КУРМАНБЕК

ЭПОС

КУРМАНБЕК

Кыргын салды талаадан,

Кылычынын мизинен,

Кыргын тапты аламан.

Кылкылдаган калмакты

Карышкырдай талаган...

Жердин жүзүн чаң кылып,

Жолдун мизин аң алып,

Калмактардын баарысы

Айла таппай камалып,

Бала баатыр Курманбек,

Кырып барат жаланып.

Кайра тартып калмактын,

Качырары жок болуп,

Кээ жерде Курманбек

Тура калат токтолуп.

Короз моюн Койкүрөң

Ок жалындай октолуп.

Кызыл канга малынып,

Качып чыкты калмактар

Адырлуу тоого жабылып,

Күнү-түнү сайышып,

Күч-кайратын үрөдү.

Касташканы калмактын

Кара канын күрөдү.

Өрт өчкөндөй басылды

Калмактын жалын жүрөгү.

Адатыма келдим деп,

Азабыңды бердим деп,

Кара таандай калмактар,

Сырыңды алган эрмин деп,

Кармаган экен кадимки

Алым алчу белгим деп.

Найзанын учу калкылдап,

Кылычтын мизи жаркылдап,

Хан Курманбек баатырдын

Оюнда жок тартынмак.

Калмактардын бардыгы

Качып жүрөт сандалып,

Хан Курманбек баатырдын

Кара жанын далдаалап.

Жолборс жүрөк Курманбек,

Жоготом деп жоосун чаап.

Калмактын ханы калтаарып,

Кайраты кетип жалтанып,

Кайдан баса келдим деп,

Арман кылат тамшанып;

Бара жатат Курманбек

Канын төгүп, баш жарып.

Качыра албайт калмактар,

Кайрат кылып жыйылып,

Кыйырдаган чүкөдөй

Кыркасынан кырылып.

Курманбекке калмактар

Кача берет жарылып,

Койкүрөңдү азыраак,

Эс алдырды салкындап.

Мындан мурун Койкүрөң

Сыр билбеген мал эле;

Баралына келгенде,

Телтору атча бар эле;

Жаштык кылып жалтанып,

Жүрбөй калчу жан эле.

- Эс алдырып Күрөңдү

Анан кийин кирейин,

Сары башыл калмакты

Саярымды билейин

Аралап кирип калмакты,

Аркы-терки жирейин.

Өлгөнүнөн калганын

Кара шаарга айдайын.

Кылыч менен найзаны

Кызыл канга малайын.

Кырчылдашар душмандан

Көңүлүмдү жайлайын.

 

Курманбек: оңдоп токунуп «Койкүрөңдүн алып, анан терин кыргын кургатып салайын» деп, суутуп, түшө калып, атын нары-бери жетелеп турду. Калмактын ханы Дөлөн кайра тартып тура калып, дүрбү салып Курманбектин минген атын сынап турса Телтору ат эмес экенин таанып, калмактарга карап айткан сөзү:

 

—Калың калмак элдерим,

Кадиксиз адис мергеним;

Кара шаар, Камбылдан

Камыныша келгеним,

Жаман атчан Курманбек,

Жаңыдан таанып дегдедим,

Курманбектин мингени

Телтору ат эмес, жаман ат.

Колго түшөт эми эле,

Курманбек баатыр аманат.

Түбөлүгү таанылды

Тирүү кетпейт саламат.

Курманбектин мингени

Телтору ат эмес көрүнөт.

Астында минген ат баспай,

Катуу булук салам деп,

Түш эңкейип кеткенде,

Бешимге болжол жеткенде,

Аты баспай алдырап,

Туруп берет жалдырап,

Аты жаман Курманбек

Амалсыз мага алдырат.

Калмактардын бардыгы

Качты түзгө жабылып;

Кууп келди Курманбек

Аркасынан камынып;

Телтору атты мингендей,

Тизгин жыйбай чамынып,

Түзгө түшсөң алам деп,

Түгөтө кырып салам деп,

Түздөн кырып калмактын

Түпкү жайын табам деп,

Кууп кирди калмакты

Адырма адыр сабалап;

Качып барат калмактар,

Кайра тартпай талаалап.

Кыргын салып Курманбек

Кетип барат аралап.

Камчылантып теминип,

Аты баспай шайы жок;

Капаланды Курманбек

Кадимкидей жайы жок,

Качкан менен Курманбек,

Кутулуп кетер жайы жок.

Камчыланып теминип.

Курманбектин Койкүрөң

Баспай келет демигип.

Курманбекке жеткирбей,

Кутулду калмак элирип.

Бир убакта Койкүрөң;

Таноолору бырылдап,

Такымдан тери шырылдап,

Куйрук, жалы булактап,

Кулактары салактап,

Камчыланып теминип,

Эки буту шалактап,

Туруп калды Койкүрөң

Дабдыраңдап калдактап.

Хан Курманбек ошондо

Кылчайып артын карады,

Кырк жигитин санады,

Көрүнбөдү көзүнө

Кырылгырдын карааны.

Акылсыз, урган кырк жигит

Ат алып келер. болсочу,

Кечиктирбей камынып,

Бат алып келер болсочу.

Калмактардан камалган

Карып көөнүм толсочу.

Күрөңүм баспай калганда

Күлүк  берер болсочу,

Күчүмдү улап кырк жигит,

Кирип келер болсочу.

Көмөлөнөр кезимди,

Билип келер болсочу,

Калмактан аман кутулуп,

Капалуу көңүл толсочу.

Ажал жетип мен өлсөм

Ажыратып көмсөчү;

Атасы башка арамдар

20.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.