Төлөгөн Касымбеков: Сынган кылыч

биринчи бөлүм

Төлөгөн Касымбеков: Сынган кылыч

Көңүлү азды. Жарадар болгонун билди. Көкүрөгүнүн тереңинде кандайдыр бир өжөр күч аны бек кармап, жымыратып келаткан уйкудай шалдыроодон түртүп ойготуп жатты, чымыркантты, акбоз аргымактын күмүштөй жылтыраган ак жалына колу карышты. Кылычы түшүп кетти, ал термелип ага эңкеймекчи болду, дарманы куруп ошондон нары ээрден оой баштады. Акбоз ээсинен тизгини бошобой калып, бир тегерене окуранып токтой калды. Ээси үзөңгүгө тырмышты, жандалбастап, чымырканып, калтылдап, турууга аракет кылды. Чекесинен кара тер кетти. Ууртунан жылжып аккан кан көкүрөгүнө куланып, канга чакап, колу үзөнгүдөн үзүлүп, жер кучактап жыгылды.

Аргымак селт эте түштү да, кан жыты үркүттүбү, кошкуруп, тизгинине чалынган бойдон кергичтеп басты.

«О, тагдырдын ойну... Ал Алымкул аталык1 эмес беле? Бүтүндөй бир уюктуу журттун туткасымын дечү эмес беле?

Акылдуу тандап бурадар күтпөдү беле, белдүү тандап сүйөк күтпөдү беле? Кайда алар? Кайда кетти баарысы? Кан жөткүрүп жыгылганда колтугунан жөлөргө бир жан болбоду жанында?..»

Жер таянып, ал акыркы жолу башын көтөрдү, канаты сынып бийиктен түшкөн бүркүт сыяктуу алысты, жарыктыкты армандуу тиктеди. Көзүнө бүт жер бети өрт каптап келаткандай кыпкызыл болуп көрүндү, эрбейген чөптөр да, таштар да, өзүнүн кара түктүү сөөктүү колдору да кыпкызыл болуп өрттөндү, окко чаап баратышкан атчандар кыпкызыл оттун ичинде кутулуп чыгар жолу жок чыңырып туйлап, эч аргасыз жалбырттап күйүп жүрүшкөндөй көрүндү. Анын көзүн кан чырмап баратты...

Нөкөрлөр кыйла артта ат жалына өбөктөшүп, жолбун октон корунушуп, ийрилишип турушкан эле. Үстүндө ээси жок, тизгинине чалынып улам мүдүрүлүп коюп келаткан акбоз аргымакты көрүп, четте турганынын үрөйү учуп кетти.

– Өй...

Баары көрүштү. Жабыла чаап акбозду кармашты. Ошол замат аларды түкшүмөл ойлор бийлеп, бирин бири алдыртан тиктешип, бири биринен коркушуп, шектенишип, томсоруп, кумсарып туруп калышты. Аталык кайда? Эмне адисе болду?

Жабыла тиги акбоз келген жакты көздөй чабышты.

Алымкул сербейген эки жантактын ортосунда жүзтөмөн түшкөн бойдон жаткан экен. Кара кан көбүктөнүп, алдынан жайылып агып, боз топуракка сиңип калыптыр. Чалкасынан оодарышты.

Үстүнө үңүлүп турган эң күйөрман кишиси Абдымомун бек өксүп жиберди. Чуу көтөрүп кайра токтошту. Эмне кыларды билишпей баары шалкайып туруп калышты. Кай бирөөлөрдүн көзүнөн сызылып жаш чыкты. Кай бирөөлөр шыпшынды. Кай бирөөлөрдүн бул топтон канткенде суурулуп чыгып кетиштин камына түшө эриндери ортозаар кымтылып, көздөрү ойноду.

– Киши колдуу болуптур...

– Киши колдуу болуптур... Ок артынан тийиптир го...

– Ок кайдан чыкты? Кимден чыкты?.. Абдымомун бек буркурап жер муштады:

– О, бир көзүңө бир көзүң жоо болуп... кандай күн болуп кетти бу!.. Удайчылар кайда жүрүшкөн?.. Көзүң кашайгырларды кармагыла! Кармагыла бирин койбой! Жалгыз иреңи суук удайчы жок болуп чыкты. Ушул учурда ал Ташкендин жолунда чаң түтөтүп уруп бараткан эле.

Аскербашынын киши колдуу болуп калганы кошунга жел менен кошо тарады.

Чабуулга күүлөнүп баратышкан жүздөр элтейип тизгин тартып токтой башташты. Бирине бири шек санап, биринен бири абайлап, кандайдыр бир кескин сөзгө, кескин кадамга барбай миңбашылар нестейди, пансаттар нестейди. Кимге кулак тутушат? Кимдин буйругун угушат. Бири да, мындай кылалы деп, алдыга чыга албады. Жер жайнаган көп кошун ушундай кысталыш учурда башсыз калды.

https://www.meikin.org/roman/kazat-akmatov-1

Кошундун алды генерал Черняевдин артына ороло баштаган болучу. Ушул учурда күтпөгөн жерден арты суюла түштү, көз ачырбай каптап келатышкан сансыз атчандар жел башка жакка айдап жөнөгөн жөө тумандай түрүлүп, салгылашка кирбей, кыя салып, четтеп кете башташты. Алды көмөксүз, демсиз калды.

Таш менен урса жеткидей жакындан түз атылган окторго калбыр болуп, бири калбай жер кучактап жыгылышты. Үзөнгүгө буту илинип калган өлүктөрдү сүйрөп, чыңырып кишенеп, кергичтеп качып жүргөн аттар да кутулган жок, ырайымсыз коргошун ок кубалап, издеп тийди.

Генерал Черняев оңолууга дароо мүмкүндүк алып, өңүттөрүн тез бекемдеп, экинчи чабуулду күтүп калды. Экинчи чабуул кай тараптан келер экен? Ал дүрбү салып, мерчемдүү багыттарды арытып карады. Шектүү эчтеме жок. Ар кайсы дөңдө бүлбүлдөп майда туулар көрүнүп, туу түбүнө чакырган дабылдардын үндөрү дүңкүлдөп чыга баштады. Генералдын көз алдында эмелеки суудай бирдиктүү кошун майда-майда топ болуп, бөлүнүп чаап, майданды таштап, тууларды карай самсып тарады. Буларга эмне болду? Кандай аскербашы өңүтүн таштап чыга берет ушундай саатта? Генерал ишене албады. Карыган карышкыр дагы бир шумдугун көрсөткүсү келди бекен же?..

13.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.