Даат
Аалы Токомбаев
Жигит олтура калып, чалдын буту-колун кучактап, көзүнүн жашын төгүп жиберди да:
– Олуя ата, менин күнөөмдү кечириңиз. Оокат кылуу үчүн мага жардам кылыңыз. Сизге колу тийген акмак– менмин, – деди.
– Сенин күнөөңдү сени ким жаратса, ошол кечет. Мен олуя эмесмин, жашоо үчүн күрөшкөн кишимин. Менден эмне сурайсың? Айт? – деди чал. Анын кылгандарын кектеген жок.
– Мына, ата, – деди жигит, ыйлап туруп: – Мал берип жакындашкан атамдын алтымыш досу өзүмдүн кырк жолдошумдун бардыгынан айрылдым. Дүнүйөм бүткөндөн кийин, үй оокатымды сатып жедим. Досторум болсо: «Азыр эчтеме жок. Малдын баарын жүгүртүп жибердик» – деп жооп беришти. Акырында бир күндүк, эки күндүк оокат беришти да, ошону менен жок болушту. Мына, эки күн болду, ачкабыз… Бизди өлүмдөн куткарыңыз. Мага бирдеме үйрөтүңүз. Мен сизге түбөлүк кул болоюн, – деди жигит.
Чал жигитти кайта өзүнүн кепесине алып барды да, анын колуна жаңы көтөрмө, жаңы чот, керки берип туруп:
– Жүр эми, балам! Адамдын колунан баары келет. Отун сатабыз, оокат кылабыз. Жүр, – деди.
Жигит кубанганынан дагы ыйлады. Чалды ээрчип барса да, көнбөгөн жигит эчтеме кыла албады. Чал унчукпай гана отунду жыйнап экиге бөлүп таңып:
– Эми, балам, көтөргүн, – деп өз отунун көтөрүп жолго түштү. Жигит аябай кыйналып, бир аз көтөрүп жүрдү да, темселеп олтуруп калды.
– Эчтеме эмес, балам. Көнөсүң, – деди да, эки жүк отунду алмак-салмак көтөрүп наавайчыга жеткирип, андан он нан алды.
– Мына, балам! Сенин отунуңдун куну беш нан болду, меники да беш нан болду, – деди чал.
Жигит дүнүйөсүнүн бардыгы кайта келгендей кубанды. Анын үйүнө кадимки турмуштун түрү кирди…
Ошентип, аз-аздан жигит ишке көнүгө баштады. Ошондой болсо да чал аны өтө аяды. Отундун коюу жерин ага таштап, өзү тырмалап тоолуу жерге чыга турган болду. Бир күнү чал тоонун боорунан отун алып жатып, тайгаланып барып үңкүргө түштү.
Ал үңкүрдө эки чоң кумура турган экен. Чал кумуранын оозун ача койсо, толтура алтын. Кубанганынан бакырып жиберди. Жигит сүйүнүчтүү чалдын үнүн угуп:
– Атаке, эмне болду? – деп кыйкырды.
– Балам, алтын! Алтын! Кел, алтын таптым! – деп бакырды. Жигит тез жетип алтынды көрө коюп:
– Атаке, бул байлык менен хандыкты да сатып алууга болот. Менин жоготкон байлыгым мунун чейрегине да келбейт. Эми сиз бактылуу болуңуз, – деди.
– Э, балам! Бакыт алтында эмес. Алтын алдамчы болот. Алтынга ишенүүгө болбойт. Пайдалана билсек, бул алтын уулдун уулуна жетет. Кана, балам, экөөнүн бирин тандап ал. Бул экөөбүзгө тептең олжо, – деди чал.
– Сиз тандаңыз. Сизден калганын мен алайын, алтын сиздики, – деди жигит.
– Жок, балам! Менин өмүрүм кичинекей эле калды. Мага бирөөнүн эле чейрегинин чейреги жетет. Сен ал, балам, – деди. Жигит үңкүрдөн кумураларды күч менен көтөрүп чыгарды да, көбүрөөгүн сезе койгон эмече: «Мен мына мунусун алдым», – деди.
– Эмесе жүр, балам, – деди чал кубанып.
Тоонун боорунан эптеп түшкөндөн кийин кумураны кум менен тегеретип жүрүп отурушту. Күндүн ысыгы ого бетер чекеден өтүп, чарчап да, тердеп да болушту.
Улам эс алган жерден кумуранын оозун ачып жигит дилделерди кармалап келе жаткан эле. Бир кезде анын ичине ылайланган арамдык сызылып кирди. Чалды өлтүрүп, алтындын бардыгын өзү алмакчы болду. Чал аны сезген жок, деп Акыл аке казанга күрүчүн салып, отту саал кичирейте баштады.
– Ээ, анан эмне болду? – деп уурулардын бирөө Акыл акенин жүзүнө карады.
– Азыр, балам, азыр! Окуя эми кызып келе жатат, – деп сөзүн узартты.
Чал жигитти күтүп олтурган эле. Жигит жете келди да:
– Атаке, дем алып алыңыз. Алтын эң эле оор болот экен, бул канча алтын болду экен? – деп кумураны ары-бери козгоп, ичиндеги кыянатын ишке ашырууга ойлонду
– Ээ, балам, – деди да чал жылмайып, – алтын канча көп болсо, анын чатагы да ошончо болот. Бул алтын бизден кийин да далайлардын колунан өтөт. Алтындын куну кетмейинче дүйнөдө калыстык болбойт. Бул алтын кимдердин башын жебеген дейсиң. Дагы далайдын башын кемирет, – деп койду да, терең ойго батып кетти.