ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Бардыгына көңүл ачар, эң эле узак созулган оюн-зоок керек эле.

Ал күнү ошондой эле болду. Кулакты жарып аза бойду солкулдаткан музыка андагыларды азыткыдай арбап, стадиондун үстү жагынан жаңырды, сахнада болсо бийдин бардык түрү – балеттен баштап, колу-бутун шалкылдатып, бою-башын калчылдатып бийлегенге чейинки ар кандай шапар тебүүлөр биринин артынан бири боло берди. Дагы башка оюндар... Ошондо элди дүр-р эттире жандандырган Айдана Самарова болду. Бул асман, жерди бириктире жаңырган концерт анын таанымал талантын дагы бир тастыктап, чыныгы жылдыз экенин таанытуу максатында эле. Ошондой эле болду, ачык стадиондо миң кубулжуп асманга көтөрүлгөн терең коңур-назик үнү, келишкен шыңга боюна жарашык кошуп, кайра андан жагымдуулук алып турган нур төгүлгөндөй болгон тал чыбыктай солкулдаган денеси, ошондой эле аны көптөгөн татына сулуу кыздар менен жигиттердин жанаша турушуп делебе-сезимди козгогон кыймыларакеттери, айтор, сахнадагы болгондун баары Айданага биригип, Айдананын үнү болуп жатты. Стадионду көтөрүп кетчүдөй болгон эл сахнага чыгып Айдана менен бир болуп, Айдана менен Айданадай ырдагылары келди. Жалгыз гана ал: «Операнын периштеси утурумдук таанымалдуулук канышасына айланды!» –деп ойлой берди. Мындайда аны менен кимдин иши болмок. Эл деген эл экен, «Лимузин» ырын эркек ырчы менен ырдап калды эле, айта көрбө, көрөрмандар көз көрүнөө жинди болуп кетишти. Ал ыр өзбектердин ооздон түшпөгөн ыры болчу, өзбек тилинде, обон ыргагы менен дене кыймылы ширелише аткарылды. Кыргызчасы мындай: аны «Сен мени сүйөсүңбү? Сен мени сүйөсүңбү? Жаныма келесиңби, «Лимузин» бересиңби?» Кыз ушинтип айтат. Ага эркеги: «Мен сени сүйөм, жаным. Мен сени сүйөм, жаным» – дейт. Ушундай сөздөр. А стадион болсо дубана болуп ак уруп, оолукмадай оолугуп: «Ли-му-зин эй, Ли-му-зин!» – деп колдорун көккө булгалап, делбетап болуп ээлигип жатты.

Стадиондун төрт жагына орнотулган эбегейсиз чоң, төрт телеэкрандан сахнадагы тигил экөө баш кошкондор түшө турган жеңил, кооз, оюнчуктай татына жеңил машинада – салону ачык кабриолетте дүйнөдөгү жалгыз бактылуу түгөй жар болуп отурушат. Айдана! Таалайын тапкан түгөйү да Айданадан кем эмес экен. Рулга алмак-салмак отуруп, бирде жарнаманын көз жоосун алган жерлерин аралап, бирде кар баскан аска тоолорду этектей, кайра мелмилдеген көк деңизди бойлой, анан шар аккан суунун үстүндөгү шаар келбетин элестеткен көпүрөдөн өтүп, мейкин талааны аралап, эки дене, бир жүрөк болуп зуулдап келатышты, алардын үстү жагында, бир аз арткараакта, оркестр ээрчип учуп алган. Шаар четине келип токтошту, жанына жаны кошулган, бакыт дегендин ченем билбес мээримине бөлөнгөн түгөйлөрдөй тиги экөө сейил бактын жанына токтогон машинадан түшүп, эки дене коргошундай эрип кучакташа, жарнамалары жымыңдаша көз кысып өзүнө чакырып турган ресторанга киришти да, андан чыккан соң кайрадан кайдадыр «Лимузин» менен жөнөштү. Махабат бактысы деген ушул го! Карап туруп... ооба, жалындап баратканыңды өзүң билбейсиң.

Кайрадан музыка жаңырат, кайрадан стадион: «Ли-му-зин!» «Ли-му-зин!» «Ай-да-а-на! Ай-да-а-на!» – деп жерди жара кол чабат.

Арсен Саманчин өзүнөн өзүн жоготуп, кирерге жер таппай турду. Агынан жарылган элден артыкпы? Ал деле элге кошулуп... Ооба, жеткен экен, акыры ал да: «Ли-му-зин! Ай-дана! Ай-да-на!» – деп жаткандай болду, анысы өзүнө араң угулду.

Ушу маалда күтүүсүз жерден казандай кайнаган элди элейткен бир укмуш көрүнүш көзгө сайылды. Түнөргөн түндү өрттөгөн жарык чагылгандай жарк этти да, көккө атылган ракета фейерверктерден бүт аалам алаканыңда тургандай болуп көрүндү. Бир укмуш! Шаар мэрине миң алкыш! Эрташтын берген акылы го?.. Мейли, фейерверктер демейдегидей шаан-шөкөт өтүп жаткан жерден эмес, шаар сыртынан залп менен атылып турду. Ордо калаага жакын бөксө тоонун чокусунан кубаттуу ракеталар атылып, көз кызарткан жаркыроолор көктү көздөй бирин бири кубалай жылдыз нур чача чыгат. Мындай шумдук керемет мурда-кийин бир да жерде болбогон, муну да ошо Эрташ Курчал балакет тапса керек. Ошонун гана колунан келди. Чынында да укмуш керемет! Ушунун баары шаар мааракесине байланыштуу жасалганы менен иш жүзүндө ай-чырай ырчы жылдыз Айдананын урматына арналгандай болду. Ал анткени жанагыл жалынга салган музыка жаңыра берди, бактаалайга чалкыган эки жаш түшкөн «Лимузин» панорамма телеэкранынан кайра-кайра көрүнүп, ичиң түгүл жүрөгүңдү күйгүзөт. Жаркыроолор асманга жетип, бул аалам жылдыздан жаралган кооздукка айланып турду...

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.