ҮМҮТ КУЛТАЕВА:
КЫРГЫЗ ТАРЫХЫЙ РОМАНДАРЫНДАГЫ ТИПТҮҮЛҮК: ЭПИКАЛЫК САЛТ ЖАНА МОТИВДЕР
Хан көтөрүү аземи “Көчмөндөр кагылышында” өз деңгээлине жетпей калса, “Сынган кылычта” өтө салтанаттуу пафосто, не бир адатта жок драматизм менен көркөм чагылган.
Шералини хан көтөрүү аземи романда 12 бетти ээлейт. Бирок ал көлөм “Хан Ормондогудай” “жарыш сөздөрдөн эмес, драмага таандык кыймылдан турат. Окуянын жыштыгы жагынан чакан пьесага тете бул эпизоддо ритуалдар өтө шаңдуу жана салтанаттуу сүрөттөлөт. Тарыхый инсандардан: Шерали, Нүзүп, Мусулманкул, типтүү каарман Абилдин алгачкы кыймыл аракеттери дал ушул кырдаалда көрүнө башталат. Кандайдыр шаңдуу, адатта жок кырдаалдын көркөм чагылышында мезгилдин опурталдуулугу даана сезилет.
Жазуучу окуянын маанисин дагы баса белгилөө үчүн тарыхый инсан Нүзүптүн портретин мындайча сүрөттөйт: “Босогодогу жигиттер Нүзүп чатырдан чыгып келе жатканда кылычтарын бооруна алышып, кетенчиктеп, таазим кылып жол беришти. Нүзүп бенарестин кызыл кымкабын кийген, башында көк селде, көйкөлгөн кымкабынын ичинен ак камзолго селдесине бир өңдөш көк ботокур курчанган, ботокурда кынына каухар чөгөрүп алтын менен саймаланган бухаралык зергердин эң сулуу шамшары, бутунда тумшугу чукчуйган сары көн өтүк, көздөрү курч бычактын учундай. Бет алдындагы жашыл өзөндө уюктуу кумурскага окшоп, быкырап жаткан көп кошунду суюк сары сакалдуу эринин бек кымтып тиктеди. Эки жагында ызат кылышып, биртке арткараак турушкан, улуу-кичүү анын оозун карап чук этишпейт. Сөөлөтүндө бул жортуул оюн иш эмес экенин сезүү, өз кубатына ишенүү, тагдырга баш байлоонун кообу, ырахаты бар. Ал томсоргон жүзүн бир былк эттирбей, ойлонуп, азырынча бейпил жаткан көп кошунду башынан аягына кыдырата тиктеп турду.”(64-б.)
Жазуучу чебер тарткан роман кырдаалында тарыхый инсандын ички кудрети, рухий күчү даана сезилип, “уюктуу кумурскадай быкыраган көп кошун” кайра кайтпас жолго аттанган элдин духу, каарманга кызмат кылган жигиттердин кыймылы элестейт. Уюштуруу иштерин бир сыйра көзөмөлгө алгандан кийин гана ал буйрук берди:
— Анда алып чыккыла тигини! Тез! — деди, жүзүнө кубаныч кирди. — Курал! Туу! Болгула!
Бүт аалам Нүзүптүн оозун тиктеп калгандай психологиялык чыңалуу фонунда Шералини “…бир чыканагынан Кедейбай, бир чыканагынан кыпчак уругунун беги Мусулманкул сүйөп чыкты.” (65-б.)
Кернайдын үнүнө улуу тоолор жаңырып, атылган мылтык үнү бир шумдук окуядан алдын ала кабар бергендей абалда, адаттагыдай жайылган “ак кийизди тайпа бийлери тегеректеп” турганда, элдин көзү үстүнө кызыл төрбөлжүн жабылган, кара кирпик, кара жал ак боз бээге” түшкөндө, адатта жок күтүлбөгөн окуя чыга келет. Күтүлбөгөнү, бул жолу ак боз бээ эмес, кара баштуу адам баласы курмандыкка чалынмак болуп, кары улама курандан сүрө окуп кирди. Бала койдой мууздаларда, улуу тоолорду жаңырткан кернай үнүнөн өткүр ач чыңырык бүт кыймылды токтотту. Анткени бул ааламда теңдеши жок, баласы үчүн отко түшчүү эненин чыңырыгы болчу. Ансыз да канды көксөгөн кырдаал, дагы татаалданып, каармандын (Нүзүптүн) эркин, тагдырын, адамдык дареметин сынап турду. Нүзүптүн кыйын сапары башталбай жатып туңгуюкка кептелип, чыгарманын окуясы күтүлбөгөн чукул бурулуш жасайт. Же чыркыраган чоң эненин ыйына кулак салбай, атадан калган жалгыз туякты мууздоо керек же курмандык чалуу салтынан кечүү зарыл. Нүзүп жетим менен жесирди көрмөксөн болуу наркка туура келбесин жакшы билет. Ошондуктан “заардуу көздөрүн капталдата курмандыкты мойнуна алган ак сакалдарды жекире тиктеди” да, эч нерсе билмексен боло, жылуу сүйлөп, жетим баланы энесине кошуп берди. Бул Нүзүп үчүн тагдырды тобокелге салуунун алгачкы сыноосу эле.
Кырдаал караңгы тункуюкка капталганда, курмандык тапшырмасын алган бийлер айла таппай селейип турганда, күтүлбөгөн амал ойлой калып “муруту кылайып чыгып келаткан Караш бийдин жакшы чыкма баласы” учурдан пайдаланып, “караңгыда көз тапты”. Капысынан “сурап алары жок” жигитин кезектеги кызматына жумшачуудай чакырып, курмандык өлүмүнө салып берди. Кызмат кылууга гана даяр, көзү жайнап турган жаш жигиттин мойнунан диркиреп аккан армандуу кан “кардай меңсиз ак кийиздин бетине ар түрдүү көчөт, кызыл гүлдөр болуп жайнады.” Кайрадан үч тарыхый инсан сценага чыккандай, “Нүзүп бир колтугунан, Мусулманкул бир колтугунан алып, акырын коштоп келип, Шералини канжалап жаткан адам башынан аттатып, кызыл ала болгон кийизге өткөрүштү. Леп этип, жигитинин сөөгүн тепселип жаткан төрбөлжүн менен көздөн далдалап жаба койду Абил (каармандардын астын сызган биз — Ү.К.)