КУРМАНБЕК
ЭПОС
- Мен айтайын кырк жигит,
Кашкардын ханы Акканды:
Бүлүндүрбөй асырап,
Өз элин жакшы бакканды.
Үрүмчү, Манас, Үч арал
Бу да карайт Акканга!
Текес-Кыяз, Жаңы жер,
Кулжа карайт Акканга!
Аксы, Күчар, Алты шаар,
Турпан карайт Акканга!
Кыргыз тилин билбеген
Дуңган карайт Акканга!
Мен боломун сурасаң,
Эбине келген убагы,
Өткөн өчтү кууп алсам
Калмактан корун барында,
Өзү хандык тагында,
Кошо жүргөн деп угам,
Экез баатыр жанында.
Ушулардын баарысын
Улуулардан уладым,
Уламадан сурадым.
Эскилерден угушум.
Элимдин өчүн албасам
Курманбек атым курусун.
Корун калмак барында,
Экез баатыр жанында,
Кыргыз менен кыпчакты
Кыргын кылып бир чапты!
Кырылгандан калганы
Алым5 берип тынч жатты.
Корундун уулу Дөлөнгө
Айта бар биздин арбакты!
Угузбай элдин четинен
Ууру кылчу мен эмес,
Тим эле жаткан көп элдин
Тынчын алчу мен эмес.
Жылас кылбай Дөлөндү,
Жылкың алчу мен эмес.
Бала баатыр келди деп,
Айта баргын ханыңа,
Ханың Экез баатырын
Ала келсин жанына!
Калмактан оң миң келсе да,
Мен сыйынам багыма!
Каскактын6 учун кан кылып,
Калмактын башын маң кылып,
Каруу күчүн кетирип,
Кара шаар ичин чаң кылып;
Кан төгүшүп урушпай,
Кантип уурдап жылкы алам.
Калмакты чаап каратпай,
Калкымдын черин таратпай,
Калың кыргыз-кыпчакка
Кай бетим менен тим барам.
Түнөргөн калың жылкыңа
Түз бастырып барамын;
Кысыр эмди кысырак -
Бээ сойдуруп аламын,
Кырк миң колго барабар
Кырк жигит менин карааным.
Туш-туш жакка таратам
Кырк жигитти чалгынга,
Жанга өлчөлүү Телтору ат,
Тулпарым бар алдымда!
Менин өчүм кароолчум,
Экез менен ханыңда!
Айтып баргын, кароолчум,
Он эки күнү күйөмүн,
Ошо күндө келбесе,
От-оту менен жылкыңды
Оюм менен тиемин.
Ойронуңду чыгарып,
Ордосуна киремин.
Арманы жок камынсын,
Айткан күндө келбесе
Айласы жок багынсын!
Кароолчу бечара кырк жигиттин түрүнөн, каар менен сүйлөгөн Курманбектин сүрүнөн коркуп, өлдүм го деп убайым жеп турду эле, бирок аман кетээрине көзү жетип, кылчайып кароого шайы келбей, шашкан бойдон жөнөдү.
Дөлөндүн кайда экенин табалбай, Экез баатырга барып, өзүнүн көргөнүн, өлүмдөн калганын айтып турганы:
- Кара тоонун белинде
Кароолдо турган жеримде,
Калмак менен Кашкардын
Кошулушкан чегинде,
Дүрбү салып отурсам
Дүрүлдөп чыкты бир топ жан,
Өткөн ишти айтайын
Баатыр Экез башымдан.
Соодагер деп, кербен деп,
Өзүбүздүн элден деп,
Үрүмчү, Манас, Кашкарга,
Жолоочулап келген деп,
Мылтыктарын көргөндө,
Ойлодум эле мерген деп,
Ойлонуп карап олтурсам,
Бирөө келди алдында
Мылтык, найза, кылыччан,
Билинбей келген чалгынга.
Айбыктым жалгыз жүзүнөн,
Айдың менен сүрүнөн.
Кайрат кылып туралбай
Качып бердим түрүнөн.
Айкырык чыкты токто - деп,
Жүрөгүм чыкты үнүнөн!
Өзү коё бербесе
Калбайт элем тирүү мен.
Аттарынын баарысы –
Семизинен жараган,
Теминип койсо ыргыштап,
Чакчайып көктү караган.
Үстүндөгү баатырлар
Алп көкүрөк шаңданган.
Калмакты чаап алам деп,
Каарын тигип камданган.
Айта баргын элиңе,
Эл бийлеген бегиңе,
Атанын кегин ойлонуп,
Ан үчүн келдим чегине.
Бири баатыр, бири хан,
Аскери бар миңден сан.
Коломолуу кол жыйнап,
Кыргызды чаап олжо алган,
Алым алды эчен жыл
Кыпчак менен кыргыздан.
Баатыр Экез, Дөлөндү
Баштап кел ошол дөөлөрдү!
Айта баргын мына бу
Катар турган дөөлөрдү!
Жер майышкан кол келсин,
Көрсөтөмүн өнөрдү.
Ойроттун колу келсе да,
Ойлонбоймун өлөрдү!
Айта баргын атымды.
Ала баргын катымды,
Кыргыз менен кыпчактын
Бир канчасы сатылды.
Өткөн элдин илгерки
Чабуулга кеткен малын кууп,
Өчүмдү элдин канын кууп;
Тирүү калган туугандын,
Түгөнбөс кайгы зарын кууп,
Четиңден уурдап мал албай,
Чечинишип урушуп,
Чеп кармашып тутушка
Кандуу майдан курушуп,
Экез менен Дөлөндү
Катары менен кулатып,
Кара шаар, Камбылдын
Кара чаңын чубалтып,
Калың кыргыз кыпчакка
Калмакты бүтүн каратып,
Каарыма келгенин
Кашкарлыкка талатып,
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.