Казат Акматов: Архат

ЭКИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

Аза күтүү расмысы аяктап, элдер туш-тушка тарай баштаган кезде Мани Ясо чындап эле полицайлардын курчоосунда калганын көрдү. Калай кокардалуу, күрөң беретчен полицайлар азырынча Мани Ясону алыстан акмалап, бирок жанына жакын келбей атышат. Алардын баардыгы бири-биринен небак уккан - Мани Ясо кара сыйкырчы Додайдын бардык коркунучтуу дубаларын үйрөнүп келген деп. Ошон үчүн жигиттин каарына калгылары келишпейт, бирок кызмат милдети боюнча аны кармап, Ордосарайга алпаруулары керек.

Мани Ясо кайра артка чубагандарды ээрчип Галден монастырын көздөй эрксизден жүрүп отурду. Бирок улам барган сайын көчө ээндеп, акыры ал жалгыз эле өзү калып баратат. Ошол мүнөттө жигит Поталага кайра барууга чечкиндүү бел байлады:

- Машинаңар барбы?! - деди ал артына шарт бурулуп полицайларга. Күрөң беретчендер таптакыр андайды күтүшкөн эмес экен, катуу чочуп кетишти.

- Бар, - дегенге бирөө араң жарады.

- Айдагыла бери!

 

***

 

Далай-лама иш бөлмөсүндө кагаздарын карап отурган экен. Эшиктен кандайдыр тартынбай, шыдыр кирген Мани Ясону көзүнүн төбөсү менен бир атып алды да кайрадан кагаздарына үңүлдү. Мани Ясонун эреже боюнча тизе бүгүп кол куушурганын караган да жок. Ошондой болгон соң Мани Ясо кошумча: «Ом мани падме хумду» айтууга мажбур болду.

- Отуруңуз, – деди ошондо араң Далай-лама эриндерин кыбыратып.

Ал дагы бирпаска баш көтөрбөй отуруп акырында мындай деди:

 - Мен сизди полиция аркалуу расмий издетүүгө мажбур болдум. Сиз ошону кааладыңызбы? Менимче кааладыңыз окшойт,

- Бул күндөрү өтө оор кайгыда болдум, урматтуу өкүмдар. Эгерде мен кара сыйкыр Додайдын жолун жолдоп кала бере турган болсом анда жашабайм деп чечтим.

- Ой, бу кандай? Бу кандай!? Мен сизге канча жолу айтам! Ак ишке, эл үчүн, жер үчүн иштелген кара сыйкыр эч убакта кара болбойт, ак болот!

- Мен түшүнгөн жокмун, урматтуу таксыр. Түшүнбөстөн жети адамдын убалына калыпмын.

- Бу кандай дейм! Мен айтпадымбы сизге, аларга эч кандай тиешеңиз жок деп, Унутуңуз аларды дебедим беле!

- Бирөөнү араң кайра куткардым. Ошондо да мен эмес, ак сыйкырчы араңдан зорго, өз жанын берип атып куткарды. Калган үчөө эмне болот, таксыр? Мен болсо жакшылык ишке жараксыз экемин.

- Кимди куткардыңар? Далай-лама үтүрөйө түштү.

- Лама Дондупту кызматынан бошотупсуз. Кайра ордуна коюунузду өтүнөм. Ал эч кандай Тибеттин душманы эмес.

- Сиз өзүңүздү Далай-лама сезип калгансызбы дейм, урматтуу Мани Ясо?

-Жок. Мен өзүмдү кара ниет Додаймын деп сезип турам, Зулумдуктан башка эч нерсе колумдан келбейт!

Далай-лама колунун манжалары титирей баштаганын жашырып ордунан туруп кетти.

- Сүйлөй бериңиз. Кулак сизде, деди өкүмдар адатынча жигитке далысын салып, желкесин дүгдүйтүп.

- Сөзүм көп, таксыр. Болгон менен аларды айтуудан эч натижа көрбөй турам.

- Бир жумада эле ушунча кескин өзгөрүлүп кеттиңизби? Кимдер менен кенештеш болдуңуз? Ошону айтыңызчы?!

Далай-лама күлүмүш болуп бери бурулду эле, Мани Ясо баш кийимин алып, атайылап үчүнчү көзүн ачканын көрө койду да дароо кайра бурулуп кетти.

Сиз менен бетме-бет отуруп сүйлөшүүгө мен даярмын, улуу урматтуу өкүмдар

- Көрүп турам Мани Ясо, сизди мага каршы аябай үгүттөшкөн экен. Ошон үчүн барып эс алыңыз. Ойлонунуз. Мен сизге эч убакта жамандык каалабайм. Өз баламдан артык көрөм. Кем көрбөйм. Менин эки кызым бар. Керек болсо алардан сизди артык көрөм. Эми, баш киймиңизди кийиңиз да барып бөлмөңүзгө эс алыңыз. Арыктап да кетипсиз. Калган сөздү эртең иш убагында сүйлөшөлү. Кечикпей келиңиз. Сиз бул Ордосарайда жооптуу кызматтасыз. Ошону унутпаңыз.

Мани Ясо көпкө дейре башын шылкыйтып отурду да, акырында туруп, үндебестен кетип калды. Ал кетээр менен Далай-лама рациясы менен бүткүл Потала ордосарайына шашылыш буйрук берди:

- Бардык дарбазалар, сырткы эшиктер жабылсын! Менден улуксаатсыз бир дагы адам Ордосарайдан чыкпасын!

 

***

 

Эртеси таңэртеңде Мани Ясо Лама Дондуптун жанында отурду. Экөө цампадан жеп, топоздун коюу сүтү куйулган чайдан ууртап, азырынча орчундуу сөздөрдөн качып, экөө тең жеңил-желпи ар нерсени сүйлөшүүдө. Мани Ясо бу сапар Дондуптан Лама Цу жөнүндө, андан соң анын ректор Дели алып качып кеткен кандайдыр бир каттары жөнүндө сурамак. Аларды дал ушул Лама Дондуп өзү биринчи жолу жигиттин кулагына угузган. Рас, анда анын «мен» оорусу күчөп аткан кез эле. Оору болсо да Лама Дондуп жадымында бар нерсени айтты да. Жадымында жок нерсени кайдан айтмак эле? Андан соң Мани Ясо эгосу күчөтүлгөн дагы үч адамды эмне кылыш туурасында Лама Дондуп менен кеңешмек. Ал үчөөнү куткарууга кандай айла бар?

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.