Казат Акматов: Архат

ЭКИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

Кишилердин бүткүл эле жашоосу, аракети жалаң «Мен»ди күчөтүш үчүн турбайбы. Каякты гана алба: бүткүл табигаттын өзүндө, мамлекеттерде, элдерде, стадиондордо, чөлдөрдө, саздарда, токойлордо, океандын, деңиздердин, суулардын түбүндө, жада калса абада учкан тирүү жандыктардын баарында биринчилик үчүн, үстөмдүк үчүн, башкалардан артыкчылык үчүн айыгышкан кармаш, тынымсыз күрөш. Муну тирүүлүктүн диалектикасы деп коёбуз. Бул процессти өзгөртө албайбыз, колубуздан келбейт деп ойлойбуз. Ошон үчүн адилеттик жок, - деди Мани Ясо дал ушул күндөрү өзүнүн башынан өтүп аткан окуяларга эс буруп. « Бирок «кишини» чыныгы «адам» кылып жаратууга кантип болбосун?»

Дал ушул тушта колуна кофе куюлган фарфор чөйчөк көтөрүп Лама Дондуптун кызы келип калды:

- Мен сизди кофе менен коноктосом болобу?

- Рахмат, - деди Мани Ясо ордунан илберинки туруп келип кофе коюлган столго отуруп, Экөө кофе ичип отурушту.

Мани Ясого мындай, жаш кыз менен жалгыз үйдө мандай-тескей отуруу көнүмүш эмес эле. Ошон үчүн кофеден мурда эле беттери алоолонуп чыкты. Ошону байкаган кыз кыткылыктап күлө кетти:

- Сүйүү жөнүндө китептерди окудуңуз беле?

- Азырынча жок. Кийин окуйм го.

- Качан? Карыгандабы?

Мани Ясо жылмайып, жооп бербей койду. Антсе кыз ого бетер шарактап күлүп

- Сүйүү деген адамдагы эң ыйык, эң бийик сезим. Сүйүү деген жаркын дүйнө! Ансыз жашоого болбойт. Сүйүүсүз жашоо өлүмгө барабар. Сүйбөгөн адам бу дүйнөдө жашабай эле койгону жакшы. Ушунун баарын сиз билбейсиз ээ? Алдагы сары топуну эмне кийип алдыңыз?

Мани Ясо башындагы топусуна колун тийгизип күлүп койду.

- Чыныңызды айтыңызчы, кыз сүйүп көрдүңүз беле?

 - Храмда кыздар жок да.

- Азырчы? Азыр сиз деген Ордосарайда ээн-эркин жашайсыз. Ал жердегилер кудайдай көрүшөт ко, сизди!

- Ал жерде да кыздар жок.

- Бар. Издесеңиз кыздан көп неме жок. Ылдыйкы кабаттарга түшсөңүз боло

- Түшүрбөйт Далай-лама.

-А сиз түшө бериңиз да. Же чындап эле кечил болуп калайын дедиңизби?

 - Аны кийин көрөбүз.

- Сиздей сулуу жигит кечил болбош керек. Сиз деген кыздарды сүйүү үчүн жаралгансыз. Же болбосо, кыздар сизди сүйүш үчүн жаралгансыз. Мен ушундай деп ойлойм.

 - Өткөн эле жумада мени жек көрчү элеңиз го. Ал түгүл дакини кылам дегенсиз. Мани Ясо кызды сынай карап жылмайды.

-Албетте, эгер атамды айыктырбасаңыз сизди эки көзү жок сокур кылат болчумун. Хи-хи-хи.

 - Мен айыктырган жокмун.

- Баары бир. Атам айыкты, жумушуна кетти. Сүйүү деген кандай болот айтайымбы?

Сүйүү дегендин үч түрү болот. Мисалы сиз бир кыздын сырткы сулуулугун сүйүп каласыз. Башка бир учурда сиз, кыз сулуу болбосо деле анын кыялжоругун, ички дүйнөсүн сүйүп калдыңыз. Анан дагы бир кезде сиз үчүнчү кызды жалпы эле адам, инсан катары сүйүп калдыңыз. Мынакей көрдүңүзбү, сүйүүнүн үч башка түрүн. Бирок, айтып коёюн, сиз сүйүүнүн бул үч түрүн оңой менен ажырата албайсыз. Үчөөнүн айырмасы чоң болуп турса деле ажырата албайсыз. Мисалы биринчи учурда дейли. Кызды сиз сырткы сулуулугу үчүн сүйүп калдыңыз. Башкача айтканда фигурасын, денесин дейличи. Бул сүйүү - сексуалдык же болбосо дене кумарына негизделген сүйүү болуп эсептелет. О, бул аябай күчтүү, жаныңызга жай бербей турган жапайы сезим. Буга туш келгенде сиз өлөөрүңүздү да билбей каласыз. Себеби дене кумарын сиз акыл менен башкара албайсыз да. Ал акылдан алда-канча күчтүүлүк кылат. А бирок сиз аны кадимки эле чоң сүйүү экен деп ойлойсуз. Кыздын кыялын да, адамдык ички касиетин да сүйүп аткандай сезе сиз. Ошентсе да сиз өзүнүздү андай кыздын алдында көбүнесе жасалма мүнөздө алып жүрөсүз. Анткени денеңиз зарураттан чыңалып, күйүп баратат. Шашып атасыз. Кызга кандай да болсо жагыш үчүн аябай короздонуп, койкоңдоп ар кандай жорукту көрсөтөсүз. «Мына, көрдүңбү, мен кандай укмуш жигитмин. Бол эми батыраак...» деген кыязда. Бирок минтип атканыңыздын баарысы жалган. Анын жалган экенин өзүңүз да иш бүткөндүн эртеси гана түшүнөсүз. Кыз да бардыгын эртеси түшүнөт. Бул биринчи сүйүү.

Экинчи болсо.... Кыз ушут жерге келгенде жанатан жылмайып отурган Мани Ясо катуу күлүп жиберди:

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.