КУРМАНБЕК

ЭПОС

КУРМАНБЕК

— Ай кыядан тамамбы

Алтын айнек нур жүздүү,

Аккан аяш аманбы?

Хан Курманбек досуңдан

Биле алдынбы кабарды.

Күн кыядан тамамбы,

Күмүш айнек нур жүздүү,

Аккан аяш аманбы?

Ардактап сүйгөн досуңдан

Алдын бекен кабарды.

Кереметтүү жан элең,

Керектеш Аккан хан элең,

Бактысы артык далайдан,

Багынчу эле далай хан.

Алтын боолу ак туйгун,

Тынарым аман бар бекен.

Айчыгы алтын саябан,

Чынарым аман бар бекен?

Айчылыктан көрүнгөн,

Мунарым аман бар бекен,

Абалын кандай болду деп,

Сурарым аман бар бекен.

Күмүш боолуу көк туйгун,

Тынарым эсен бар бекен.

Көлөкөлүү саябан,

Чынарым эсен бар бекен?

Күйүтүң кандай болду деп,

Сурарым эсен бар бекен?

Күнчүлүктөн көрүнгөн,

Мунарым эсен бар бекен?

Көрүнбөсө жалгызым

Кандай күндө калды экен...

Тирүү болсо келет деп,

Тилегиңди берет деп,

Өлгөн болсо жалгыздын

Айтып койгун аныгын,

Өзүң келе жатканда,

Алыскы жолдон тааныдым.

Баштагыдай бейлиң жок,

Басыгыраак калыбың,

Баш көтөрбөй муңайып,

Жашыгыраак калыбың...

Ошо хан Курманбек досуңду

Тирүү болсо көрдүңбү,

Ажалы жетип күн бүтүп,

Өлүп кетсе көмдүңбү?

Анык өлсө досуңду

Угузганы келдиңби.

Корксо жүрөк айрылбайт,

Колдон кеткен кайрылбайт,

Сүйүнсө маңдай жарылбайт,

Тагдырдан шору арылбайт.

Кеткендер кайта табылбайт,

Мен кайгылуу шордуу күң,

Асыл төрө бегинин,

Аманын билбей зар ыйлайт...

 

Аккан Канышайдын билгичтигине ыраазы болуп, көңүлү толуп, Курманбекти угузуп турган жери:

 

— Жазууңа көндүм алданын,

Көтөрдүм өлүм салганын,

Көрбөгөнүм бир арман,

Көк жал баатыр досумдун

Калмакты кыраан чалганын.

Жанында турган катындар

Аяштын колун кармагын.

Беш тырмагын салбасын,

Бетин үзүп албасын,

Беренинен айрылган

Бейпайга түшө калбасын

Он тырмагын салбасын,

Оң бетин үзүп албасын.

Оёнунан айрылган

Отко түшө калбасын.

А дүйнө кеткен Курманбек,

Берди эле менден саламды.

Бери алып кел Канышай

Бегиңден калган баланы...

Беренинен айрылган

Бейпайда бейбак аманбы?

Арманда кеткен Курманбек,

Айтты эле менден саламды.

Алып келчи Канышай

Асылдан калган балаңды!..

Алганынан айрылган,

Азабын тартып кайгырган,

Арсыз бейбак аманбы?..

Кара адырдын талаасы,

Как ушубу Канышай,

Кан досумдун калаасы?

Кабылдады амал жок

Калмактын сайган жарасы.

Кара жерге төгүлүп,

Кашайды көздүн карасы...

Кайсы экен бери алып кел

Ханымдын жалгыз баласы...

Топурагы чаңдаган

Турпандын жайык талаасы,

Туурасы бийик чоң коргон,

Туйгунумдун калаасы,

Туюктанды айыкпай

Душмандын сайган жарасы.

Топуракка төгүлүп,

Тунарды көздүн карасы...

Кайсыл экен алып кел

Туйгун достун баласы...

Жолдо коргон көрүнсө

Четинен тийип өт деген.

Жоодон калган жалгыздын

Бетинен сүйүп өп деген,

Бери алып кел балаңды

Береним досум Курманбек,

Менден айткан саламды;

Бетинен еөп сүйөйүн,

Медер кылып жүрөйүн,

Бегимдей белги таппасам,

Калмакты карай жүрөйүн,

 

Ошондо Канышайдын жүрөгү кабынан чыгып кете жаздап, көзүнөн жашы талаа-талаа болуп айтып турганы:

 

— Анык эле өлсө жалгызым,

Аял деле болсом мен бейбак

Аркамда турат ойлонсом,

Арым менен намызым.

Адамдын кылар ишиби

Алганынан айрылып,

Ары жок жесир калышым...

Аруу16 жесир болгунча,

Ары жок атка конгуча,

Жаңыртып эрге тийгенче,

Жазыгын тартып күйгөнчө,

Жаман жерге кор болуп,

Жалдырап ыйлап жүргөнчө,

Которуп эрге тийгенче,

Кордугун санап күйгөнчө,

Жаман эрге кор болуп,

Комутта калып күйгөнчө.

Арка чачымы тарайын,

Ажалсыз өтө калайын,

Акырет кеткен жалгыздын

Аркасынан барайын,

Ары жок жесир атыгып,

Кимдин көзүн карайын?..

Желке чачымы тарайын

Жетпесе ажал мейличи,

Жарынып өлө калайын,

Шейит өлгөн жалгыздын,

Жетегине барайын,

Шерменде жесир дедирип,

Кимдин көзүн карайын...

Деп ошондо Канышай, 

Ок тийгендей тырп этип,

Уу ичкендей шылк этип,

Таранчыдай тырпырап,

Анда-санда чыркырап,

Жанындагы кырк катын,

Жалпы ыйлады зыркырап,

Айласы кетип бек Аккан

20.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.