КУРМАНБЕК

ЭПОС

КУРМАНБЕК

Карылык сөздү тыңшасаң

Курманбек менен кадырлаш,

Куру кайрат баш жарат,

Экөөбүздөн айрылса

Кайсы калмак жол табат?

Кун алам деп кыргызга

Курманбекче ким барат?

Сен экөөбүз тең өлсөк,

Кайрат кылар ким калат?..

Ишенбесе багына,

Бала баатыр келеби,

Баса келсе элиңди

Баатыр Экез жеңеби?

Бакты балбан Курманбек,

Оңоюраак немеби!

Атаң Корун барында,

Кошо жүргөн чагымда,

Ишенгени мен элем,

Добулбасым жанымда,

Кайраты толук кезим,

Калканым бар алдымда.

Кашкарды беттеп кол салган,

Жамбыдан буттап олжо алган,

Кайда барса Корун хан

Жанына Экез бир барган.

Эмгиче элиң бузулбай,

Эч душмандан кысылбай.

Калкым болдуң тынч аман.

Кайратым турат, каруу жок,

Карылык кылды бөйдө арман.

Атаң Корун барында

Абаң Экез жаныңда,

Кыргыз менен кыпчакты

Эки кабат чаап алган.

Элчи салып келгенде

Эрдик атак маа калган,

Элге-журтка эп келсе

Экинин бирин берели.

Убайым-санаа тарттырбай,

Эл тынчытып келели.

Өткөн өчү болбосо

Курманбек баатыр келеби?!

 

Дөлөн Экездин сөзүн угуп, алы кетип турду. Намысынан кайрат кылып калмактын нарк сүйлөгөн, эл бийлеген акылмандарын жыйып алып Дөлөн хандын айтып турган сөзү:

 

-Кыргыз менен кыпчактан

Кыйын чыкты деди эле,

Бала баатыр атанып,

Кийин чыкты деди эле.

Экездин айтып турганы

Угулуп жүргөн кеп эле.

Эли, журтум байкагын,

Экез баатыр карганбы?

Эрдигинен ажырап,

Эби кетип калганбы!

Дайынсыз бере бергидей

Талаада жаткан мал барбы?

Жалгыз атчан, жалаң тон,

Бүтүн койбой бүлүнтүп,

Чапмак болду элди деп,

Алжыганың болбосо,

Бул айтканың кандай кеп?

Карыдан Экез сен өлбөй,

Кан жөткүрүп мен өлбөй,

Карсылдашып чабышып,

Калың калмак эл өлбөй,

Кантип берем малымды

Карагай найза өңөрбөй?

Кылкылдаган көп элди

Кырк кишиге теңеген,

Алжыганың эмеспи?

Алалбайсың сен деген,

Кырк урууга батынбай,

Кылчайып качар эр белем?

Кара таандай калмакты

Каракчыга теңеген,

Карыганың эмеспи?

Кармашып көрчү сен деген,

Калың колу келсе да

Кача турган эр белем?

Баатыр Экез байкагын,

Барбай кантип кайтамын.

Балага тартуу бергин деп.-

Башыңды неге чайкадың?-

Эрсинип келген баланын

Мен кагамын шайтанын!

Калың калмак элим бар,

Кыргыз, кыпчак ал турмак,

Кытайды бузар дегим бар.

Калың калмак барында

Кай жеримде кемим бар?

Кызыган бойду суутуп,

Берериңде эр Экез

Сенин кылчаңдама жериң бар!

Кысыр бээни сойдуруп

Кымыз ичип жаткандыр,

Кыпчактан келген каракчы

Кырк уурусун баккандыр.

Кырк уурудан айрылып,

Кылчайып качып барары

Бере Кашкардагы Аккандыр!

Ууруну кайта куубасам

Улуктугум бекер деп,

Ушу турган кол менен

Урушууга жетем деп,

Каарланып Дөлөн хан,

Калмактарын бекемдеп.

Жүргүлө көп колум,

Миңден-миңден топтогун.

Жер теңселет бастырып,

Жетекке бош ат коштогун!

Кылкылдаган миң-сан кол,

Кырк кишиден коркпогун!

Деп, ошондо Дөлөн хан,

Жөө тумандай чыккан чаң

Жөнөгөн колдо эсеп жок,

Жер дүңгүрөп миңден сан...

Курманбекти кубам деп,

Калмактан Дөлөн бараткан.

Караанын көрүп Курманбек,

Камынып турат ыраактан.

- Айтканын уккун ханыңдын

Бала баатыр тетиги,

Жоо жарагын тагынган.

Карылыкка жеңдирбей,

Мен сыяктуу чамынган.

Токсон жашка барсаң да,

Жашың кетип карсаң да,

Өмүрүңдүн ичинде

Атып келдиң мылтык, жаа,

Калың. калмак ичинде,

Баатыр элең кымбат баа.

Кайратыңды карматкын,

Калмакта кана сенден тың?

Кара шаарга жоо келди,

Кадимкидей болгун чың!

Жыгылып калсаң кантейин,

Карылыкка кандайсың...

Баатыр Экез башыңан,

Сен элең учаар канатым

Карылыкка жеңдирбе.

Кайраттуудан жалгыз сен

Карысаң да эр элең,

Кабыланга күчү тең...

Миң-сандаган кол келсе,

Мен элем сага ишенген.

Атам мурас карысың,

Алдырба элдин намысын.

Баатырлыктын белгиси

Алдына Экез барышың.

Алаптап келген кырк ууру

Сенин эрдигиңди таанысын!..

Көкүрөгүң көнөктөй,

Балтыр этиң чаначтай,

Эр элең Экез Манастай!

Эки миң колго кирсең да,

Акылыңдан адашпай,

Баатырларга бет келсең

Сайышчу элең талыкпай.

20.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.