Казат Акматов: Архат

ЭКИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

Бөлмөсүндө жалгыз отуруп, кол жоолугу менен көздөрүн улам-улам басып, кургактап атып Лама Цу көп убактысын жоготуп койду. Кеминде бир-эки саат наркы-терки басып жүрдү окшойт. Жардамчысы Дей чыйпылыктап, бул арада эшикти нечен ирет ачып кайра жапты. Ачкан сайын ал ламанын далысын гана көрөт да кайра жаап коёт. Бир нерсе деп сөз сурай албайт, анткени керек нерсени Цу өзү айтат эле. Тартип ушундай. Бирок жетекчиси мынчалык убакыт үн катпай койгон учурлар өтө сейрек болгондуктан, Дей бул эмнеси деп чочулап атты.

Лама Цу көздөрүн акыркы жолу кургаттым деп ойлогон. Күзгүгө кароонун деле кереги жок болчу. Себеби ансыз деле белгилүү – көздөрү каканактап кыпкызыл. Бирок мындан ары эми жаш чыкпастыр да. Түгөнүп деле бүткүдөй болду.

Ошондой болжол менен ал күмүш коңгуроосунун жибин секин силкип Дейди чакырды да, аны карабай туруп:

- Потала жактан эч кабар жокпу? - деди.

- Кабар болмок түгүл Сиз ал жакка кечигип атасыз. Жарым сааттан кийин Далай-ламада болушуңуз керек! -деди жардамчысы. Эч качан сөз кайырбай кызмат кылган Дей бүгүн эмнегедир кескин сүйлөп калыптыр. Же Лама Цуга ушундай угулдубу? Айтор ал шашып калды. Эгер жарым саат калса, анда дароо чыгып жөнөш керек. Ал түгүл ректордун жеңил машинасын суроого туура келет.

- Машина сыртта күтүп турат, - деди жардамчысы анын оюн илгиртпей таап. Атаганат! Колунан келсе эч кандай машинасы жок эле жөө баса койбойт беле.

Ушул кырк жылдан ашык жөө эле барып жүргөн Ордосарайга эми моминтип машина жалдап отурбайбы. «Шамалдап жөө барсам көзүмдүн кызарганы өтүп кетет эле го» деди ал кийинип атып.

«Бирок өргө басыш кыйын болуп калды. Карыдым. Албетте карыйсың. Моминтип, өзүң окуткан окуучун Далай-лама болуп алгандан кийин эки ай бою кабыл албай күттүрсө, албетте карыйсың Эки ай болду! Мен эми аны менен бүгүн катуу сүйлөшөм! О, жараткан! Сабыр бере көр өзүмө. Сабыр бере көр!»

 

***

Лама Цу канчалык боюн токтотсо да болбой колдору калчылдап кетип атты. Ал  эң алды менен Далай-ламанын столуна эки барак кагаз таштады.

- Бул эмне кагаздарыңыз? – деди Далай-лама биркездеги мугалимине урмат катары алдынан тосуп чыккандан кийин кайра өз ордуна отуруп жатып.

- Бул сиздин бийик даражалуу эки декретиңиз, улуу урматтуу Далай-лама.

- Оэ,  эмне болду? Сизге жакпай калдыбы булар?

- Буларды мен Жохан храмынын жааматына угузганым жок. Анткени, мурун кеңешип алсакпы дедим. Сиз менен.

-Кулак сизде!

-Мани Ясого лама наамын ыйгарыпсыз. Ага каршылыгым жок. Бирок, азырберүүнүн зарылчылыгы жок. Анткени Жогорку даража, наам дегендер али жаш өспүрүмдүн «мен» сезимине тескери таасирин берери бышык. Анын үстүнө бул наамды кимге болсо да, эрежеге ылайык, Жохан храмынын өзү эле бергени оң го. Жобо ошондой да.

- Бийик даражалуу декрет талкууланбайт, аткарылат, урматтуу Лама Цу. И, дагы айта бериңиз, кулак сизде!

- Ыйык Миларепанын түгөйү «лама» деген биздин азыркы наамдын алкагында каралбайт, улуу даражалуу таксыр.

- И, экинчи айтарыңыз эмне? Кулак сизде! Далай-ламанын өңү тирсийе түштү.

- Экинчи айтаарым - сиздин экинчи декретиңиз жөнүндө. Өткөндө Мани Ясо бул жерде бир гана жума болот дедиңиз эле. Андан бери эки ай өттү. Өспүрүмдүн храмдагы окуу сыныптары бүтө элек. Ошондуктан аны сиздин Ордосарайга биротоло калтырууга болбойт, улуу урматттуу таксыр. Эгер андай кыла турган болсонуз келечегине балта чабылат.

- Биринчиден, «өспүрүм» эмес, «жигит»! Экинчиден, он алтыдагы жигиттин келечеги Тибетке кызмат кылууда деп эсептебейсизби?! Мен, мисалы эсептейм.

- Тибетке да, башка элдерге да, керек болгондо жер жүзүнө кызмат кылууга Мани Ясо үлгүрөт. Бирок ал азыр ага даяр эмес, улуу урматтуу таксыр.

- Сопсонун даяр. Өткөндө мен кошуна өлкөнүн соода өкүлдөрүн кабыл алдым. Өзүңүзгө айттым эле го. Ошондо Мани Ясо мага жардам берди. Бул болбогондо, демейдегидей алар бизди алдап кете бермек. Жигит иштөөгө даяр. Бул жагынан сизге рахмат урматтуу Лама Цу. Ошон үчүн кабатыр болбой ишиңизге бара бериңиз.

- Жок мен кабатырмын, улуу урматтуу Далай-лама! Мен... Мен сизге түшүндүрө албайт окшойм. Мани Ясо андай күнүмдүк майда жумушка колдонуучу кызматчы эмес. Ал окуусунун жарымын да бүтө элек!

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.