ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
– Баары туура. Биздин молдолор менен попторго мунун эмнеси жакпай жатыптыр?
– Сенин элге жарыя айтканың. Сенден үзүндү алышып, мындай Кудайды танган, кыжыр кайнаткан нерсени теледен эмне үчүн беришет деп, жалпы маалымат каражаттарына жабышып жатышыптыр. Түшүндүңбү?
– Түшүндүм. Чынын айтканда, мен алардан мындайды күткөн эмесмин. Кеңири ой жүгүртүшөт деп ойлогом. Бирок мен бул маселени жакшы билемин.
– Жакшы. Эми кандай кылабыз?
– Кандай кылсаңар ошондой кылгыла.
– Макул. А бирок Арсен, сенин жолдо экениңди билип туруп эмне үчүн телефон чалып жатканымды айтып коёюн. Динчилерди биз колдойбуз, талабын аткарабыз, алардын катын биринчи бетке берели деп жатабыз. Туура түшүн. Сен экөөбүз кайра куруудан бери кол кармашып биргебиз, а бирок биз агымдан тышкары калбашыбыз керек, гезитибиз отуруп калат. Акчасын айтып жатам. Түшүнөсүң да. Кыйытып айтып жатышат. А биздин «безге сайгычыбыз» ким экенин өзүң билесиң.
– Түшүнөм, түшүнөм. Силер эле эмес, жакында бүт маданият анын чеңгелинде болот. Кааласа бар кылат, каалабаса жок кылат.
– Демек, сен бизге таарынбайт экенсиң да.
– Кенедей да. Ошондой кыла бергиле, а мен болсо өз пикиримди коргоп алам. Чындык үчүн өзүнүн жолу табылат.
– Болуптур, о'кей! Сен туура түшүн, Арсен. Мындай иш жыргагандан болуп жаткан жок. Буга чейин деле тигил бука моюндарга анча жакпай калган макалаң болду эле го?
– Кайсыл макала?
Орусия гезитиндегичи.
– А-а, ооба.
– Анын темасы эле шумдук болчу. «Байлык менен бийликке кутурган иттей жутунуу!» Макала деп ошону айт, таш доорунан биздин күндөргө чейин...
– Ооба. – Арсен Саманчин көңүлкош жооп берди. Ал анткени ошо макала да чагымчылардын тилин буудай кууруткан. Эриксизден ошону ойлоду. Мына эми алар поптор менен молдолорду жумшашыптыр. Муну жасагандардын башында баягы Эрташ Курчал турат да. – Мейли, Кумаш, эске алам. Жөнөйүн, жакшы кал!
– О'кей, Арсен! Мен сага үйрөтмөк белем, эмнеси болсо да тегерегиңде болуп жаткан иштерди байка. Макаланы бере беребиз, башка айла жок, кудайчылар биздин босогобузда турушат.
– Кайдагы кудайчылар, көз боёмочулар!
– Ооба, мен жөн эле... Эмнеси болсо да жол сырын жакшы билесиң, кайсыл жер өр, каери ылдый, кай жери тик кыялап кетери сага тааныш. Жолуң шыдыр болсун!
– Ыракмат. Жөнөдүм. – Арсен ушинтип жооп берип жатып тигинин кандай мааниде айтканын, жолдонбу, же турмуштан сак бол деп жатабы деп бүшүркөй калды.
Андан кийин дагы эки жолу телефон шыңгырады, жайынча экен.
Андан кийин бир гана жолу, машинага май куйганда кармалды, анын үстүнө тоону чырмаган ойрума жолго жакындап калган. Ойрума жол оңой болбогону менен бир чети кыял козгогон романтикалуу жайы бар. Жайы менен курусун, эч нерсеге алагды болбош керек, машинаң ылдамдыгын азайтып ыйлайт. Көз оту жолго кадалган Арсен Саманчин медиафорумда сүйлөгөн сөзүнүн атайы бир тараптуу түшүндүрүлүп берилип жатканы түйшөлтпөй койгон жок. Мындай болорун ал ойлогон да эмес. Анткени ал далай-далай конференцияларда талаш чыгаруучу ойлорду айтып жүрөт, а бирок мындай бет тырмарлык уюшма биринчи ирет болуп жатканы. Атайы ар нерсени эске алып, ойлонуштурулуп жасалган иш. Арсен Саманчин жарым жолдон кайра кайрылбас зарыл иш менен кетип баратат, ойлогонун, жаман болсо да дил тереңинде даярдаганын өзүнөн башка эч бир жан билген эмес, эми минтип өзүнүн маңдайына жазылган жалгыз байлыгы кайра өзүн басмырлаганга, анан да башка бирөөнүн тагдырындагы трагедияга чайкоочулук кылганга, байлыгы менен баса көктөп басмырлаганга көнгөн немелер эми минтип жол үстүндө тим койбой сары изине чөп салып артынан түшүп, каратып туруп каралаганга көчүгүнөн түтүн чыкканча шашып жатышат. Ушунчага жетишкен соң, шашпай тур, араб ханзадалары менен ишти бүткөн соң ачыктан-ачык бул кармаштын аягына чыккан оң.
Учуна чыккыс узун жолдо ушинтип кыска, так ойлонду да, өзүн өзү сооротуп, кас адамын, анан өзүн өлтүрүү керек деген кайра жанбас чечимин тезинен аткаруу гана калганын эң туура деп баратты...
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.