КУРМАНБЕК

ЭПОС

КУРМАНБЕК

Ардактап жакшы багып ал

Аркамда жалгыз баламды.

Курдашын өлдү дегенде

Канышай өлөр мен үчүн;

Каралдымды тапшырдым

Хан досум Аккан сен үчүн

Калмактан кантип жан сактайт

Кайгырам калган эл үчүн.

Эрбейгенден сербейген,

Эбелек башы калем деп,

Эсине алып жан досум

Эли журтка салам деп.

Эркелетип багып ал

Эмгектүү жалгыз баламды.

Камыш башы калем деп,

Калын элге салам Деп,

Ханы жок каран калышкан

Калын эл сага жаман деп.

Кадырымды сыйласаң,

Кор кылбай жакшы багып ал

Каргадай жалгыз баламды».

Айласын таппай бек Аккан

Заманасы куурулуп,

Чыдабай турат Курманбек

Чымындан жаны урунун.

Жүрөгүнөн кызыл кан

Оргуп-оргуп чубуруп,

Онтоо кирди чыдатпай,

Нурдуу жүзү кубулуп.

Тилден калды Курманбек,

Сүйлөйүн десе алы жок;

Баштакыдай Акканга

Арманын айтар табы жок,

Баш көтөрүп козголуп,

Оңоло турган чагы жок.

Башын жумшак баштантып,

Башына маамык жаздантып,

Багып турат бек Аккан

Эки көзү жаштанып.

Алың кандай досум деп,

Арман менен сөз айтып,

Ыйлап турат бек Аккан.

Кырк кербенин жигитин,

Жыйнап турат бек Аккан,

Жан бурадар досум деп,

Сыйлап турат бек Аккан.

Бүткөн бойдун баарысын

Тазалап жакшы жуудурду.

Береним деп эр Аккан

Белин оңдоп буудурду.

Айыктырып аларга

Эч бир айла таппады;

Он эки, он үч күн болду

Айланышып бакканы,

Күндүзүндө толгонуп,

Түн уктабай сактады.

Түйшүгүн тартып бек Аккан

Досчулугун актады.

Курманбек баатыр көз ирмеп:

Жаным жаман кыйналды.

Жакын келчи досум — деп,

Азыраак калды жан — досум,

Айрылышар кезим — деп,

Кызматың кетпес сөөгүмдөн,

Ыраазылык суранып,

Ыраазы болгун өзүң деп.

Өлүп бара жатса да

Жан досуна кубанып,

Кан түгөнүп бетинен,

Суру канып кубарып,

Каухардай болгон асыл көз

Кетип барат тунарып...

— «Кыйналдым досум сууруп

Жүрөгүмдөн найзаны.

Таппай жатам кыйналбай

Бачым өлөр айламды.

Кетирип барат куу найза.

Жанымды кыйнап шайманды..

Кырк кербенин келгин деп,

Кыраан Аккан чакырды,

Кырк жигит деп бакырды,

Кыяматтык жан досум,

Кылчая турган күн барбы?

Айтпайсыңбы акылды,

Же жан досумдун найзасын,

Сууруп алсам макулбу?»

Көп ойлонуп бек Аккан,

Тегеренип ыйлады.

Найзаны сууруп алууга,

Артын ойлоп кыйбады.

Акыл менен жеңдирип,

Көзүнүн жашын жыйнады.

Бошоп кетип баратат

Курманбектин шайманы,

Айыктырып аларга,

Таппады Аккан айланы.

Ыкшап туруп жүрөктөн

Сууруп алды найзаны...

Колу, буту суналып,

Кор дей түшүп кубарып,

Кош чөйчөктөй эки көз

Жумула түштү тунарып.

Бурадары Курманбек

Жатып калды буралып.

Көбүктөнгөн көк түтүн

Чыга түштү бур этип.

Чымындай жаны чыркырап,

Чыга түштү чыр этип.

Аккан баштап бардыгы

Өкүрүп турат чур этип.

Кырк жигитти таратып

Туш-туш жакка чаптырып,

Турпан менен Кашкардан,

Түрдүү уста таптырып.

Даярдатып күмбөзүн

Бүтүрдү кошо чак кылып...

Күмбөзүн көркөм салдырды.

Көргөндүн көзүн талдырды.

Кереги менен жарагын

Кең Кашкардан алдырды.

Кылычынын сүрөтүн

Күмбөзүнө илдирди,

Кыямат кеттиң досум деп,

Кызматын жаза билдирди.

Сагана15 кылып койдуруп,

Таманын терең ойдуруп,

Казыга кепин бычтырып,

Калың элин чыкырып,

Сөөгүн таза жуудуруп,

Ак кепинге салдырды,

Баш аягын буудуруп,

Койду досун күмбөзгө.

Күмбөзүн салган устаны

Акысын берип узатты.

Кан Курманбек досуна

Аянбай кылды кызматты.

Алтын ооз чоң коргон

Калаасын көрүп кетем деп,

Акырет кегкен досумдун

Баласын көрүп кетем деп,

Калың, кыргыз, кыпчактын,

Арасын көрүп кетем деп,

Кырк жигитин ээрчитип,

Кыраан Аккан жөнөдү,

Кыямат кетти колунан,

Кылчайышар көмөгү,

Калмактын өлүп колунан

Кайырлашкан өнөгү...

 

Аккан күмбөздөн жөнөп, Курманбектин калаасына келе жатканда, Канышай күнүгө мунаранын башына чыгып барып, туш-тушка дүрбү салып, ханынан кабар болбогон соң акылынан танып, кийимчен жатып табыттай катып, жүрдү эле. Ошо күнү да дүрбү салып отурса бир топ жан келе жатат.

Жакындап келгенде Аккан экенин тааныды. Канышай: «Курманбекти Аккан тирүү болсо көрүп, эгер өлгөн болсо көмүп келе жаткан чыгар, жамандык жакшылыгын аяшым Аккандан угамын го» деп, кырк катын менен чыга калып Канышайдын Акканга учурашып Курманбекти сураганы:

20.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.