КУРМАНБЕК
ЭПОС
Баатыр болсоң, эр болсоң,
Каарына душман батпаган,
Калкын аман сактаган,
Бала жолборс шер болсоң.
Жалтанбай тийсең душманга,
Жан жолдошуң мен болсом,
Тарар эле кумарым,
Дартым чыгар убагым,
Бир чыгарсаң Курманбек
Кең Кашкардын ураанын.
Эрдигиңе көз жетип,
Достошкону турамын.
Бу тилекке жеткизсең,
Сага өтсүн кандык сурагым.
Аккан бул сөзү менен сыр-сыпатынын баарын айтып бүтүрдү. Курманбек кубанып Аккан кучакташып дос болушту. экөө болушту. түштү. Калтар Курманбекти кара жоргону Акканга жетелеп түштү. Аккан Курманбекти бир нече күнү кондуруп, - алтымыш нарды чиркетип, алтын күмүш жүктөтүп, алтымыш ак боз бээни айдатып кулга кулунун байлатып жүрүпсүң. Мен сага бир сонун берейин - деп, Аккан он эки батман жүк көтөргөн бир лөгүнө алты батман алтын жамбы, алты батман күмүш жамбы жүктөтүп, соода кыла келгиле деп кырк кербен кошуп жөнөттү. Ошондо Курманбек Аккан досунун көөнүн уютуп бир айткан сөзү:
Бурадар7 Аккан сөз байка,
Курдаштык жайын айтайын!
Кимдер эл сага, кимдер кас,
Бир эки жылы байкайын,
Каарын тиккен жоо болсо
Канын суудай чайкайын.
Келе досум колуңду.
Убада берип кайтайын.
Каза жетип өлбөсөм,
Каратып берем калмакты
Таратабыз түбүндө
Көкүрөктө зардапты8
Кагаз жазып кабар бер,
Кандай душман беттесе,
Кабарын тийсе мен даяр,
Калмак, дуңган кектешсе,
Арбакка кой досуңду,
Аярлык кылып четтешсе
Кытайда кегиң бар болсо,
Кыйратып алып беремин.
Кабар уксам токтоосуз,
Как ошо замат келемин.
Кабары жок хан досум.
Сен үчүн досум аянбайм,
Сен тынчыбай жай албайм.
Басташаар душман жоон үчүн,
Бар күчүмдү даярлайм.
Кабылан менен жолборско,
Карышкыр, түлкү батабы?
Кабарын билсе карышкыр,
Уюкка чыдап жатабы?
Жолунан чыкса миң болуп,
Жолборско калат эмеспи
Баатырлыктын атагы.
Алгыр бүркүт мен өзүм,
Айланып учкан асманга.
Душмандар түлкү жай таппай,
Түңүлүп качат боз чанда.
Саңор жүнүм саргайтып,
Төкөөрүмдү арбайтып,
Тепкени кирип барганда.
Ал корголоп калат бир аңга.
Кантип чыгат ийинден,
Шаңшып турсам кыраңда!.,
Убагында көрөрсүң,
Досум, куру сөзгө кубанба!
Ат жалын тартып мингени,
Кууган адам жетчү эмес,
Эрдигимди мактасам
Жеткени тирүү кетчү эмес.
Кош аман бол жан досум,
Унутпас анттуу жолдошум.
Кол кармашып өсүүгө,
Убада эки болбосун!
Бизге келген душмандын
Билип ал досум оңбосун!
Тапшырдым Аккан аманат,
Көрүшөлүк саламат.
Арабыз алыс бир айлык,
Амандык тилеп жан досум,
Жазып тургун салам кат!..
Аккан Курманбекти жөнөттү. Курманбек элине келди. Элинин бардыгы жарданып кары-жашы дебей үйүлүшүп, аман келгенине сүйүнүшүп, эзелки жоолору калмакты каратып келгенине жетине алышпай чоң кубанычта болушту.
Бирок атасы Тейитхан кубанган жок. Курманбекке таарынган. Себеби: Курманбек калмакка жөнөгөндө жооп албаган. Курманбек барганынан келгенине чейин элге түшүндүрүп, келген элди таратып атасы Тейит ханга барып, эки колун бооруна алып саламдашып турганы:
— Атсалоом алейким,
Амансыңбы жан ата?
Алыска барып, мен келсем,
Не үчүн болдуң сен капа!
Туу көтөрүп намыздан,
Душманды сайдым тарата.
Кызматыма даярлап,
Кырк жигитти курадым,
Кыргыз менен кыпчактын
Чакырдым чапкан ураанын.
Кастарын тиккен калмакты
Каратып келген убагым...
Өлтүрө сайдым өпкөгө
Калмактан баатыр Экезди,
Жаралуу кылып түшүрдүм
Ханы Дөлөн кекечти.
Бак башында так сенде,
Байкасаң сенин заманың,
Кадырың бар элиңе,
Кан үмөт ата аманың.
Кадырын сурап койбодуң,
Калмактан келген баланын..,
Кабарың жок кайгыдан,
Калкыңды сурап жатасың,
Каралдың жалгыз мен турмак,
Калың элге атасың.
Кагылайын атам сен
Анан эмнеге капасың?..
Айланайын атаке,
Өзүң башчы, өзүң бек,
Элдин баары мактаса,
Эрдигиңе бали деп,
Эр эңишиң барсынып,
Сенин сүйбөгөнүң кандай кек?
Эси жоктук иш кылып,
Эр өлтүрүп салдымбы!
Же эрдигимди көрсөтүп,
Элиңди чаап алдымбы?
Же жалгыз барып калмакка
Жазыктуу болуп калдымбы?
Же болбосо атаке,
Тууганыңа касмынбы?
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.