КУРМАНБЕК
ЭПОС
Бир кыйла убак өткөндөн кийин Сулайканын боюна бүтүп эркек төрөдү.
Эчен күн той берип, атын Курманбек койду. Курманбек ойноп жүрүп ар кайсы балдар менен күрөшсө кол учуна келгенин коюучу эмес. Он эки жашка келгенде эчен чоң балбандарды да жыга баштайт.
Кыргыз, кыпчак элинен кырк жигит курады. Жигитти кыркка толтуруп, туш-туштагы душманына кол сунуп, баатырларын, балбандарын дагы сайып, бала баатыр атанып, кырк жигитине кырк кара ат камдап, чарайна соот, туулга, чопкут, калкан, айбалта, найза, кылыч, мылтык, шашылышта чабыша турган шалк этме сыяктуу бардык жоо шайманын камдап жигиттеринин көңүлүн жамдап, өзү он алты жашка чыкты. Курманбек кор болгон кыргыз, кыпчактын калмактардан өчүн, кеткен кегин аламын, калмакка барамын деп кырк жигитине айткан сөзү:
- Энеден жалгыз туулуп,
Эресеге1 мен жеттим.
Жалындуу эрдин белгиси
Жалтанбай тосот жоо бетин,
Касташкан душман көп экен
Калкалайлык эл четин.
Туйгундарым жүрүгүн,
Душмандын көзүн каратпай,
Туу көтөрүп чыгалык,
Дүнүйө мүлкүн таратпай,
Убалын ойлоп илгерки
Уйкудан безем таң атпай...
Айланайын кырк жигит,
Аттанып чыксак жол болсун,
Алдымдан жолум чаларга
Кырк жигитсиң жолдошум!
Кылкылдаган кол көрсө
Кылчаябы жолборсуң...
Кылкылдаган калмактан
Коркпос күчкө толгонсуң.
Кытайга сүрдүү болсун деп,
Кыркыңа тарттым кырк кара ат,
Кылычыңар жалманса,
Кытайдын эли таң калат.
Кырк күнү жүрсө талыбас,
Кырк кара атың балбан ат.
Кылчайбай жоону качырсаң,
Кыркыңар мага кырк канат!
Жашык жүрөк жалтанчаак,
Жаман болсок кырк жигит
Ошо жаныбызда ким калат?
Калмакка сүрдүү болот деп,
Калкан тактым далыңа,
Кыргыйдан илгир болсун деп,
Кылыч тактым жаныңа;
Кырк жолдошум табылдың
Кыраанын менин багыма.
Кырылышар жоо болсо
Кылчайбай киргин жабыла!
Жан аябай кирелик
Жат душманга камына.
Куш салсак бирге салабыз,
Курбулаш өскөн балабыз,
Куруштуу2 болсок баарыбыз
Баатырлык бакты алабыз.
Эч душманга кор кылбай
Элди асырап багабыз.
Өрт жалындай жалбырттап.
Кайрат кылгын, кырк жигит.
Жанынан душман түңүлсүн,
Айбат кылгын, кырк жигит.
Жолуңдан тосуп чыгычуу,
Жоодон тынгын, кырк жигит.
Алгыр бүркүт түрдөнүп,
Тик качыргын душманды.
Кармап калган адам жок,
Акыры өлбөй бир жанды,
Өлүмдүн жолу ошондой,
Өмүрү өтпөй ким калды.
Аманат жалган дүйнөдөн
Акыры бир күн өлөсүң,
Амалыңды түгөтүп,
Ажалдын түрүн көрөсүң...
Аманыңда кырк жигит
Ар кимиң бирден дөбөсүң!.
Кор болбойсуң жигиттер
Менин аман барымда,
Жоо бөрүсү баатырлар,
Убагында шарылда.
Өзүңдү өзүң тутантып,
Өрт катары жалында!
Жаман нээттүү адамга
Сыр-сыпатың алдырба,
Бир туугандай ийменип,
Менден тартип алгыла.
Кызмат кылып турасың
Кол куушуруп алдыма.
Күнүгө акыл үйрөтсөм,
Күүмө кулак салгыла.
Күнү-түнү талыкпай
Душмандын жолун чалгыла.
Кандай жерге жумшасам,
Кыйыктанбай баргыла!
Калың калмак кол салып,
Кыргыз менен кыпчактан
Жылыга чаап олжо алып,
Ушуларды укканда
Өлгүм келет арданып!
Кыргыз, кыпчак элимдин
Кырылган өчүн албасам,
Кырчылдашып калмакка
Кызылкыргын салбасам
Курманбек атым атанган
Курусун менин даңазам!..
Камыналы жигиттер
Кара таандай калмакка,
Өрт жалындай күч менен
Өткөн өчтү алмакка!
Өксүгөн элдин айынан,
Ошол өткөн күнгө мен капа!..
Калмактын кылган кордугу
Көңүлүмдү кейитти.
Ар бир жылда тынчытпай,
Кыйнаптыр атам - Тейитти.
Көмөлөнүп жыгылса
Көмдүрбөптүр шейитти.
Тууган элдин убалы
Мени кантип уктатат.
Ушул ишти ойлонсо
Кандай баатыр тынч жатат?
Кырк жигит сенин барыңда
Кылчайып мага ким батат?
Элимди чаап тараткан
Экез менен Дөлөндү
Экөөнү катар кулатып,
Көрсөтөмүн өнөрдү!..
Кабаты менен сулатам,
Калмактан чыккан дөөлөрдү...
Катары менен чабамын
Кара шаар Камбылды,
Каратып алам түбүндө,
Калмактан чыккан алгырды
Баралыма келгенде».
Ким тосот менин алымды?..
Жол жүрсө карды ачпаган,
Колдон чыкса качпаган,
Алтай минсе арыбас,
Ташка салса талыбас,
Алтымыш асый болсо да,
Карылыкка толсо да
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.