ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Арсен Саманчинде үн жок, тыйын майдалаган адамдай болуп отурат. Ал адамдын колу тургай дити баргыс каргашалуу иштин мыкты ойлонулганына, тоодогу диверсиялык иштин программасын канчалык көбүрөөк түшүнгөн сайын ошончолук балээге башын байлап жатканын, бул Ташафганчы беш бөрүнүн айды жанган азуусу алкымдан алып турганын, ошондуктан жөн эле макул болбой кутулуп кетүү мүмкүн эместигин, арам ишти билиштин өзү алардан күнөөсү аз эмес экендигин билди, а чынында анын колу-буту байланып, тил-оозу жок жалдырап тозоктун босогосунда турган.
– Санааркаба, Арсен, – деди Таштанафган. – Тобокел дейбиз, бирок сага бүт бардыгын жашырбай айттым, акылдан чыккан тобокелдик. Улуу тоолордон улуу көчкү жүргөн кезде ал жердегилерди алаамат алат, канат какканча канча бир кушуң кетет, анча-мынча тик учканы гана тирүү калбаса, бүт бардыгы жер жуткандай болот. А балким, биздин маңдайыбызга тирүүчүлүк жазылгандыр?
Арсен Саманчин ийинин куушуруп койду:
– Убайым тартканым жок. Мен өзүмчө эле ойлонуп жатам.
Ошо маалда анын чөнтөк телефону чырылдап калды. Экөө тең селт эте, ойлорун баштан качырды. Арсен Саманчин англисче сүйлөшө баштады, анысы тайманбаган Ташафганды ого бетер шекшинтип, тигил араб бир нерсени билип же көрүп калган жокпу дегенсип алапайын таппай кетти. Качан гана Арсендин жүзү жанданып, үнү ишенимдүү чыкканда жүрөгү ордуна келди. Беш мүнөттөй сүйлөштү. Ал Арсенден Боб деген атты мурда уккан. Ушундан улам ал: «Ооба, Боб! Жакшы болот, Боб!» – деген сөздөрүн гана божомолдоп түшүнгөндөй болду. Ошондой экен, ханзада Хасандын басма сөз катчысы Роберт Лукас телефон чалганын, ак карлуу аскар тоо жери үчүн жаңы моделдеги альпинисттик кап-төшөктөр, башка керектүү буюм-тайымдарды үч адам 15-июль күнү алып келет экен. Ошол эле самолёт менен бул аймактын табиятын, кооз жерлерин, аскар тоолорун, мергенчиликтин даярдыгын, жүрүшүн фильмге тартмакка эки кино-оператор да кошо жөнөтүлүп жатыптыр. Ушуларды тосуп алып, жайгаштырып, иштешине жардам берүүсүн өтүнүптүр.
– Мына иш башталып калды, – деди Арсен Саманчин. – Бүрсүгүнү Олуя-Атанын аэропортуна барыш керек, шеф менен да сүйлөшөбүз. – Ал Таштанафган айткан тарыхты бүтүрүш үчүн класстык бөлмөнүн терезесине барып, сыртты телмире карады. – Таштан, мен шефке барайын, убакыт болуп калды, – деди.
– Ал Дасторконго кетпеди беле, азыр келе элек.
– Келер маалы болуп калды, – деди Арсен Саманчин. – А экөөбүз болсо жакшы эле акылдаштык. Эми иштейли.
– Ошентели, а бирок андан чоң иштер бар. Араб меймандарынын келерине мына туптуура үч жарым күн калды. Баары мен айткан план боюнча болушу керек. Ошол үчүн менин буйруктарыма макул болуунун өзү, аны аткарууга киришүү дегендик, ал болсо ажал менен бетме-бет келген бир мүнөт. Ал уланат, же токтойт. Буга жин тийди деп ойлобо, андай эмес, акыл-эсим жайында. А сен болсо ушундай бир кыйын кысталышта башыңдан байланып калдың, басынтып же башка кылганым жок, тескерисинче, сенин жөндөмүң, билимиң, акылың бизге керек. Ошо артыкчылыгың менен менин буйруктарымды аткарып берсең болду. Аткарып! Анткени эми сага башка жол жок. Чын, айылга өзүң келдиң, биз сени чакырбадык. Тагдыр сени бизге кошуп жатат, демек, маңдайга ушундай жазылган. Бизди бандиттер дешсин, мейли, а бирок биз бандит эмеспиз, өз энчисин өндүрүп алгандарбыз. Заман ошондой, башка жол жок.
– Болуптур, – Арсен Саманчин анын сөзүн бөлдү. – Көрүп турасың, сени эле угуп атам, мени мажбурлап жатасың, муну мен өзүм чечишим керек да.
– Туура, мен да ушинтип айтканмын. А бирок дагы кайталайм, Кудайдын өзү суранса да баш тартмай жок, энчибизди гана алабыз, бир жума бөрү турмуш өткөрсөк, Памирдин Ооган тарабында болуп калабыз. Ал тараптын жолун мага кой, ай караңгы түн түшсө да жаңылбайм. Ак жайдын күнү ашуунун жолу жеңил го. Үй-бүлөнү таштасак, биз үчүн жазаланышат, өмүр бою куугунтукталышат. Сен бойсуң, сага жеңил. Үй-бүлө менен Үзөңгүлөштүн түбүнөн жолугабыз. Бирок алардын бири да Коломто коктусунда, андагы чыйыры жойкун из болгон жердин жанындагы үңкүрдө не окуя болгонун билбейт. Ушундай, анткени бул алардын иши эмес. Топоз баккан Ооган кыргыздарына барып, алгач ошерде турабыз. Анан балдарыбызды кийин Кытайдагы, Индиядагы, Пакистандагы жогорку окуу жайларынан окутабыз. Аны акча жасайт.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.