КУРМАНБЕК
ЭПОС
Же мактанган жайым бар беле,
Бала баатыр эрмин деп?
Кыз керек болсо кыргыздан
Кырааным атам өзү алсын.
Кызыңар барбы алам деп,
Кыдырып издеп ким барсын...
Кыз аламбы, албаймбы
Түпкүлүгүн угарсың.
Өлбөсөм таап алармын
Таалайга келет бир асыл,
Өмүр кошуп көрөрмүн,
Алганымдын ыраатын.
Бекерге кетпес түбүндө
Көпкө кылган кызматым...
Сулуу кыз барбы сенде деп,
Кыргыз, кыпчак элде деп,
Калыңына беремин
Алтын, күмүш теңге деп,
Аздык кылса калыңы,
Алышыңча мал же деп,
Ар кайсы элди кыдырсам
Атамда абийир калабы!
Катын таап алсын деп,
Тентитеби баланы,
Ушундайбы Зайырбек,
Нээтиңердин абалы?
Эл аралап кыз издеп,
Элимден катын албаймын.
Аралашып бир жүрүп,
Уятына калбаймын.
Ушу доорум барында
Урумдун кызын тандаймын.
Катын алып берсин деп,
Качан айттым атамды?
Билбей койду мени деп,
Милдет кылып жатамбы?
Элим сенин баарыңа
Эрдигимди сатамбы?
Кырк жигитти ээрчитип,
Кытайга барам кыз тандап,
Кырчылдашар жоо келсе
Кысынбаймын кылчаңдап,
Ажал жетип өлбөсөм,
Адашабы сыймык - бак.
Жоо жарагын мол камдап
Оруска барам кыз тандап,
Ок атышар жоо болсо
Ошондон качпайм кылчаңдап,
Оңтоюма келтирип,
Ооганга бүлүк бир салам.
Оюма түштү бир кыял,
Оогандан тандап кыз алам.
Оюма коё бергиле,
Оолугуп калды бир балаң.
Катын алып берсин деп,
Арачы салган эмесмин.
Айтпаса да атамды
Бойдок койду дебесмин.
Катын алып бергин деп,
Кимиңерге кенештим?
Хан Тейитбек атама
Кайтып баргын Зайырбек,
«Кан кузгуруң болбойт»—деп,
Айтып баргын Зайырбек..»
Эр жеңишкен душмандай,
Элчи салган кандай кеп?
Соодагерден, кербенден,
Угуп, көрүп келгенден,
Урууда жок кыз уктум,
Бактылуу баатыр эрлерден,
Кабары жүрөк дегдетти,
Как ошо кызды алам мен.
Оогандын ханы Бакбурхан
Опсуз баатыр деп угам.
Эрдигине ишенип
Беттесе беш миң кол кууган.
Оюмдагы эр экен,
Ошого барам мен мындан.
Бакбурдун жалгыз бир кызы,
Адамзаттын жылдызы!..
Жоругун айтып көргөндөр,
Жоруй келсе нур кызы!..
Күмүштөн аппак Канышай,
Кийгени жибек кырмызы.
Угушума карасам
Бакбурхандын анты бар:
«Мени сайып ким жыкса,
Канышайды берем» деп,
Каалап жүргөн шарты бар.
Албаса да ошону,
Көрбөгөн жердин дарты бар.
Эрдигине чыдабай
Үргөнчтүн суусун ким кечсе
Аттанып чыксын Бакбур деп,
Арачы коюп дүрбөтсө,
Аянышпай сайышып
Аңтара салып ким кетсе,
Как ошондон жыгылсам,
Канышайды берем деп
Кандай күчтүү эр кечет,
Үргөнчтүн суусу терең, - деп,
Үйүндө Бакбур айтыптыр
Бала баатыр келер деп.
Үргөнчтүн суусун кечейин.
Бир тилекке жетейин,
Оогандын ханы Бакбурга
Бир беттешип өтөйүн.
Менден башка баатырлар
Кесе албаптыр көкөйүн.
Кырк жигитим шаңданып,
Кызматыма камданып,
Кудай буюрса Бакбурдун
Кызын алам мен барып.
Тирүү болсом кыз албай
Куру келбейм сандалып.
Атадан артык Зайырбек,
Өзүм менен бир баргын,
Үргөнчтөн кечип өткөндө,
Бакбурхандан тил алгын.
Сайышып аттан түшүрүп,
Кыз алышка кумармын.
Зайырбек ага тилимди ал,
Тейитханга кенеш сал.
Эр көкүрөк баламын,
Орундаса талабым,
Уккандан көңүл оолукту,
Канышайдын кабарын.
Бала баатыр сөзүн бүтүрдү. Зайырбек Курманбектин тил албай тургандыгына көзү жетип, Тейитбекке келип, бар болгон окуяны айтты. Ошондо Тейитбек хандын увазирине карап айтканы:
Увазирим Зайырбек,
Сенин бул айтканың кандай кеп?
Оолуктурбай баланы
Тыйбайсыңбы койгун деп.
Ойдогусун кылгандай
Ооганда жок биздин кек.
Калмакчылап оогандар
Кайта качпайт бириндеп.
Бир айчылык жол болот,
Тил алсын балам кор болот,
Чөп чыкпаган кара кум,
Кагырама кара таш,
Кыртышы жок жер болот.
Түркмөн, тажик бир түрдүү
Тутуму бирге эл болот.
Оогандын ханы Бакбурхан
Анын - арбагы көптү жапырган
Жыгылган жок эмгиче
Жер жүзүндө баатырдан.
Туу жайылтып кол келсе
Жеке эле жалгыз качырган.
Ооганга уулум баралбайт,
Бакбурдун кызын алалбайт,
Кыргыз, кыпчак элдейди
Кылымдан издеп табалбайт.
Тилиңди алса жалгызды
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.