КУРМАНБЕК
ЭПОС
Курманбек калмак менен урушуп жатат дегенди утуп, жардам берер бекенмин деп күн-түн катуу жол жүрүп келген.
Аккан Курманбектин сөзүн угуп кырк жигити кырк кербенине карай айтып турган сөзү:
«Бизди, бизди дегендер,
Биздин камды жегендер;
Калмактан тарттың кайгы-зар,
Кандай досум болсоң да
Карууң барбы таанышар?.,
Кара канга жуулган
Кагаздай бети кубулган,
Кайсы досум болосуң,
Канат жайып эңиштеп,
Учканы турган сонорсуң;
Кызыл каны чубурган,
Топуракка жуурулган,
Как жүрөгү жаралуу,
Заманасы куурулган,
Сен кайсы досум болосуң?
Кекенишкен калмактар,
Кетириптир батыңды14,
Чыдай албай дос дейсиң,
Чын эле бейлиң жакынбы,
Анык мага таанытып,
Айтып бергин атыңды...
Алып бергин катыңды,
Катыңды окуп билейин;
Айтып бергин атыңды...
Атыңды угуп билейин
Кайрылышар дос болсоң,
Курмандык айтып жанымды
«Кудайдан» чындап тилейин;
Куру эле мени дос дейсиң
Ким экенин билейин.
Тааный албай сурап, көңүлүн улап Аккан токтолду. Курманбек таза немедей Шер байлап оңолуп, отура калып Аккан досуна карай кайра айтканы:
—Айланайын жан досум,
Ажырашпас хан досум,
Абалымды таанысаң
Аттан түшө кал досум.
Бурадарым сен элең,
Бир кучактап ал досум...
Аттан түшүп башымды
Жөлөр досум келиптир;
Айнектей көзүм өткөнчө
Көрөр досум келиптир.
Ажал жетип мен өлсөм
Көмөр досум келиптир.
Калкалап кара башымды
Жөлөөр досум келиптир.
Кара көзүм өчөрдө
Көрөр досум келиптир.
«Бул Курманбектин кызматын айтат, Курманбек болсо атын айтар эле деп тааный албай дагы бир абалын сурайын» — деп Курманбекти карай Аккандын айткан сөзү:
—Жоодураган көзүңдөн,
Дагы бир айтчы угайын;
Жанагы айткан сөзүңдөн,
Хан Курманбек сен болсоң
Кагылайын өзүңдөн,
Мен садага кетейин.
Кайгыда жаткан кезиңден
Айнектей болгон көзүңдөн,
Ачыгын айтчы угайын
Абалкы айткан сөзүңдөн,
Асыл досум сен болсоң,
Айланайын өзүңдөн,
Мен садага кетейин,
Араң жаткан кезиңден...
Тааный албай турамын
Дагы кайта сурадым;
Кара таандай калмактан
Кай себептен суладың?
Как жүрөгүң жаралуу,
Кайрыларым сен болсоң
Кантип чыдап турамын...
Жалбырап найза тепчиген,
Жаралуу экен жүрөгүң,
Жаман алда жатыпсың,
Ким экениң билбедим...
Кан жөткүрүп жатыпсың
Кайтканбы сенин тилегиң.
Куу найзага чиренип,
Бүткөн бой канга ширелип,
Жүрөгүндө найзанын,
Сыныгы турат тирелип.
Башын чайкап Курманбек
Сез баштады термелип...
«Менин жайымы сурасаң,
Теңтуш досуң Курманбек,
Тентек чал Тейит ат бербей,
Дегеле шорум курган бек;
Тер ордуна кан агып,
Теңирим чындап урган бек.
Куу найзага чиренген
Курдашың досуң Курманбек;
Куу баш чал каргап ат бербей
«Кудайым» чындап урган бек!
Куу найзага чиренип
Кубатым кетип турган бек!
Мен Курманбек курдашың,
Атам каргап ат бербей
Көздөн акты кан жашым,
Көбүктүү кара кан кетип,
Көрдөй болду бир башым.
Мен Курманбек жан досуң,
Сен элең Аккан хан досум.
Аныгы эми таанысаң,
Аттан түшө кал досум,
Араң жаткан күнүмдө
Бир кучактап ал досум.
Мен Курманбек дегенде,
Жыгылып кетти шалк этип,
Алтын купа жүрөгү
Чыгып кетти жарк этип,
Көмөлөнүп бек Аккан,
Көзүнөн кара жаш кетип,
Курманбектин алдына,
Жатып калды суналып,
Ала салып бек Аккан
Аркы-терки куланып,
Кырк жигит менен кырк кербен,
Барысы келди куралып.
Көңүлдө жок бузуктай,
Көргөндө көөнү кызыктай,
Курманбекти бек Аккан
Кучактады мышыктай.
Мышыктан бетер кучактап,
Кагылайын досум деп.
Кайта-кайта кылчактап.
Жөлөп турат башынан.
Ак жоолугун булгалап;
Арытып турат бек Аккан,
Көзүнөн аккан жашынан,
Эчен ирет толгонуп,
Ажырабайт кашынан.
— Кан куюлган койнуңду;
Шалкылдатпай жан досум
Жогору көтөр мойнуңду,
Калмак менен бет алып.
Бир көрсөмчү ойңуңду.
Жан досумдан айырып.
Жараткан эгем өзүмдү,
Жалгыз кылып койдуңбу,
Кече кысылып аткан күнүмдө,
Кытайга кыргын салганым,
Кылчайып өчүм алганым.
Чымачын ханды түшүрүп,
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.