Казат Акматов: Архат

ЭКИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

- Кадырлуу төрага, мурда Тибеттин бир дагы Далай-ламасы соодага, акчага, өлкөнүн байлыгына мынчалык эркин жол аччу эмес эле. Жалаң рух дүйнө деп калган турмушту карачу эмес. Эми болсо биздин гүлдөгөн доор келди. Соодагерлер качан эле Тибеттин эң ардактуу адамдары болчу элек? Качан да болсо ламалар, ал түгүл жөпжөнөкөй монахтар башыбызга чыгып турчу эмес беле. Анан моминтип биздин күн келгенде сиз өкүмдарга каршы турганыңыз кандай?

Лама Тойба ушундай деп өзүнө тике караган, зал толтура көздөрдөн бираз жалтангансыды, бирок анын ички ой туюму биротоло өзгөрүп, башкача болуп калган болчу. Ал азыр залдагы өзүнүн шериктештерине ушунчалык кыжыры кайнап, жанагы суроо узаткан экөөнү тимеле залдан айдап чыккысы келип турду.

- Силерге кор болгон кайран мен! – деди ал көпкө ойлонуп тургандан кийин, калчылдап.

- Айтканымды бириң да түшүнбөдүң Төрагаңар мен айтып аткандан кийин ойлонбойсуңарбы?! Эмне үчүн мен чындыкты айтып күрөшүп атам?! Тибет үчүн, эл үчүн күрөшүп атканымды түшүнбөйсүңөрбү? Жэ көзүңөр көр болуп, мээнер тескери айланып калганбы?!

- Сиздики догурунмайга окшоп атпайбы. Андан көрө суроого жооп бербейсизби, - деп ошондо залдын артжагынан бирөө кыйкырып калды эле Лама Тойба ошого катуу жулуна кетти.

- Сендей жаш соодагер мага, Лама Тойбага каршы сүйлөгүдөй болуптурбу?! Туруп мага көрүнүп койчу! Турчу ордунан!

Кыйкырган жигит ордунан турбай койду эле

- Мынакей, – деди Лама Тойба ошол жакты сөөмөйү менен кезеп, мага кыйкырат, а өзү жүзүн көрсөткөндөн коркот. Анан ушундай бечелдер менен кантип биз Далай-ламага каршы күрөшө алабыз?

- Биз Далай-лама менен күрөшөлү деп чогулган жокпуз бул жерге, туурабы урматтуу төрага, - деп Лама Тойбанын орунбасары ордунан чала туруп жумшак баштады эле төрагасы аны дароо кагып салды.

- Сен дайыма бийликтин кулу болуп келгенсиң? Отур ордуна! Ошентсе тигил чыйрала түшүп төрагасы менен жаалдаша кетти:

- Эмнеге отурам? Сиз отуруңуз, бир саат болду трибунада турганыңыз. Таптакыр туура эмес сөздөрдү сүйлөп атасыз. Биз макул эмеспиз. Туурабы? - деп ал залга кайрылды эле отургандар бир дем менен «туура» деп жооп кайрышты.

Ошондо эмне кылаарын билбей калган Лама Тойба трибуна менен кошо обдулуп мындай деди:

- Баарың тең саткынсыңар! Мен силерсиз эле өлкөнү банкрот кылган диктаторду кантип жок кылыштын жолун табам! Качан мен жеңишке жеткенде анан баарың тең жүгүрүп келип бутумду жалайсыңар. Эстеп койгула ушуну! Ошентти да Лама Тойба залдан чыгып кетти.

Отургандардын баары айраңтаң Кимден эмне деп сураарын, кимге эмне деп айтаарын эч ким билбей, баардыгы тең бирин-бири карап ооздорун ачат «Соодагерлер коомундагы» чогулуш, дегеле Лама Тойба жөнүндөгү тирукмуш сөздөр бүткүл Тибетке чагылгандай тарады.

Эки кишинин башы кошулган жерде эле ушу жөнүндө сөз. Бирдаары Лама Тойба жиндеп кетиптир десе, бирдаары: «Жо, жиндеген жок. Ал туура кылып атат. Анткени Далай-лама аны ак жерден күйгүзгөн. Кызматтан алып койгон. Лама Тойба оңой киши эмес. Керек болсо ал Далай-ламаны ишинен кетирет, көрөсүңөр го!» деп пикирлер эки ача болуп атты.

Мурда болуп көрбөгөн, Тибеттин табиятына жат мындай уу-дуу сөздөр чакан өлкөнүн койнуна батпай сыртка, түндүк менен түштүктөгү улуу элдерге дейре чыгып кетип жатты.

Күндөрдүн биринде дагы мындай сөз тарады: Лама Тойба Далай-ламага кол салуу даярдап жатыптыр деп. Бул өзү сенцациянын эң ана башы эле. Ошондуктан муну уккандар жакаларын анык карманышты. Дегеле мындай ачыктан ачык, өлүмгө баш байлап кырчылдашкан кармаш Тибетте болуп көргөн эмес. Мындай айкаш чыгыш элдерине чаптасаң да жабышбайт. Чыгыш элдери анча эле ашынып кеткенде кебез менен муунтат, жибек менен мууздайт, бирок тынч, чуу-муусуз, сен көрдүңбү жок, мен көрдүмбү жок. «Тындым» деп коёт аны.

 Эл деген кандай? Эл деген бир ээликсе оңой менен токтобойт. Лама Тойбанын өлкө башчысына кол салуусун күткөндөр көпкө чыдай албай күн өткөн сайын ортодон ар түркүн кептерди биринен-бирин чуулгандуу кылып чыгара коюшуп, калың журтка ооз эки да, телефон менен да, күндөп-түндөп таратып атышты.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.