КУРМАНБЕК
ЭПОС
Канын кууп келгемин.
Кырылышкан өзүмдүн,
Баарын кууп келгемин.
Алдыра кел арачы
Алтымыш кызыл нарыңды.
Арттыра кел арачы.
Алтын, күмүш зарыңды.
Айдата кел бир жолу,
Тартууга берген малыңды.
Ханың Дөлөн сырдашып,
Сын түйүшүп, сөз ачсын.
Өзү келип сүйлөшүп,
Өктөсү жок узатсын.
Эрдик кылса калмагың,
Элчиликтен ким качсын.
Жарашар болсо эл тынсын,
Ишенбесе кек кылсын.
Ар жылда алым берем деп,
Убадасын бек кылсын.
Мынчадан алым берем деп,
Белгилеп туура чек кылсын.
Калмактын ханы Дөлөнгө,
Ошондо араң ишенем.
Ушу сөздүн бардыгын,
Айтып баргын мындан сен
Көөнүмдү жайлап жөнөтсө,
Жыл маалыңда бир келем. ~
Арачы Элбек угуп ал,
Мындан барсаң эки күн,
Үч күн анда кеңешип,
Кайта келсең эки күн. .
Барып келер болжолуң,
Баш аягы жети күн.
Арачы Элбек келбесең,
Алты күнү күйөмүн,
Жетинчи күнү келбесең,
Чабуулга кайта киремин.
Алты шаарды бир талап,
Анан адырдан жылкы тиемин.
Элчи Элбек Дөлөн ханына келип:
- Ханым, бала баатырга бардым, сөзүңдү айттым. Бала баатыр мен элчиликтен качпаймын, эгер качса Дөлөнүң качаар; мен өткөн убактагы кыргыз, кыпчактын калмактан өткөн өчүн алуу үчүн, ажалым жетсе өлүү келгемин. Бирок мен эл тынчытуудан үчүн качпаймын.
Алтымыш алты атанга жүктөгөн алтын, күмүшүн, айткан малын күндүн ичинде алдырып келсин, алдаганына көнүп баралбаймын деди. Эми акыркы сөз өзүңөрдө калды. Курманбекте айып калган жок — деди. Дөлөн хан ыраазы болуп, элине кабар салып чакыртты.
Калмак элинин ханына кадырлаштары, эл билгендери, байлары чогулду.—«Көпчүлүк, сиздерди чакырганымдын себебин өзүңүздөр билерсиздер, бала баатыр Курманбек келген, кайран Экез баатырды сайдырып, намыздан өзүм жаралуу болуп келип, каарын көргөндөн кийин Элбекти элчиликке жибердим эле.
Элчиликтен Курманбек баатыр качпаптыр. Кыргын салдырып, тынчыңарды кетирип жатканча алтымыш кызыл нарга жүктөгөн алтын, күмүш берип, алышынча мал бергениңер оң. Элчиликке макул болгону менен ишенип келбептир. Мына буга кандайсыңар — деди Дөлөн хан.
Эл-журтунун бардыгы тынччылыгын сүйүшүп, макул болушуп алтымыш ак боз ат алып алдыга Дөлөн Элбек чеченди салып, жети күнү жол жүрүп келе жатса, Курманбек эмгиче келбейт деп, Кара шаар, Камбылды чаап алууга кырк жигитин ээрчитип алып жүрүп калган учуру экен. Курманбек алтымыш ак боз ат, алтымыш нар артылган алтын, күмүш менен келе жаткан Дөлөн хан менен Элбек элчини таанып, алардын эрдигин билейин деп теке жоомарт Телтору ат менен добул басты дүңгүрөтүп бир эки урду да, качырып сала берди. Элбек эчен шумдуктарды башынан киши эле алдагандай болот деп, өткөргөн бүктөмө сабы бар ак тууну көтөрдү.
Курманбек атынын оозун жыйып, жигиттерин тыйып турду. Ак тууну жайылтып алып, алдына Дөлөндү салып кирип келди. Жакын маңдайлаша түшкөндө Дөлөн хан Курманбектин сүрүнөн жалтанып, аттан ыргып түшүп. кол берип көрүштү. Курманбек дагы көрүштү да:
«Калмагым сени түшүргөн экемин го» — деп ойлоду. Ошондо элдештигендигин, андан кийинки тынчтыгын куттуу болсун айтып Элбек элчинин айтканы:
- Эр Курманбек, Дөлөн хан,
Элчилик жакшы кектешпей.
Имерилип сүйлөшүп,
Ички сыр чыкпайт беттешпей.
Эрдик кылдың Курманбек,
Эрегишем деп кетпей.
Курманбек, Дөлөн хандарын,
Кубанттың элди балдарым.
Эл бол десем эл болдуң,
Эгер жок менин арманым.
Көпчүлүктү тынчытгың
Көкөлөсүн арбагың.
Күнү-түнү дүрбөтпөй,
Тынчытты Дөлөн калмагын.
Кубалашып сүрүшпөй,
Курманбек басты жаңжалын.
Жакшы болду экөөңдүн,
Жайланышып калганың.
Алдыңа келди Дөлөн хан,
Алтымыш ак боз бээ алып,
Арылып кетсин кири деп,
Алтымыш нарча төө алып.
Ал төөлөргө жүктөтүп,
Алтын, күмүш көп алып,
Бээ саап кымыз кыларга
Кызы менен күң алып.
Жылкы багып берсин деп,
Жылкычыга кул алып,
Элдешүүгө Дөлөн хан,
Алдыңа келди кубанып.
Эки баатыр тынчысаң,
Тилегиңде туралык.
Шамал менен жарышкан,
Куюн менен куушкан,
Кайберен менен оттошкон,
Калмак, маңгол баш кошуп,
Салдырышса топто озгон,
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.