КУРМАНБЕК
ЭПОС
Мен жоголсом баарыңды
Караткандай чамасы.
Акылман Элбек барып кел
Бала баатыр беренге,
Кеңешиңди салып кел.
Баатырлыгын, эрдигин,
Баарын кайта таанып кел.
Кан төгүшүп, эл кырбай,
Жамандыкка бет бурбай,
Туугандашсын Курманбек
Душмандыкка тик турбай,
Адам болсо Курманбек
Алтын, күмүш зар алсын:
Айры өркөч төөдөн бербеймин.
Алтын, күмүш жүктөшкө
Алтымыш кызыл нар алсын.
Ага ыраазы болбосо
Айдашынча мал алсын,
Өзүм менен достошуп,
Тулпарымды дагы алсын.
Душмандашып жүргөнчө
Аныктап көөнү агарсын.
Аа болбосо калмакты
Аябаймын чаап алсын...
Элбек чечендин Курманбекке барып салам берип, кеңеш салып, Дөлөн хандын жибергени жөнүндө айтып турган сөзү:
- Бактысы артык жаралган,
Бала баатыр аманбы?
Падыша Дөлөн ханыбыз
Айтты сизге саламды.
Сыйласаң, сыйырсаң өзүн бил,
Элчиге келген агаңды.
Жиберди ханым элчиге,
Жол койду сенин эркиңе!
Жоомарт болсоң Курманбек,
Түбөлүккө элчиле.
Калмактар жарайт Курманбек
Казып жесең кенчиңе.
Убалына карабай,
Уруша кетсең кырасың
Уу ичкендей кыйратып,
Бүлүмчүлүк кыласың.
Өткөн өчкө калмактан
Эмне алсаң тынасың?..
Илгеркидей оолугуп,
Билбеди Экез өлөрдү,
Көмөлөтүп калмакты
Көрсөттүң далай өнөрдү!
Кыр аркасын кыйратып,
Кылчаңдаттың Дөлөндү,
Алдыңа келген чагыбыз,
Ачылган сиздин багыңыз.
Алсыратпай калмакты,
Айлабызды табыңыз.
Аралатып калмакты,
Ар жылда алым алыңыз,
Калмактан калың олжо, алсаң,
Хандык ошол эмеспи,
Калкыңа жарык сен барсаң,
Калмактын калкын тынчытып,
Капасы жок мен калсам.
Деп, тиленди ханыбыз.
Салам айтып өзүңө,
Бек тиленди ханыбыз.
Саламаттык тилешип,
Самаганды алыңыз...
Калың калмак элимдин,
Ханы менен кадырлаш,
Хан кадырын хан билет,
Кадырлашпай тамырлаш.
Каалап турат Дөлөн хан,
Балалык кылбай Курманбек
Ушул кадыр табылбас.
Хан чакырып кааласа,
Кадырыңды бааласа.
Каалаганың ал десе,
Сенин кайратың болду кымбат баа
Кабарың тоодой угулсун,
Кыпчак менен кыргызга.
Курманбек баатыр кыр көрсөтүп, Элбекке айтып турган сөзү:
- Айтканымды байкагын,
Атайлап келген арачы;
Анткор калмак азгырып,
Алдаганын карачы!
Асман жердей эмеспи,
Жарашуунун арасы.
Көкүрөктөн кете элек,
Көп өткөн өчтүн карасы.
Бу көңүлдүү айткан сөз болсо,
Мен эмес иттин баласы.
Элчиге келген эр болсоң,
Эзелки атың Элбекпи,
Эркексинип Дөлөнүң
Элчиликке келмекпи?..
Жан өлтүрүп, кан төгүп,
Жамандыкты кылбаймын,
Жанымдан кечип намызга,
Жалтанбаймын чындаймын,
Жакшы сөзгө келиптир,
Жалганын, чынын сындаймын,
Эрдик кылса Дөлөнүң,
Эбин таап жарашсын,
Эрегишсе чын эле,
Эрте өлөр жагын каалашсын.
Алаарына көз жетсе,
Абыдан намыз талашсын.
Арачы салган экен деп,
Айылына барбаймын.
Анткорсуган Дөлөндүн
Алдоосуна калбаймын.
Ат жалын тартып мингени,
Көргөмүн миңин андайдын.
Дүнүйөгө алданып,
Чакыртып алып камаса,
Алым алгың барбы деп,
Аркы-терки сабаса,
Кара таандай калмактар,
Туш-тушумдан таласа,
Бүтүн дүйнө тарыхка
Мен болормун тамаша.
Элдешер болсо бир жерге
Ээрчитип келгин Дөлөндү,
Аныктап мен тааныймын
Эл башкарган төрөңдү.
Эбине келсе Элбегим,
Элдикти жамап көрөмбү.
Кыраандыгын көрө кет.
Кырка турат кырк жолборс!
Кылкылдаган кол келсе,
Кырылышар жан жолдош!
Чакырды деп калмакка,
Чалдырып койсом иш болбос!
Эч коркпоймун калмактан,
Эрдигимдин барында,
Энелештен эгизим
Эр жигиттер жанымда!
Аттарымдын баарысы,
Алоолонуп табында
Элчилиги чын болсо,
Кир калтырбайм көөнүмө,
Эл тынчытып Элбегим,
Өзүң салгын жөнүнө.
Эрдигимди айта бар,
Эби келбейт эмеспи,
Чакырса жетип барганым,
Ханың менен кеңешип,
Өзүң билгин ар жагын,
Тынчытат бекен, жок бекен,
Өзү билсин калмагың.
Ким алдырат, ким алат,
Өзүң ойлоп тандагын...
Жарашар болсо Дөлөнүң,
Өзү келип беттешсин,
Анык көөнүн агартып,
Акылын таап эптешсин
Адал нээтин билдирсе,
Менделе алыс кетпесмин...
Кыргыз менен кыпчактын
Малын кууп келгемин.
Кыргында өлгөн шейиттин,
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.