Төлөгөн Касымбеков: Сынган кылыч
биринчи бөлүм
– Алдагысы келген экен карыган түлкү. Курчап алгысы бар окшойт! – деди генерал Черняев.
– Азырак артка! Тез!
Байланышчы буйрукту алдыңкы аткычтар ротасына алып чапты. Генералдын иреңи биртике кубарып кетти.
Бирок, ого бетер мүнөзү жайдары тартып, өрөпкүп чыкты:
– Тез! Орудиелерге таянып, тегерене коргонуп туралычы. Хе, айтпадым беле, буларда жалаңачтанып октун алдына чапмай али бар деп! Мейли, алачапандарынан ок өтпөй турган болсо, мейли, келе беришсин! – деп сүйлөп, көгүлтүр тунук көздөрү жалтырап, эң алдыңкы топтун тездигин ээрчий тиктеп, тынчы кеткени билинип баратты. А канаттуу атчандар орудиелердин артына өтө чыксачы?..
Кокон аскербашысынын жүрөгүн өйүгөн да ушул болду. А дегенде тике качырбастан, душмандын бир канатын толгой качырып, куюн сыктуу улам сыгып ороло чаап, желкеден уруу, беттеген багытынан ажыратып, аралашып, кылычташууга мажбурлоо.
О, ал үчүн окко чыдоо керек! Окко чыдаса жеңиш, чыдай албаса чилдей качып кырылыш. Качып кайда барасың? Кайсы убакка чейин качып отурасың?.. Ал өрттөнүп, бир жерге тынчып карап туралбай, туталанып, ар жоокеринин алдына ыйлап бергидей болуп, жаагынын этин жеп, бүт кошунду чабуулга көтөрдү.
– Хайт де! айт де! Карышкыр тузакка кабылды... Өзү келип кабылды. Хайт дегиле! Орогула... Тепсеп өткүлө...
Көп кошун чубалып, кара селдин шарындай түрмөк-түрмөк болуп, эң катуу тездик менен, бороондой күүлдөп, генерал Черняевдин сол флангасын жемирип кирди. Ок мөндүр болуп тосту.
Тобокелчи жандар өрттөй чатырап, ажал канатына жармашып, кылычтарын булгалап, аттан мурда алга обдулуп, ири алдыда дүрдүгүп баратышты. У-у– у! у-! у-у! Хайт! Хайттайт! Ызылдаган кыйкырыктан, дабылдын үнүнөн, ат туягынан жер дүңгүрөдү.
Генерал Черняевдин бийик жерге катар орнотулган замбиректери жабыла ок бүркүп тосо баштады. Учкаяк аргымактар аралаша тийген ядрадан чакчаңдап элирип качып, өлүктөрдүн үстүнөн, жыгылган аттардын үстүнөн так түйүлүп, ок жаңылганы чыңыра кишенеп аласалып, кай бир аттар үзөнгүгө буту илинип калган чала жан кишилерди сүйрөп, кара селдин сүрдөнүндө үркүп чуркап келатты. Кандын жыты, күйгөн дарынын жыты абаны мас кылды.
– Хайт де! Хайт де! Орогула!.. Жайпап өткүлө... Тепсеп өткүлө. Хайт де! Ата арбагы колдосун... Хайт де...
Аскербашынын үнү бирде өкүмдөнүп буйрук болуп, бирде каар төгүлүп, бирде баш кеңгиреткен кымкуут каңыртка ара- лашып, төнүп, кандайдыр алсызданып, жалынып тургандай, каландердин ырындай муңдуу болуп, чаңдуу абада, кан жыттанган кызыл абада, дары жыт түтүндүү көк абада калкып жүрдү.
Генерал Черняев тегерене коргонду. Солдаттар, атчан козак жүздөрү аттарынан түшүшүп, жерге сулап жатышып, чабуулдан ок менен калкаланышып, тиги жапан атчандардын алдына катуу бүлгүн түшүрүп, бирок, кантсе да кысылып, аздап артка чегинип турууга мажбур болуп жатышты. Кокондуктар өжөрлөнүп, кырылганына карабай, күбүлгөнүнө карабай, суудай каптап, ири алды кылычташууга үлгүрө тургандай болуп келатты. Генерал Черняевдин жүзүнөн текебер жылмаюу кете баштады. Ок канчага жарар экен?.. Жапан атчандар канчага чыдар экен?.. Анын жүрөгүн дүкүлдөтүп, жапан атчандар оролуп баратты..
Жанындагы нөкөрлөрүнөн кымкуутта аскербашы ажырай түшкөн эле. Бир гана удайчысы ээрчип жүрдү. Ал эч адашпай, эч калбай, көлөкөсү сыяктуу ээрчип жүрдү. Аты да кара, өзүнүн иреңи да кара, түнөрүңкү, суз, муздак болучу. Эриндерин бек кымтып, агы көрүнбөгөн кичинекей жылтыр көздөрүн былк эттирбей, аскербашыны дайыма тиктеп жүрдү. Колунда милтелүү кара мылтык. Милтесинен такыр чок өчүрбөйт. Аскербашы жер түтөгөн чуунун ичинде булуттай акбоз аргымакты кылактатып, кылычын булгалап, кар көчкүдөй дүңгүрөп агып өтүп жаткан кошунду карап:
– Хайт де! Хайт де! – деп, кыйкырып ураан таштап токтоло калды. Удайчы эки жакты бат-бат каранды. Анын агы көрүнбөгөн жылтыр көздөрү диртилдеп аскербашынын далысынан өтө баштады. Бул эмнеси? Ал атынан леп ыргып түшө калды. Ага эч ким серп салбады, жан кулактын учунда бараткан ызы-чууда эч ким байкабады. Кара атынын далдасына өзүнүн кара денесин жашыра берип, атынын кара жалынан мылтыктын учун ашыра сунду. Шашты. Жүрөгү лакылдап, аскербашынын далысын кароолго токтото албай, өзүнөн өзү чоочуп, селт деп мылтыкты кайра тартты. Акактап оозун ачкан бойдон дагы эки жакты бат-бат каранды. Дароо эңиле, кара жалдан мылтыкты дагы ашырышка батынды... Көз ирмемде мылтык үнү тап этти!... Аскербашы селт дегендей болуп түзөлө түштү да, акырын ийилип ээрдин кашына өбөктөп туруп калды. Удайчынын кичинекей жылтыр көздөрүнүн агы эми көрүнүп, колдору титиреп, бели бүкчүйүп, атын тизгинден тарта акырын артка кетенчиктеп жөнөдү. Аскербашы ат үстүндө термеле, эсин жыйды белем, араң кылчайып артын карады. Ууртуна кан чыга түшкөн эле, ал киркиреп алсыз үн салып, удайчыны атынан чакырды, аны жардамга чакырды. Удайчы үн бере албады, калтырап, мууну шалдырап, атына эмгектеп араң минди да, кулагын жапырып, атын бат-бат желдирип, качкан уурунун көлөкөсүндөй кубаңдап, караңдап жөнөп берди...