КУРМАНБЕК
ЭПОС
Кайрат менен жүрчү элең
Чарчабай да, чаалыкпай...
Кайратың кара темирдей,
Карааның тоонун сеңирдей,
Кырк кишиден калың кол,
Кайтсак болду жеңилбей!
Каракчы менен ууруга
Калмакты сайдым дедирбей!
Карылыктын алды деп,
Эр элең ишке жараган,
Көргөн адам коркобу
Тетиги кырк кишинин караанын,
Жүрөгүн жарып, канын төк.
Жарганаттай баланын!
Карылыктын алды деп,
Баатыр Экез барып бер.
Кайраттуу өзүң барбасаң
Кантип барат жиндилер!
Экез өзүң билбесең,
Эл кадырын ким билер.
Эң астына сен баргын,
Эки имерип сайышсаң!
Эсебин тапчу мен бармын!
Эрдигиңди карматып,
Эт жүрөгүн тең жаргын!
Жармачтык кылып баратсаң
Жандап кирер мен өзүм.
Жанымды койбос бекен деп,
Жалтангыдай Мүнөзүң
Жамандыкка чыдаган
Сен элең Экез оң көзүм.
Душманга сырын алдырбас,
Башынан бактуу эр Экез,
Кырылышар жоо келсе
Кысынып койгон сен эмес,
Кыпчактан келген кырк ууру
Кылычы сага тең эмес,
Азыраак намыс ойлоном,
Болбосо эрдигим сенден. кем эмес!
Акыл айтып эс берип,
Намыстан Дөлөн сактанды.
Кайраттанып калмактан
Баатыр Экез аттанды.
Кайраты мыкты баатыр деп,
Калмактын баары шаттанды.
Жашы кетип эр Экез
Сексенге чыга карыган,
Карыса да душманга
Аттанып чыкты жаңыдан,
Кыйкырыгын күчөтүп,
Кылычын сууруп кынынан!..
Түпөктүү найза булгалап,
Тик качырып жөнөдү,
Карыса да Экездин
Хан Дөлөн болду көмөгү.
Каранга келген чуркурап,
Ал экөөнөн бөлөгү.
Көзүнүн жээги ириңдеп,
Көкүрөгү кирилдеп,
Карчыгадай кайран бел
Карылыктан эңкейип,
Оозунда жалгыз тиш калбай
Алдыңкы ээги телпейип,
Жан аялуу болгон кез,
Жаба минип карылык,
Барбай коёр алы жок
Хан жумшаса тарынып,
Өчөшкөн бойдон жөнөдү,
Өлөм го деп зарылып.
Өөрчүп турат Курманбек,
Өрт жалындай чамынып.
Курманбек баатыр калмактын түрүн көрүп кубанып, кырк жигитин карап айтып турган жери:
- Мен айтам кулак салгыла,
Кырк жигитим калгыла,
Мелтиреген кол келди -
Мен чыгайын алдына,
Качып берсе калмактар
Аркамдан кирип баргыла.
Баатыр болот толсо деп,
Баарыңды жаңы курадым,
Баатырлык кандай байкап тур
Баарыңдын бала убагың...
Башынан жоодон сыр алган
Баатырлык жайын сурагын...
Кошо жүрү дегенге
Коркот деп аяп турамын
Айбалта, кылыч, найза алып,
Кылычташар эр кандай!
Кылкылдаган жоо келип,
Кырылышар жер кандай!
Кызыганда чубурган,
Кызыл кандуу тер кандай!
Асмандагы тумандай
Атып чыккан чаң кандай!
Суу ордуна чайкалып,
Сасып аткан кан кандай!
Мындай жоодон качканча,
Өлгөн жакшы жан калбай,
Калмактардын чегинде,
Кара шаардын жээгинде,
Карап туруп кырк жигит
Кан согушун билгиле!
Калмактар качса дүңгүрөп,
Токтобой тосуп келгиле!
Деп ошентип Курманбек,
Кырк жигитти карады,
Кылчайбай тике караган
Бир калмактын карааны!
Жылтылдаган колунда
Кылыч, найза жарагы.
Бала баатыр Курманбек
Жымылдап чери тарады.
Кайраттанды Курманбек
Калмактардан арданып.
Кара чаар жолборстой
Качырып кирди щаңданып.
Камынышты кырк жигит
Касаба зоодой жарданып.
Кылкылдаган көп колго
Кырк эле киши келди деп,
Калмактар турдуу таңданып.
Баатыр Экез, Курманбек,
Качырышып бет келди,
Экездин ою баланы
Ыргыта саям деп келди.
Кими баатыр, ким коркок
Күч ортосу чектелди.
Бала баатыр Курманбек,
Башында темир туулга,
Көөдөндө, соот чарайна,
Сексендеги эр Экез
Карсылдашты далайга.
Бала баатыр Курманбек
Сыйынат бакты, таалайга,
Өжөрлүгүн карматып,
Өкүм бала Курманбек
Өпкө, боордун тушу деп,
Өлөр жериң ушу деп,
Карыган чалды саялбай
Кантип болом киши деп.
Теке жоомарт Телтору ат,
Ооздугун тиштетип,
Оюна алып Курманбек
Оңуна эми келди деп,
Токсондогу абышка
Толкунду мага теңби деп.
Кайра келди Курманбек,
Кайратым чалдан кемби деп...
Качырганда калмактар
Карап турат кеңгиреп.
Кайраты кетти Экездин
Кайта кайта найза жеп
Канынан коркуп сайышка
Кайтып кирди эр Экез,
Керээз кебин калмакка,
Айтып кирди эр Экез.
Каза жетип өлөрүн
Анык билди эр Экез.
Каарланып Экездин
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.