Казат Акматов: Архат
ЭКИНЧИ КИТЕП
- Анын себеби бар, улуу таксыр, - деп жиберди ушул жерден Мани Ясо дилгирленип. Бирок андан ары оюн улаган жок, кайрадан унчукпай калды. Урматтуу Далай-лама саамга тыным жасап күттү да, кайрадан сөзүн улады:
- Мына ошентип Сиз экөөбүздүн мекенибиз Тибет учурда кайрадан оор күндөрдү башынан өткөрүп турган чагы. Мындай кыйын кезектерде тубо элибиздин патриот азаматтары дайыма оң жолдо, ал эми чыккынчылары тескери жолдо болгон. Сиз бүгүн эле сабак алып келген касиеттүү монах Додайды мен элине эмгек сиңирген эң биринчи патриот деп эсептейм. Ага эң жогорку «лама» наамын ыйгар дым. Себеби ал сүкүткө кеткенге дейре Тибеттин чыккынчыларына каршы аёосуз күрөшүп келген патриот. Монах Додайдын эмгегин, кара сыйкыр болгонуна карабастан, тибет эли эч качан унутпайт. Ал улуу адам кара сыйкырын дайыма өз элинин ак иштерине жумшап келген. Менин терең ишенимимде монах Додайдын улуу ишин мындан ары, касиеттүү Миларепа, сиз өзүңүз татыктуу улантасыз деп ойлойм.
Сөзүм жигитке кандай таасир берип атат дегенсип Далай-лама астыртан кымыйып Мани Ясону тиктеп атты. Мани Ясо болсо Далай-ламага тикебакпай, өлкө жетекчисинин абдан олуттуу сүйлөп аткан сөздөрүн бардык кунту менен тыңшап отурду. Бирок, бир гана жолу, «монах Додайдын ишин Сиз улантасыз» деген жери не келгенде капкара сүрдүү көздөрүн бакырайта ачып Далай-ламаны капыстан карап алды да кайра түшүрдү. «Кара сыйкырчынын ишинби?» деген суроо эле. Бирок Мани Ясо ал көз карашын кайра кайталаган жок. Далай-лама кандай айтса да ошого макул болуу жигиттин азыркы ой-пикирин толук ээлеп турган болчу.
- Мына ошондой, Тибет тагдырына кедерги болуп турган, ичи бузук кишилер бар, урматтуу Миларепа. Сиз менен алар жөнүндө ачык сүйлөшүшүм керек. Алардын жасап жаткан тескери иштерин кан буугандай токтотпосок чоң зыян апкелчүдөй. Апкелчүдөй эмес, апкелет! Өлкөнүн тагдырына балта чабышат. Муну алар жеке өз кызыкчылыгы үчүн жасоодо. Бир мырзаны, өзүмдүн эле жакын тууганым, иштей албагандыгы үчүн кызматтан алып койсом азыр Тибетке каршы иштерди уюштуруп жүрөт. Сиз аны бир сапар ыйык көзүңүз менен карагансыз. Ошон до сиз толук көргөнсүз анын ичинин бузук экенин. Капкара экенин. Балким эсиңизде калгандыр? Лама Тойба деген неме. Индияга качып кете тургандыгын Сиз мага айткандан кийин аны токтотуп койгом. Ошол жакка барып алып мага каршы күрөшүн уюштургусу бар! Чыгарбайм мен аны эч жакка! Мен турганда анын буту Тибеттен бир карыш сыртка аттай албайт!
Урматтуу Далай-лама ачуусуна чыдабай кумсаңдап кетип анан кайра боюн токтотту да Мани Ясого эбилди:
- Улуу урматтуу Миларепам мына ошол Тибет душманын бирдеме кылуу керек. «Эмне кылуу керек?» дегендей Мани Ясо өкүмдарын карады.
- Жоготуу керек! Андайларды жоготпосок элдин шору. Улуу сыйкырчы монах Додай андайлардын сазайын бир заматта берип койчу. Эң туура кылчу! Антпесе мындайлар зыяндуу, сасык иштерин токтотпойт эч убакта. Тээ башынан бери унчукпай отурган Мани Ясо малдаш урган тизелерин бир аз козгоду да Далай-ламага суроолуу карады:
- Улуу көсем Далай-лама, сыйкырчы Додай кандай чара көрчү эле мындай учурларда? Аны сизден сураганым үчүн кечирип коюңуз. Анткени Додай биз менен таптакыр сүйлөшпөдү. Сүйлөшкүсү да келген жок. Тескерисинче аябай ачууланды. Сиз ыйгарган «лама» наамын ал менимче, боюна жууткан жок. Лама Бусмен менен абдан жаакташып сүйлөштү. Мени болсо өтө жек көрүп кабыл алды. Кара сыйкырынын нускамасын бергиси келген жок. Айлам түгөнгөндө мен анын сезимдерин кысып бир аз мажбурлап койдум. Башка жолум жок эле. Аргасы кеткенде ал кара сыйкырдын бир гана нускамасын үңкүрүнөн сыртка ыргытып берди, мени жаман сөздөр менен коштоду.
- Кандай?! - деди Мани Ясонун бул айткандарын жактырбай угуп, үрпөйүп калган Далай-лама.
- Ыйык Миларепа жаш кезинде жаңылыштык кетирип кара сыйкырга кирип кеткен. Андан кырк жылда арандан зорго кайра чыккан. Эми сен, Мани Ясо, Миларепанын түгөйү, кайрадан анын жаман жолун кайталаган атасыңбы? «Анда эле сенин баскан жолуңдун бардыгы адамдын сөөгүнө толот!» - деп үңкүрүнөн кыйкырганын угуп калдым, улуу таксыр.