Казат Акматов: Архат

ЭКИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

Жансакчылар жүгүрүп келди да, Лама Бусмендин буйругу менен үңкүрдүн оозун ача башташты. Анчалык ачып деле кереги жок болду себеби, үч-төрт ташты алганда эле көрүндү үнкүрдүн ичи ээн экен. Ыйык Миларепадан, же болбосо Лама Ясодон дайын жок!

-Ээ, эй! - деди Лама Бусмен эмне айтаарын билбей. Калгандарынын да оозуна сөз келбей дапдаарып турушту.

 - Улуу урматтуу Далай-ламага кандай жооп беребиз? Лама Бусмендин эптеп тили чыккансыды.

Бирок анын сөзүнө эчким жооп айта алган жок. Акыры жансакчы Чоро мындай деди:

-Үңкүрдүн оозун толук ачып аржагын карайлычы, балким аркасында чыгып кетчү жери бардыр. Дароо ошентишти. Бирок аркасында тешик тургай эчнерсе жок. Мани Ясонун төшөгү, идиш аягы, бардыгы тең орду-ордунда экен, өзү гана жок.

- Кайдан издейбиз?! - деди Лама Бусмендин өңү бозоруп. Ал тургандардан эч жооп укпаган соң бул суроону эми өзүнө-өзү дагы бир мерте кайталады.

 - Ыя, кайдан издейбиз, ыйык Миларепаны?..

 

***

 

 Ыйык Миларепа бу мезгилде дропалардын жолбашчысы Лурган-ла менен жайма жай сүйлөшүп отурган. Өткөн жолкудай эле бөлмөнүн ортосундагы жез табактагы аңкыган чөптүн жыты.

Болгону, бу сапар бөлмөдө көптөгөн беткаптар пайда болуп калыптыр. Сары, жашыл, кызыл, ак беткаптардын кебетелери бирок мынабул дропаларга окшобойт. Беткаптар сулуу десең сулуу, бир ажайып адамдардын алдаканча жылдыздуу өндөрүн берип турат.

-Биз дагы өз майрамыбызга даярданып жатабыз, – деди Лурган-ла беткаптарды жандили менен карап турган Мани Ясого.

- Эмне майрам, качан болот?

- Биздин майрам «Сириус үч» планетасы Сириустун өзүн 50 жолу айлангандыгына карата өткөрүлөт. Силердин жыл эсеп менен алганда он жылда бир.

- Мынабул беткаптар силерге такыр окшобойт ко? - деп Мани Ясо жылмайды.

-Окшобойт. Жерге түшкөндөгү дагы бир жоготконубуз ушул өзүбүзгө өзүбүз окшобой калдык. Менимче азыркы мынабул ырбыйган кебетебиз кислороддун аздыгынан жана кургакчылыктан улам пайда болду окшойт. Бул жер абдан бийик экен, биз үчүн.

- Менин билишимче, - деди Мани Ясо сөздү булардын кебетесинен башкага бургусу келип, силердин «Сириус үчтү» биздин Жердин астрономдору таба элек. Таба албай жатышат окшойт.

- Эмне десем. Сизди таарынтып албасмын, эгер чындыкты айтсам. Лурган-ла Мани Ясого онтойсуз жылмайып, андан «айта бериңиз» деген ишаратты күтүп турду.

-Айта бериңиз, - деди Мани Ясо, бизде кандай таарыныч болушу мүмкүн?

 - Анда эмесе мындай. Силердин астрономия өтө эле жаш. Биздин Сириус галактикасын быякка коюңуз, өзүңөрдүн күн системаңардын айланышын 1927- жылы араң ал эми анын спиралдык формасын 1950-жылы араң ачтыңар. Рас, Сириустун өзүн жана «Сириус экини» 1862-жылы эле ачкансыңар. Ал эми «Сириус үчтү» силеридин телескоптор ушуга дейре көрө албайт. А биз болсо өзүбүздүн Мекенди мынабул көзүбүз менен эле көрүп алабыз. Он жылда бир көрүнөт биздин мекенибиз. Ошон үчүн бул майрам биз үчүн өтө зор окуя. Башка майрам жок. 8,6 жарык жыл аралыктагы Эне мекенибизди ушул жерден туруп көргөндө үч күн, үч түн эсучубузду билбей ыйлайбыз. Оңой ишпи?

 - Менин да ыйлагым келип кетти, - деди Мани Ясо күлүп.

Анан ал минтип сурады:

 - Бизде «Ата мекен» дейбиз, силерди Эненин аты менен чакырабы?

- Кечирип коюңуз. Бизде силер түшүнбөгөн, түшүнгүңөр да келбеген көп нерселер бар. Мисалы бизде силердикиндей бир эркек бир аялды, же болбосо бир аял бир эркекти ээлеп алмай деген жок. Андай менчик бизде качандыр бир алыскы замандарда болгон экен. Бара-бара жоюлган. Бизде баланы эне тууйт, ал эми аны өстүрүш бардык адамдардын милдети.

- Бул жерде деле ошондойсуңарбы?

- Ошондой.

Тетигил ойноп жүргөн балдар үчүн бардыгыбыз бирдей жооп беребиз. Лурган-ла ачык турган эшиктен сыртты көрсөтүп койду.

 - Кечиресиз Лурган-ла, сиздерге, же болбосо Африкадагы догондорго Жердеги илимпоздор же башкалар келип турабы?

- Келбегени жакшы эле. Бирок келишет. Силер айткандай өткөн, жыйырманчы кылымдын отузунчу жылдары Марсель Гриболь, андан кийин Робин-Эванс келип алышып көп жыл арабызда жашаган. Мен анда жүзгө да чыга элек жаш кезим. Марселдин мурдунан, анан көкүрөгүнөн чыгып турган жүндөрдү көргөндө бардыгыбыз жийиркенип, үйлөрүбүздөн качып жүрдүк биртопко. Анан көнө баштадык - биз деле силердей кишибиз да. Силер «адамбыз» дейсиңер. А биз өзүбүздү «адамбыз» деп айта албайбыз. Ал үчүн көп машакаттан өтүш керек. Кишинин баары эле адам боло бербейт бизде. Ошентип Марсельге көнө баштадык. Өтө жупуну жакшы киши болчу. «Мен» деген Эгосу бар эле, бирок Жердин башка адамдарына караганда азыраак болчу. Ошонусу үчүн биз аны урматтадык. Өзүбүздүн тарыхыбызды, жомокторубузду, ырларыбызды бүтүндөй айтып бердик ага. Бардыгын кагазга жазып алды. Акыры биз аны «Сириус кишиси» деген өзүбүздүн тизмеге киргиздик. Ал ошону суранган болчу. Биз менен кошо Сириуска кетмек болгон. Кийин уксак тез эле өлүп калыптыр. Көрсө силерде жашоо өтө эле кыска турбайбы. Араң дегенде жетимишке чыгып өлүптүр байкуш француз Марсел Гриболь. Бирок бизден кетип Африкадагы догондорго барган экен ал.  Ошолордон кеткенден кийин өлүптур.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.