ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Сыртка чыгышты. Чыкканы менен ары кетип, бери кетип далайга кыжылдашты.

Сөөк башында жалгыз калган эже-сиңди эми өз камын көрүштү. Эжеси Элестин башындагы кара жоолукту оңдоп, сылап-сыйпап минтти:

– Элес, ыйлаба, арбак баарын угат, сен өз сөзүңдү айттың, арбагы ыраазы болот. Биз милдетке турдук, калганын эркектер чечсин. Эх, ушундай да күйүт болорбу!

– Мен сага ыраазымын, эжеке! Сен чын эле менин энемсиң. Арсендин тагдыры неге мынча чукулунан өзгөрүп кеткенин ойлоп жатам, эжеке. Ал аябай акылдуу жана адилет эмес беле. Кыз кезимден бери анын жазгандарынын бирин калтырбай окучумун, теледен сүйлөгөнүн жылбай отуруп укчумун. Сүйгөм, эже, ал дагы сүйгөн, бактыбыз менен сүйүүбүз кандай эле... Эки дүйнө ээлеген эки өмүргө жетмек. Анан... Акыры ушул болду, барс менен моюндашып үңкүрдөн жаны үзүлдү. А тигилер болсо үңкүрдү жардырып көөмп салгылары келишет, жер менен жексен кылгылары келишет. Бул эмнеси? Урматтагандыкпы же кордогондукпу? Бирок мен үчүн ал эми ыйык, касиеттүү болот. Мейли кыз болсун, мейли эркек болсун, күмөнүм бир күн чын болуп калса Арсен Саманчиндин атын өчүрбөй, жазыксыз жазалангандын тукумун уласа болот эле.

Боору бирлер боорунан күйүп турушту.

Жоронун кабагы жерге түшүп келди, ары кетишип, бери кетишип жатып бир сөзгө келише албай койгонун, Таштанафган кара дил болуп көшөргөнүн айтты. Дагы жакшы, тигил аксым эртең мененкиге чейин убакыт бериптир, шеф Бектур менен акылдашамын, күтүп тургула, ал эмне дейт, күн муруту чыга электе келемин, ошондо баары чечилет дептир.

Түн ичинде от боюнда отуруп ал Арсен экөөнүн баласын жетелеп алып анын бейит башына барып тураарын тагдыр буйруйт бекен деп ойлонду. Ошо кезде алыскы тоолордон: «Сен кайдасың, жан биргем, сен кайдасың, добуш берчи менин сүйгөн мергеним!» – деп Кызкайыптын боздогону угулду. Ал ага дилинен шыбырап: «Кызкайып, мен сени угуп жатамын, эми мен да сага окшоп жалгыз калдым, өзүмдү өзүм каралуу жесир атадым, ал экөөбүздүн кандан бүткөн балабызды жетелеп бейитке барар тагдырды бере көр деп бир Кудайга жалынып жатамын...»

Кудай бар экен, эртең менен иш жакшы жагына айлангандай болду. Ооба, күнөөнү сезүү кээде ушиңтип кечигип келет турбайбы, анын үстүнө түбөлүк өзү менен өзү күрөшүүнүн жолу да татаал болот окшобойбу, анткени өз күнөөсүн мойнуна алуу үчүн ар дайыма ай-ааламды жакшылык менен тазалап, өзүңдөгү карөзгөйлүктөн кол жууш керек. Ошентиш керек. Ошондой болду, эртең менен Таштанафгандын балдары замбил, кепин, жабуусунан өйдө алып келишти. Сөөктү замбил менен капчыгайдын оозуна чейин колмо-кол көтөрүп алып баруу керек, аерде шеф Бектурдун жиби, башка машиналар күтүп турат. Иш жайында, ал тургай Моло-Таш үңкүрүн жардыруу да кийинкиге калтырылса керек, а балким, жардырышпай калгандыр. Айтор, шеф Бектур ага сөөктү алып келгиле дептир, а Жаабарсты болсо ошо тоо арасына көөмп салгыла дептир.

Өзүн өзү каралуу жесир атаган Элес сөөк салынган замбилди көтөрүп бараткандардын артынан түштү, андан соң анын эжеси Кумар, аттарды куюшкандай жетелеген Жоро келатты.

Таштанафган эмне болуп жатканын эч ким билген жок, ал сөөк көтөрүп, аза күткөндөрдүн эң артында ат жетелеп келаткан. Байкагандар аны көзүнүн жашын токтоталбай ыйлап келатты дешти. Ошентип келатканда эле ал башындагы аскер шапкесин күтүлбөгөн жерден жулуп алып, кырбусунан кармап туруп алынын жетишинче алыска ыргытып жиберди.

Элес болсо сөөк артынан баратып Арсен Саманчин айткан Кызкайып тагдырын дагы бир жолу эстеди да, анан: «Кызкайып, мен сени угуп жатамын, угуп жатамын. Мен кайрылып кайра келемин, издеп жүрүп, бир өзүңдү табамын, андан кийин сен экөөбүз кучакташып алып чогуу ыйлайбыз. Мен сага сеникине окшош дил күйүтүмдү, тагдырымдын таш ыйлаган арманын айтып беремин. Күтө тур, мен жакында... ооба, мен жакында келемин...» – дилинен сүйлөп, дилинен сыздап баратты...

Ошо күндөрү жалган-чынын жан билгис дагы бир имиш сөз чыкты. Канча бир жолу ок тийип, анан ошондон улам Моло-Таш үңкүрүндө жан берген узун куйрук, казан баш барсты ал жерден алып чыгып, ошо тегерекке көөмп салуу үчүн Таштанафгандын эки баласы келет. Кудая-тобо, ошондо Жаабарс үңкүрдө жок болуп чыгат. Жараткандын амири менен кайдадыр ың-жыңсыз жоголуп кеткен болот. Кийин-кийин аны ошол улуу тоолордон көрдүк, Кызкайып алып кетсе керек дегендер да чыкты. Көрдүк дегени ушу, Жаабарстын көлөкөсү же караанын көрүп жүрүштү. Ал эми аска тоолордогу мөңгү-карлардан Жаабарстын албан-кубат айбаттуу изин көптөр көргөнүн, көргөн кезде аза бойдон ал качып калчылдап кетишкенин айтышты. Чын эле ал улуу тоолорду кыдырып, түбөлүк улуулукка айланып жүргөн чыгар... Ал ошондой жаралган...

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.