ҮМҮТ КУЛТАЕВА:
КЫРГЫЗ ТАРЫХЫЙ РОМАНДАРЫНДАГЫ ТИПТҮҮЛҮК: ЭПИКАЛЫК САЛТ ЖАНА МОТИВДЕР
“Ормон айла” менен жагылган оттон кийин чынында да каармандын пикири кескин өзгөрөт. Кенесары кыргыздарды жеңе албасына толук көзү жетет. Бирок ушул жерден кыргыздын улуттук психологиясына ылайык, сюжетке “от берген” идея андан ары чегине жетпей, чорт үзүлө түшөт. Жазуучу адегенде баштаган көркөм аңдоо тереңдетилбей түз эле тарыхый даяр маалыматтарга азгырылып кеткендей. Тарыхый булактардагы маалыматка караганда, оттон кийин, чынында да согуштук абал кескин өзгөргөн экен. Кыргыздар душманды от менен алаксытып коюп, кары-картаң, аялдары жоокерлерге тамак ташып, колду күчтөндүрүп жаткандыктан кырдаал татаалданганы тууралуу тарыхый маалыматтар бар. Жазуучу тарабынан ошол маалыматтар: Кенесарынын “…согуш созулганда кыргыздар келсин деп 8-чи күнү Ормонго киши чаптыргандыгы”, маалкатып эки күн келбей, Ысык Көлдүн Карой, Саройунда жаткан Ормон 200 киши менен согуштун онунчу (бир кабарда он экинчи ) күнү Орозбакка (айтылуу манасчы Сагымбайдын атасы) тоо жаңырта керней тарттырып келгендиги жана кернейдин үнүн уккан Кененсарынын “мынау сыйырча мөөрөгөн не?” – деген суроосуна Чымырбайзак: “Алдаяр таксыр, кыргыздын чабагы мен чарпышып жатуучу эдиң. Жаяны енди келди” – деген жообу “Көчмөндөр кагылышында” да, “Хан Ормондо” да дал өзүндөй көчүрүлгөн. Натыйжада тарыхый факт жанрдын талабына ылайык көркөм талдоого алынбай калган. Ормон тарыхый маалыматтарда: Б.Солтоноевде он эки күндөн кийин, Ж. Токтоналиевде үчүнчү күнү келет. Канткенде да Ормон жазуучу айткандай “кийинки күнү” келген эмес. Тарыхый маалыматты “чийки” бойдон пайдалануудан улам, оттун кадимки улуттук психологиядагы күчү, жоокерлерге берчү духу жакшы ачылбай калганы байкалат.
“Хан Ормондо” сурнай жөнүндөгү тарыхый маалымат ошол бойдон көчүрүлгөн, каармандын ысмы да өзгөргөн эмес. Жагылган от да, Мыкандын сазы да, жоону негизинен солтолордун тоскондугу да “тарыхтагыдай”. “Күндүн муруту чачырай Кенесары жоокерлери эки канат, туу алды болуп дымып турган кыргыз тарапка жабыла ат коюшту. Түндөгү жыбыраган оттор, эртеден бери тынбай уюлгуп чаң үшүн алган казак жоокерлеринин деми бош эле” (262-б., астын сызган – К.Ү.). Оттон кийин Кенесары Ормонго кепке келүү боюнча өз элчилерин жиберет, алардын психологиялык абалын сезген Ормон кабыл албай коет. Бул сюжетке дагы Ормондун душманды “суусуз калтыруу” жөнүндөгү “акыл айласы”, “кыргыз жоокерлери кийген ак көйнөк” кошулган.
Т.Касымбековдун “Сынган кылыч” романында от жагуу мотиви жазуучунун өзүнө таандык стили менен сүрөттөлгөн. “Он сегиз миң кол менен” барган Нүзүп “он сегиз” дарбазалуу Коконду туш тарабынан курчап, шаарга кесилиш жолдорго, дарбазалардын тушуна колду күчтөп коюп, …сес көрсөтүп, айбат көрсөтүп, көп колду жер жайнатып оюн курдуруп жатып калды.” Жазуучу “он сегиз миң”, “он сегиз” сандарын да бекер колдонгон эмес. “Он сегиз миң ааламда, багып өттүң аккан суу” – деп Жеңижок акын ырдаган сыяктуу, кыргыз элинин дүйнө таанымында он сегиз миң — чексиздик. Демек, генезиси отко болгон ишенимде жаткан бул жоокердик амалда кыргыз элинин өзүнө (колуна) болгон ишеними бар. Ошондуктан сес көрсөтүү менен кошо душмандын эркин сыноо, анын согуштук тажрыбасына байкоо жүргүзүү үчүн атайын м е з г и л, у б а к ы т бөлүнөт. К.Осмоналиевдин тарыхый маалыматтар далилдеген, Ормонхандын чакыртканда келбей маалкатуу мөөнөтүн кыскартып коюшу, кадимкидей оттун көркөм функциясына көлөкө түшүргөн.
К. Осмоналиевде негизги каарман согуштук беттешүүдө жоготууга учурап, ошондон көңүлү чөгүп турган абалда от анын жандүйнөсүндөгү дүрбөлөңдү дагы тереңдетсе, Ж.Токтоналиевде жеңилүүгө макул болгон душмандын пессимисттик маанайын чагылдырган. Т. Касымбеков адегенде оттун сүрү менен душмандын көңүлүнө бүлүк салып, ындынын өчүрөт. Көркөм чыгармаларда сейрек кездешүүчү оттун “пейзажы” адам сезиминде психологиялык коркунучту пайда кылчуудай сүрөттөлгөн.