ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Ошол эле маалда ал өзүнүн жеке турмушун да унуткан жок, Элестин жүргөн-турганы, мүнөзү жакты, көз караштары да жакын экен, баш кошуп бирге жашасам болот деп ойлонду. Турмушка да бышык көрүнөт, шаардан-шаар кыдырып соода кылган адам тынч отура албайт, андайда чоюлуп чай ичкенге чолоо жок. Анан да качанга чейин бойдок жүрө бересиң деген жакындарынын жемесинен кутулат, «Черчилль байке» атка конгон Бектур ага, өз агасы Ардак, башка эки ата, үч ата өтүшкөн туугандары да тынч алып калышмак. Тагдыр байлап, кол кармап бирге жашаганга Элестин көңүлү бар, жазмыштын жаңы жолуна ал даяр. Ошол үчүн эркек катары анын колун сурап, сунушун айтмак жол Арсендики.
Жол ачылып турган, баш кошуп шаарга кетүүгө ал деле макул болмок, дил-пейил байланышып, көңүл алышып, ниет биригип калган. А бирок азыр аны айта албай туру, «Мергендин» иштери бар, ханзада дегениң келиши керек, мергенчилик кылып көңүл ачышы зарыл, анан ошол иштер аягына чыккан соң гана жүрөк каалоосун, көкүрөк сөзүн айтуу кажет. Аманчылык болсо ал деле болор, аз калды, бүт баары босогодо туру. Кулагы гитарада болгону менен жогорудагы ойлорун салмактап, турмуш сабагын таразалап баратты, аны өзү ойлогондой бир башкача ой басты, болгондо да жаңы дүйнөнүн ою басты. Турмуш өз өкүмүн чыгара берет экен, тоскоолдукту тоготпой коёт экен. Ушу жерден да ошондой болбодубу, дегдеген Таштанафганы, анын касамдашкан кадырлаштары кыргыз кылбас кыянат-кылмыш кылмакка Абыке болуп асылып, Көбөштөй көгөрүп жатышпайбы. Буларды ойлонбоюн деген, өзүн өзү жазалоодон баш тартып, өзүнө өзү сөз берген. А бирок дил кыйноодон кутулуп кете албады. Таштанафган өзү айткан бир өмүрдө бир болчу байлыктан, өз кызыкчылыгынан кечип, өз айылы, эли-журту эмңе болору жөнүндө ойлоп, эсине келет деп Арсен өзүн ишендиргиси келди.
Өзүңдүн керт башыңа таандык нерселер жөнүндө ойлогондо бу дүйнөнүн карама-каршылыктан жаралганын сезбей койбойсуң. Ааламдаштырууга ач бөрү болуп асылган Таштанафган деле жок жерден зордоп, матап жатпайбы. Анын ою боюнча ошол дүйнөлүк ааламдаштырууга каршы чыгуу да террордуктун ыкмасы. Кандай гана иш болбосун өзүн өзү актоонун себебин таап турат. Тоолордо да өзүнүн Че Геварасы болуш керек деп бекер айткан жок, оюн карабайсыңбы, ошол Че Геварага жетмек кайдан. Көк, өзүнүкүн өлсө да бербейт, аны көндүрүп көр! Булар үчүн өмүр менен өлүмдүн айырмасы жок, оюнчук көрүшөт. Түпкүлүгү жанагы миллиондогон, атүгүл миллиарддаган долларларын кайда жумшарын билбеген, кумдай көрүп кумарга сайган дүйнөлүк байлар үчүн бизнес аңчылык да табакка куюлган суусундук эмеспи. Ошол үчүн тиги кара мүртөз Таштанафган энчисинин колго тиерине мээкара көк жинди болуп, акылдан ажырап бүтүптүр.
Болду, жетишет. Баарына кол шилтеп жоголуш керек! Кайда жоголуш керек, кантип жоголуш керек? Болуптур, өз жаныңды эптеп сактап каласың, а калгандар эмне болот? Ушинтип ага түркүн ойлор келип жатты, анан бул болбостур дедиби, айтор, Элеске:
– Элес, бир ой бар, кандайдыр бир себептер менен тоолордо, тигил үңкүрлөрдө баарынан кечип, жашап кетсем сен эмне дейт элең? – деп калды.
– Бирге болсок мен деле жүрө бермекмин. – Элес буйдалган жок, тескерисинче, анын ийинине чекесин жөлөдү.
– Жок, Элес, мен чын эле айтып жатам. Кел, менин жаныма отурчу, сүйлөшүп алалы, айылга он чакырымдай калды. – «Нивасын» токтотту, Элес алдыңкы орундукка отурду. Арсендин көөнү жайлана түштү.
– Сен чын эле үңкүрдө жашагың келеби?
– Билбейм, а сен эмне үчүн макул болуп жатасың?
– Сен аны билген жоксуңбу? Сага аябай-аябай жаккым келип жатпайбы?
– Туура. А мен сага жаккым келип жатат.
– Чын элеби? Анда бири-бирибизди жакшы көрүп, сүйүп, тоолордо жашай беребиз. Үңкүрдө жашаганда сен эмне иш кыласың?
– Менби? Мен табынып турам, сага теңирчилик боюнча лекция окуйм, асманга табынган ушундай бир илим бар.
– Молдолор билип калышып, үңкүрдүн оозун корумдап бекитип салса кантесиң? Бирок үңкүрдө жалгыз калам деп эч бир коркпогун, мен жаныңда болом, жан биргем.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.