болуп туруп, өзүн ошого ылайыктуу кармай албаган Медер, күйөөсүнө таарынып, нааразы болуп Айшага даттанган Бурул да бир топ себеп болду окшойт.

Бир жолу коңшусу Медер өтө кеч келди. Далайга дейре күпүлдөгөн үнү, анан ага Бурулдун чайылдаганы кошулуп, талкаланган идиштин шаңгыраганы угулду. Айша эртең менен турса, үй тым-тырс ашканада эч ким жок. «Бурул эртелеп кыздары менен бир жакка кеткен экен» – деп ойлоду. Бирок бир кезде «мамам сизди чакырып жатат», – деп Анар кирди.

Бурул чекесине жоолук байлап диванда ыйлап жатыптыр. Айша киргенде Бурул өпкө-өпкөсүнө батпай шолоктоп, мурдунун суусун, көзүнүн жашын этеги менен сүртүп, көпкө дейре басыла албады. Көздөрүнүн жашын кылгыртып кыздары, энесине абдан боор оорушуп, үн катпай жанында. Анары сүлгүнүн учун колуна ороп, Гүлнара көзүн алайтып, мурду-башы сынган куурчагын көкүрөгүнө кысып турат.

– Мындан ары минтип жашай албайм! – деп буркурады Бурул. Коңшу кемпир абалымды көрүп жалооруйт деди көрүнөт, бирок, Айша андайды жактырчу эмес.

– Көтөр башыңды! – деди Айша айбаттуу үн менен. – Дайыны жок далдыраба! Кайратыңды кетирбе!

Эки кыз тең Айшаны кучактап калышты.

– Анан кантем, Айша-апа? Айлам кетти, – деди Бурул. – Ал мени киши ордуна көрбөйт…

– Сенин жакшы кесибиң бар, иштегин, – деди Айша. – Көз каранды болбо.

– Балдарды ким карайт? – деди Бурул.

– Мен карайм, – деди Айша…

Ошо күндөн баштап Айшанын ой-санаасы эки кызга бурулду. Аларга жаңы жылга карата кандай көйнөк тигип, кандай тартипте тарбиялаш керек? «Биздин бала» деген китеп сатып келип, кечкисин аларга окуп берет да, өзүнө керектүү жерлерин көчүрүп алат. Азыр баланы тарбиялоо боюнча килейген китептер чыкпадыбы. Кыздар эртеден керээли кечке анын бөлмөсүнөн чыгышпайт, кээде жетелешип киного барышат, цирк көрүшөт… Бурул кийим тигүү фабрикасына – сырт кийим боюнча мастер болуп орношту.

Пенсиясын алганда Айша кыздарга эки жуптан ич көйнөк, кызыл жана көк тиш жуугуч щетка, жашыл жана сары секирип ойногуч сатып берди. Бул белектерди алганда Гулнар менен Анар апакелеп мойнуна асылды.

Дүйшөмбү күнү Бурул ишке кетип, кечинде келип, машинага көптөн бери отурбай сүрдөгөндүктөн бир өңүрдү тетири тигип салганын айтып берди. Буга ашканада отурган Айша да, кыздар да, Медер да күлүштү.

Эми Айша-апанын иши көбөйдү: базардан барып эт алат, сүттүн очиретине турат, даамдуу тамак бышырат, кыздарды ээрчитип парк­ка барат, ал жерде бир нече саат отуруп, жүндөн байпак согот, күндүн өтүп кеткенин байкабай да калат, кечинде чарчап жакшы уктайт. Эми баягыдай кирпик какпай, чакчайып терезени тиктеп жатчу түндөр жок болду. Ал жанагы эки кыздын келечеги жөнүндө көп ойлонот. Анарды – атактуу бийчи, Гүлнарды жазуучу болсо дейт. Буга Гүлнардын шыгы бар – ал жомокторду жана күлкүлүү окуяларды уйкалаштырып, куюлуштуруп, көбүн оюнан чыгарып, чындыктай айтып берет. Ал көп жашап, ушул эки кичинекейдин неберелеринин, чөбүрөлөрүнүн ким болгондугун көрүп, бул эки атактуу аялды өзүм тарбиялагам, демек, өмүрүм бекер өткөн жок деп сыймыктангысы келет.

Айша өткөн турмушун эске түшүрүп, тагдырына нааразы болбой, жүрөгүндө ага баш ийди. Анткени, турмуш улгайганда болсо да минтип ага көптөн бери күткөн эң жакшы, кандайдыр бир мээримдүү нерсени тартуулагандай болду. Өгөй болсо да эки кыз өз ичинен чыккан кара чечекей балдарындай сезилип калды.

Ал тургай үйү да терезесинен кара жапкычты алып салгансып, жап-жарык болуп калды: кечкисин балдардын коңгуроолуу күлкүсү чыгат, жекшемби күндөрүндө мурда музыка угууга ээлеринин чолоосу тийбегендиктен, тумчугуп турган магнитофон эртелеп ырдай баштайт.

Жумуштан кийин Медер үй-бүлөсү менен шаарга кино же цирк көрүүгө жөнөйт, Айша тамак бышырып үйдө калат. Түшкө жакын шайыр-шаттуу, курсактары ач кайтышат да, жаркырап-жайнап тамак ичишет. Гүлнар цирктеги шляпачан көз боочу томолок шарикти жутуп жиберип, анан анын ордуна тыйын түкүргөнүн айтып, торопойдун фокстрот бийлегенин туурап берет.

26.04.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.