Казат Акматов: Архат
ЭКИНЧИ КИТЕП
-Мен Миларепанын кайра жаралган түгөйү болгон соң өз теримен чыгып, башка териге кире албайт болушум керек.
- Баардыгы колуңуздан келет. Баардыгы өз эркиңизде. Кечилдиктен чыгуу да өз колуңузда. Ушуга байланыштуу менин зайыбым сизге бир сюрприз даярдап жатат. Ошого сөзсүз катышыңыз. Ал иш мага дагы өтө кызык. Мани Ясо өкүмдарды шектүү карады эле ал адатынча жүзүн көрсөтпөй бурулуп кетти. Саамдан кийин канайымдан экөөнө тең чакырык келди. Далай-ламаны да залдагы окуяга катышып берсин деп сураныптыр.
- Азыр урматтуу Лама Ясо менен чогуу залга бара бергиле. Мен бираздан кийин кирем, - деди Далай-лама жардамчысына.
***
Мани Ясо жабалактап өзүн тике караган көздөрдөн сүрдөп кетти. Зал ичи толтура аялдар экен. Болгондо да европача кийинген, Лхасадагы, өзгөчө ордосарайдагы «мен» деген асемдүү, жасалгалуу, зобололуу аялдар. Көпчүлүгүндө павлин канаттуу желпигичтер, аларды секин кыймылдаткан апакай жумуру билектер.
Мынчалык көп айымдардын үстүнө кирип көрбөгөн Мани Ясо залдын босогосун аттарын аттап алып, кайра тарта албай туруп калды. Жүрөгү түрсүлдөп, алакандары тердеп чыкты. Кай тарапка басаарын билбейт. Артында али да болсо, бу качкын жигитти Далай-лама катуу жазалайтко деп кыркалакей тизилген полицайлар. Залдагы аялдар болсо жаш жигитти жалмап жиберчүдөй тиктешет. Аңгычакты нары жактан канайым шашылыш басып келди да Мани Ясону чыканактан жөлөп барып төрдөгү эки отургучтун бирөөнө шаңдуу отургузду. Мани Ясонун абалы эми, бая жаңы кирип келгенден да жаман болду. Жанында Ордосарайдын оркестри музыка ойноп атат, ал болсо жүздөгөн көздөрдүн алдында соройуп жалгыз отурат. Эң кызыгы -ал жерде эмне үчүн отурганын өзү билбейт. Бир маалда ал чекесинен көзүнө куюлган терин шашыла сүрттү да ордунан тура кетти. Кайсыл бир далдоо жакка өтүп кетсемби деп эки жагын каранат. Ошол тушта музыка токтоду да канайым келип Мани Ясону кайрадан ордуна отургузду.
- Ом мани падме хум! Урматтуу айымдар! – деди ал андан кийин залга кайрылып. Бүгүнкү аземибизге улуу урматтуу Далай-лама катышмак эле, тилеке каршы зарыл иштери менен кармалып калды. Ошон үчүн баштай берели. Байыркы бир заманда тибет динине кечилдик дегенди киргизишкен экен, - деп канайым эки алаканын жуптап алып сөзүн абдан толкундоо менен улантты:
- Ээ кудурет, ал заман нечактан-нечак өтпөдүбү! Качанка дейре биз, тибеттиктер артта кала беребиз? Ошол куураган салттын айынан нечен сонун жигиттерибиз баштарына капкайдагы сары топуну кийип алышып, өз турмушун өзү талкалап басып жүрүшөт. Аны жасаган жанагы биздин картаң-сартаң ламалар. Аларга эмне - баары бир да! Жашаарын жашап бүтүшкөн. Эми ошолор биздин жапжаш жигиттердин, алардын эле эмес, жапжаш кыздардын убалына калып атышпайбы. Туурабы ыя? Залдан «туура!» деген үндөр хор менен чыкты.
Канайым сөзүн эки эселенген эргүү менен андан ары улантты:
- Мынакей, карагылачы өзүңөр, эгер мага ишенбесеңер. Биздин ордодо мынамындай жаш жигит иштейт. Канайым Мани Ясонун ийнине колун коюп сүйлөдү.
– Ушул жалоондой болгон азаматты да картаң мугалими сары топучан кылып таштаптыр. Тимеле күйүп, өрттөнүп кетесиң да! Качанка дейре ушинтебиз. Өзүбүздү өзүбүз шылдың кылып!? Ошон үчүн биз, айымдар жана мырзалар, силер калыс болгула, ушул жаш чырпыктай жигиттин убалына калбай сары топусун алып, кызыл топуга алмаштырып коёлу дедик. Кандай дейсиңер?!
«Туура!». «Эң туура!» деген үндөрдөн зал солкулдап кетти.
- Анда эмесе, Селенг, апкелчи кызыл топуну! - деди канайым биринчи катарда топу кармап отурган өз кызына.
Далай-ламанын Селенг кызы топуну ала чуркап, мүдүрүлүп барып апасына жетти эле, апасы мындай деди:
- Ушул топуну Мани Ясого менин улуу кызым Селенг кийгизсин! Кандай дейсиңер?
«Туура! Эң туура!» деген үндөр мурункудан алда канча шаңдуу да, көңүлдүү да жаңырды.
Мындай капилет окуя биринчи жолу башына түшүп аткан Мани Ясо эмне кылаарын ойлонгучакты эле Селенг жигиттин башындагы сары топуну ала коюп, кызылын кийгизе салды. Зал ичи дүңгүрөгөн кол чабуулар. Ошол арада бериде, камда турган видеокамерачандар менен фотоаппаратчандар ортого жүгүрүп чыгышты эле канайым кызын Мани Ясонун жанындагы бош орундука отургуза салды. Ошентип, неченди көрө-жүрө кексесине тартып калган канайым ойлоп таап уюштурган азем отургандардын баарына тең жакты окшойт, туруп алышып көпкө дейре тындырбай, жанаша отурган эки жашка алакан чаап атышты. Анын үстүнө Ордосарайдын бул залында ушу кезде кошоматка да толтура орун бар эле...