КУРМАНБЕК

ЭПОС

КУРМАНБЕК

Дөлөнхан – үдөөм12 бүттү, көздөгөнүм Курманбекти көмөлөттүм — деп, жөнөп кетти. Курманбек жан талашып, каны чууруп, топуракка жуурулуп, жылдыз толгондо эсине келип, Курманбек тынч алар жагына карап башын жөлөр киши жок талаада калгандыгына арман кылып бир айтканы:

 

«Кадырым сурар киши жок,

Калганым ушу турбайбы;

Кадыр түндө түш көргөн

Арманым ушу турбайбы...

Башымды жөлөр киши жок,

Калганым ушу турбайбы.

Баягы күндө түш көргөн

Арманым ушу турбайбы.

Эмгектүү жалгыз турбайбы,

Жоо сайган эгиз турбайбы;

Жоголчу жалгыз турбайбы...

Жалтанбаган баатыр баш

Жаман аттан муңайды...

Жаратпай калсын жалгызды,

Жалгыз адам жардырып,

Алдырат экен намызды...

Атам какбаш бербеди,

Чаалыкпас Тору ат чалышты.

Аталаштан алтоо бар,

Айрылбады кантейин,

Аталашым жогунан

Кайрылбады кантейин..

Энелештен экөө бар,

Айрылбады кантейин,

Энелешим жогунан,

Кайрылбады кантейин!.,

Ат бербеген капыр чал

Алты ай кесик оорусун,

Аргымагың Тору атты

Кулдарың минип жоорутсун,

Маа бербеген Телтору ат

Кара ашыңа союлсун,

Маа бербеген олпогуң

Дооронуңа коюлсун,

Көрүстөнүң төбөсү,

Эки күн калбай оюлсун..,

Маа бербеген тулпарың

Көр байгеңе чабылсын,

Маа бербеген олпогуң

Сөөгүңө жабылсын

Маа арнаган каргышың

Өз башыңа табылсын...

Аяган Телтору атыңды

Кулдарың минип жарасын;

Эшигинен жем таппай,

Элдин көзүн карасын;

Ак кепиндеп, аруу жууп,

Көмөр кишим болсочу.

Кадырым сурап кашыма,

Келер кишим болсочу...

Кара көзүм өчкөнчө

Көрөр кишим болсочу...

Кара жерди кең оюп

Көмөр кишим болсочу».

Эрдин кесе тиштенип,

Чымындай жанга күч келип;

Имерилип Курманбек,

Ойлонот акыл изденип...

Көөдөнүн найза аралап,

Көкүрөгүн жаралап;

Көөдөнүнөн кара кан

Көп куюлат салаалап.

Көзүнөн аккан кандуу жаш

Эки беттен талаалап.

Өөдө турар жайы жок,

Жылып барат Курманбек

Эси оосо дем алып,

Тынып барат Курманбек.

Басарына дарман жок

Жылып барат Курманбек,

Акылы эсин аярлап,

Тынып барат Курманбек.

Эңиширек жер болсо,

Жыгылып кетет куланып,

Жараатынан жай таппай,

Жатып калат суналып.

Найза тийген жарасы

Шишик басты уланып...

Таң агарып атканда

Тамам жылдыз батканда,

Барып жатты Курманбек

Кара жолдун боюна,

 

Аңга  түшүп кетип, жолду көрө албай аңдын ичинде калып, бир жапыс жеринен тырмалап чыгып, эс алып, жээгине башын жөлөп олтурду.

Кашкар жактан калың караан келе жатканын көрүп, көңүлүн сергитип, эчен төөгө жүк жүктөгөн соодагер кербенчи экендигин тааныйт.

Кербендердин алдында кырк жигити бар, кара бара бир жоргого алтын жабдык салынып арылдатып, өтүп бараткан бирөөнү көрүп, Курманбек башын көтөрүп бир айткан сөзү:

 

— Айланайын кербендер,

Алыс жерден келгендер,

Алсыздын жүзүн көргөндөр,

Ак кепиндеп көмгөндөр.

Кагылайын кербендер,

Кашкар жактан келгендер.

Кара жолдун боюнда,

Кайыпка кайыр бергендер:

Каза жетип өлгөндү

Кайыр кылып көмгөндөр.

Келип көргүн көзүмдү,

Келип ук айткан сөзүмдү;

Итке, кушка жем кылбай

Катарыман кем кылбай,

Ак кепиндеп аруу жууп,

Айпооч13 салып, белими бууп,

Соопко жакыл болсоңор

Көмө кеткин өзүмдү.

Келип көрө кеткиле

Нурлуу шейит өңүмдү,

Ачып кеткин кербендер

Арманда жаткан көңүлдү:

Итке, кушка жем кылбай

Көмө кеткин сөөгүмдү.

Бечаралык карыптык,

Бешенеме жазылды.

Келип көргүн кербендер

Көзүмдөн аккан жашымды.

Жалгыз атым өчүрүп,

Жардын боорун көчүрүп,

Сооптун жайын ойлонуп,

Жашыра кеткин башымды.

Көмбөсөң да кербендер

Көрө кеткин жарымды;

Белгисин айтып берейин.

Алтын ооз калаамды.

Бир имерип көрө кет

Алты жашар баламды.

Алганым шордуу сураса

Айтып, кой менден саламды.

Айланайын кербендер,

Тийгизе кеткин пайдаңды.

Табалбадым айламды,

Жүрөгүм канга майланды.

Көкүрөктөн бир ыкшап,

Сууруп ташта найзамды.

Айланайын кербендер

Угар болсоң арзымды:

Убайымдуу карыптан,

Арыз угууга барсыңбы?

 

Кербендер сөзүнө кулак салып, Курманбектин жанына келди. Аңгыча эчен төөлөрдүн жүгү менен кырк кербен дагы кирип келди. Ал келе жаткан Кашкардын ханы Аккан. «Курманбек досума учурашпаганыма алты жыл болду, зайбы эркек төрөду деди эле, баласын көрүп досума учурашып келейин»—деп, кырк төөгө кызыл дилде, кырк төөгө кызыл кымкап шайы, кырк төөгө кызыл памил чай жүктөтүп, Курманбектин баласына бир кызыл жорго тай, бир кара жорго тай кылып келе жатып:

20.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.