СААДИ
Таржебанд
1
Моймолжуган көздөрүң эзет жанды,
Мойнуңдагы оромол, анан дагы
Кылыктарың, секетим, кылыгың ов,
Мени өзүнө ишенсең арбап алды.
Билбейм кандай күнгө туш болорумду,
Күн кечирип, өзүң-деп тосом таңды.
Ашыктыктан өзүңө эс-масмын мен,
Айтчы, ардагым, ала элек эмнең калды?!
Жалгыз сен-деп жанымды сабап келем,
Унтуп коюп жигиттик намыс, арды.
Сага гүлдүн сулуусун теңебеймин,
Деги айтчы өзүңө теңдеш барбы?
Көралбастар кеп кылат мени минтип,
Көр дүйнөң ов, жараткан ичи тарды!
Сен аларга асылым эм болсоңчу,
Ак өргөмдө ажайып тозуп таңды.
Айжамалың ардагым, элжиретет
Тулку бойдо жүгүргөн кызыл канды.
Бирок, мынча мерессиң, асылкечим,
Жүрөгүмдө жараттын калды тагы.
Бир сөз айтчы, бай болгур, күлө багып,
Ошол жетет, жай алсын Саади дагы.
Өмүр чиркин өтүптүр куру бекер,
Ачылар —дейм моминтип анын багы.
Көңүл тынчып, иш кылам анан барып,
Унут калат көр дүйнө көрксүз жагы.
2
Кандай гана чарчадым, бүттүм чарчап,
Тирүүмүнбү же өлүк, ойлойм калчап?!
Сенин ышкы сүйүү отуң арбайт мени,
Көпөлөктөй мейли өлсөм, отуң жалмап.
Бирок дагы мерессиң, мейли дечи,
Бир сөз айтчы, бай болгур, келем самап.
Сенин гана ысымың кайталаймын,
Сенин гана элесиң келем жандап.
Сенден калып ажырап, айлам кетти,
Бирок жаным өзүмдү койдум алдап.
Жүрөгүмдө сырым бар, ачкычы жок,
Мейли, канча сураба алдап, каргап!
Таш боордугуң о, сенин өлтүрөт го,
Мени минтип бир күнү жарга такап!?
Акылдуулар качышат курч болоттон,
Босогоңдо жатамын тартып азап.
Неге мынча жөнү жок мөгдүрөймүн,
Андан көрө турганда Теңир жалгап,
Бейпил өмүр кечирип өткөнүм оң,
Иш үстүнө иш кылып, максат арбап!
3
Ай жамалың беш көкүл жабат сенин,
Ай тамагың секетим. Айткан кебиң!
Кылыгың ов, кылыгың, садагасы,
Кылчак карап өткөнүң алды эсим!
Оозуң— оймок жарашкан келбетиңе,
Оюмду ойрон кылды го минтип менин.
Дүйнөң түшкүр, махабат азабын айт!
Таңуулаган адамга кудай эркин.
Туш тарабым алоолоп күйүп жанат,
Жанар тоодой атылып кайнайт сезим.
“Сабыр түбү— сары алтын” — дейт эмеспи,
Сары ооруга чалдыгып жүргөн кезим.
Балким, өмүр кечирем жай турмушта,
Мен жөнүндө мейли, ким — эмне десин.
4
Бут алдыңа төшөшөт минтип сенин,
Бу көпчүлүк убада жана кебин.
Үр кызы да бузалмак эмес, бирок,
Жалгыз сага арналган жигит эркин.
Кантип эле бу чымын учсун таштап,
Оозго тийген бал дамдуу канттын четин.
Канча кылым өткөнүн билесиңби?
Ай чырайлуу жаралган жалгыз сенсиң!
Садагасы, ышкы отум артып барат,
Бир нерсе кыл, жабыркап калды эсим.
Жоро-жолдош айтканы эсимде жок,
Алванд тоодой азапка батты сезим.
Айтчы мага арзышкан адамыңды,
Кудай акы, түбөлүк досум! — дейин.
Менин минтип жалооруп жатканымдан,
Же болбосо, — бир байкуш, неме! — дээрсиң.
Кашабаңдай кайберен сезген жытын,
Каалап келсем каарыңа алган сенсиң.
Мына ошентип турмуштан алдым сабак,
Мейли, турмуш сазайым колго берсин.
Бирок мени мөгдүрөп калат-дебе,
Ортосунда жүргөндө асман, жердин.
Зор максат бар аркалап келе жаткан,
Ошол менин өзүңдөн алчуу кегим!
5
Билмексен боло көйкөлүп басып келесиң,
Бийкеч ов, бийкеч, азабым колго бересиң!
Кашыңды кагып, көз кырын салып койбогон,
Билалбай жүрөм деги сен кандай немесиң?!
Ашыктын бары үмүттү сага артышкан,
Көктөгү Күндөй булуттан издээр жебесин.
Сен болсо албай теңиңе бирин алардын,
Сары оруу кылып, санаага мени эзесиң?!
Арызым айтып барсам да болмок төрөгө,
О, курган сүйүү, мынча бир кымбат белемсиң.
Укканым артык жалжалым бирок сен үчүн,
Тагдырдын мага буюрган катуу жемесин.
Арзыган жандан айрылып минтип калгыча,
Балтага койгун башыңдын берсин эсесин.
Теңирден жалгыз сурарым берсин — махабат,
Калың эл мени мейли, эми эмне-дебесин!?
Аярла, аңда, кыйчалыш тагдыр, сак болгун,
Карекке уруп, кетпесин бейжай жебесин.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.