ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Эжеси шолоктоп ыйлап жиберди.
– Ой, бизди да кырсык чалды окшойт. Элестин үнү чыкпай калды, ал Арсен дегенине жанын берип койгон да. Эми эмне болот? – деп кыйкырып-өкүрүп кирди.
– Ой, токтотчу! Кыйкыргандан эмне чыгат? Күйөөсү аны тынчтандырууга аракет кылды. – Элес келсе, мен аны тоого, ошо Моло-Таштын өзүнө алып барайын. Кааласаң сен да баргының. Аерде эмне болгонун Элес өз көзү менен көрсүн, түшүнсүн. А сен өзүңдү жөн эле кыйнай бересиңби?!
– Эми эмне кылам? Ал эми эмне болот? Барсак баралы, бирок балдарды кантебиз?
– Балдар чоңоюп калбадыбы, эч нерсе болбойт. Бир-эки күнгө чыдашат, малды карашат. Кошуналар турбайбы, алар да көз салышат.
Элеске жаман иш болду, артынма баштыгын шак жонуна салды да:
– Бүттү! Өзүңөр бара бергиле! Саратовго керек документтер мына. Алгыла. Мен азыр айылга, тоого шашылыш кетишим керек, – деп ар бир сөздү баса айтты.
– Эмне, бирөө каза болуптурбу?
– Мүмкүн.
– Келгенде жолугушабыз да?
– Мүмкүн.
– Биз эмне деп айталы? Товарларыңа келесиңби?
– Мүмкүн.
– Ой, деги сага эмне болду? Айтчы? Мүмкүндөн башка сөзүң жокпу?
– Мага тийбегиле! Айтарымды айттым, бүттү. Өзүңөр бара бергиле!
Ушинтти да ал вокзалдан четке чуркап, элди аралай куюн түшүп баратты. Эл анын эмнеге безилдеп баратканын билишсе го...
* * *
Билишсе го... Жүрөгүн өрттөп, жүлүнүн тилген күйүтү мейкинден мейкинди аралап, анан ал ошол эле маалда чагылганы ойногон кара нөшөр менен бирге жанына жаны кошулган жалгыз сүйгөнү жоголуп кеткен Үзөңгүлөш тоолоруна ак жибек болуп төгүлүп, ушу азыр ал Кызкайыпка кошулуп алып улуу тоолорду түрө кыдырып жүгүрүп: «Жараткан, мага жардам бер, эгер көрсөң айтагөр мага», – деп баратканын ким билмек да, ким элестетип ойломок.
Ошол күнү ошол улуу тоолордо аскаларды жаңыртып күн күркүрөп добул сокту, чагылгандын көз тилген жарыгы кокту-колот, өзөндөн бери жаркытып, айтор, кечке чейин кара нөшөр жер сабап турду. Жамгырдын алай-дүлөйүнө кошул-ташыл болгон күүгүм да бара-бара түнөргөн түнгө айланып баратты. Бул жайда мындай көз ачырбаган жаан көптөн бери боло элек эле, төктү. А Моло-Таш үңкүрү болсо барган сайын караңгы тартып, ичи муздай берди.
Капыстыктанбы, же тагдырдын эрки мененби, айтор, бул үңкүрдө калгандар үчүн караңгы менен муздактын эч кандай таасири болбой калган. Бир күндүн бир маалында өлүмдү бирге тосуу иши маңдайына жазылгандар экөө эле, жаны чыгып бараткан адам менен жаны чыгып бараткан жырткыч. Экөө тең аламан атышууда жаңылган октон, а балким, атайы мээлеп аткандан, жарадар болгон бул экөө өмүр жолун бирдей карытып, өмүр күнүн бирдей батырып жатышкан. Кимди ким атканын эми териштирип кереги не? Аздан соң алар изсиз түбөлүккө кетишет, ошол үчүн мына бул күн тийбес жайда күн тийген жердин көйгөйү тагдырды кайдан өзгөртмөк...
Жараттарынан аккан кан басылбай алдан тайып кансыраган кайран Жаабарстын деми кысылып бүттү. Козголууга дарман жок, алдыга сунулган колдоруна мурдагыдай эле ат көтөргүс килейген башын коюп, бут тартарга каруу жок сулап, ажыдаардай куйругу айбатынан айрылып, ыргытылган буюмдай капталында жатат.
Жаны чыгып бараткан Жаабарстын жанында, жаныма жайлуу болсун деп капталына сүйөнүп Арсен Саманчин жаткан. Ал ага: «Акыркы жайга кетерде кездешкен экенбиз да» – деп койду.
Барган сайын Арсен Саманчиндин капталы канга чыланып, анан анысы таштак жерге сиңе берди. Алдан тайып, аркы дүйнө босогосунда турганы менен акыл-эстен кайта элек, ал ошонусун, өмүрүнүн соңку байлыгы болгон ой жүгүртүүсүн мүмкүн болушунча жоготпоого тырышты. Ошентти, анын үстүнө көкүрөгү таза турганда бир нерселер жөнүндө ойлоно алмак, өткөнгө кайрылып, билип-билбей кетирген күнөөсү канчалык экенин ойлоду. Атаганат десеңчи, өлүм алдында да сүйүү болот экен, сүйгөн адам сүйгөнүнө жолугат экен, ал Элеске жолукту, ал Элеси менен коштошту. Бу дүйнөдө аларга сүйүү менен бакыт ченеми жок берилген эле, азыр да ченеми жок кеткени жатат.
– Кош бол, Элес. Ишке ашпай калган кыялдар үчүн мени кечирип кой. Сага таазим кыламын. Кошкун, жаным, кош болгун. Тилегиме жетпей калдым... Жазасын төлөп жатамын... Мен күнөөлүүмүн...
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.