СААДИ
Таржебанд
Көөнүн бастым сулуунун: — Кайыр кош! — деп бир күнү,
О, махабат жутпадым сени чаңкоом канганча.
Ал соңунда мага айтты: — Бу кылганың жарабас!
Махабаттан болобу кымбат нерсе жалганда?!
Демек өзүң сүйүүгө арзыбаган бирөөсүң,
Артка кайтмак эмес дос, ажал келип алса да!
Билгенсиң да миңдеген тикенекти кармарың,
Роза гүлдү ажайып тандап алып жатканда.
Кантип аны үзмөксүң тикенегин кармабай,
Кантип четте калмаксың кеп— сөз болбой нааданга?!
Сүйүү үчүн кара жан садагага чабылсын,
Тагдыр сени ал үчүн так чекеге атса да.
Айдай жарык бермекпи тобу менен биригип,
Сансыз жылдыз жымыңдап, тиги түнкү асманда?!
Акча, байлык барысы колдун гана киридир,
Жашоо-бакыт экенин сезет зирек жан гана.
Анан дагы ушак сөз— ууга тете биле жүр,
Сүйүү гана толкутар өмүрүңдү наздана.
Айталбаймын ашыктын көтөргүн!-деп кыялын,
Отурбагын сен дагы кыялыңды жаздана.
Зирек адам эч качан божомолдоп жашабайт,
Жообу даяр сурасаң, мейли кечте, таңда да.
Сары майга жеталбай “сасык!” — деген мышык көп,
Баса калып жээр эле эгер жерге тамганда!
Март адамдын колунда болсо чачып жибермек,
Ошондуктан ал окшош кирип турган дайрага.
А сен Саади, керемет чоң байлыктын ээсисиң,
Ал керемет байлыктан кулпурууда айлана.
Казалыңдан а көрө окуп жибер сыйкырдуу,
Жан кирүүдө тигинтип жансыз турган Айга да!
Которгон: Таштанбек Темирбекович ЧАКИЕВ
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.