Казат Акматов: Архат

Он экинчи бөлүм

Казат Акматов: Архат

Селенг мунун баардыгын эсептей билген кыз. Ошон үчүн ал Мани Ясо ишине шаша баштаганда саал эңкейип, ишарат кылат да чыгып кетет. Мындай авалда өзүн олдоксон сезген жигит бир нече жолу аны менен сөз сүйлөшүүгө аракет кылды.

- Келиңиз, отуруңуз, – деди бир жолу кызга орундук көрсөтүп. Селенг отурган жок. Болгону, анын терең чөккөн кой көздөрү билинээр-билинбес күлмүндөп койду. Бул көздөр жигитке көп нерсени айтып тургандай: «Сиз эмне үчүн кечилдиктин жолуна түшүп алдыңыз экен? Өзүңүздү аябайсызбы. Мен сизди сүйгүм келет. Колуңуздан кармагым келет. Сүрөткө да эч убакта түшпөйсүз. Эгер түшсөңүз сүрөтүңүздү мен өзүмдүн алтын кутучама катып алат элем. Синдиме да көрсөтмөк эмесмин. Ал түгүл уктаганда боорума басып жатмакмын. Балким эң жакын дос кызыма көрсөтсөм болот эле. Ал дагы сизди дароо сүйүп калмак. Ошон үчүн ага көрсөтөөрүм күмөн. Колумда сүрөтүңүз жок үчүн ар качан жаныңызга келүүгө мажбурмун. Мунум үчүн апамдан дайыма тил угам. «Сенин башың тегеренип калган. Окууңду окубайсың Жигит сүйүүгө али эрте. Эгер минтип жалдырай берсең Пекиндеги кыздар лицейине жиберип коём» деп апам мени коркутуп атат. А мен сизден эч качан ажырагым келбейт, Мани Ясо. Сүйгөнүм!..

Кыз бала өзүнүн астейдил, ички жан дүйнөсү менен жашаган жан болот. Эгер үчүнчү көзүн ачып караса Мани Ясо Селенгдин ошол жан сырын бүтүндөй аңтарып көрмек. Бирок жигит антүүгө даабайт. Анткени билет бул азгырыкка, бул ургаачы дүйнөсүнүн сазына бир сорулсаң эч качан кайра чыкпасын. Лама Цу бул жөнүндө тээ, Адилет жаңы келген балакай кезинде көп айтып түшүндүргөн. Ошол жылдары, ал өзүн али Мани Ясо эмес, Адилет катары сезген жаш чырпык кезинде Шоола деген дүйнөдөгү эң кымбат кызын унутууга бел байлаган. Унуткан. Атүгүл сүкүт салып отуруп эстуту мундагы үйүлүп-жыйылган керексиз көп нерселер менен кошо Шооланын да элесин жок кылууга жетишкен.

Ошол эле учурда Адилеттин кан-жанынан чыкпаган көп нерселер анын өзүнөн да, көп убакта түшүнөн да кетчү эмес. Алдаркөсө жөнүндө жомокторду кызыгып окуп жүргөн бала кезиндеги элестер, ошол куркуйган узун бойлуу, эчки сакалы бар кара-тору кишинин айткан кептери, кылган иштери эсинен кетпейт. Эң эле шумдуктуудай сөздөрдү айткан, куудул киши кантип адилетсиз байларды жазалаганы балага өзгөчө жакчу.

Жашыл тыштуу, бетинде Алдаркөсөнүн көзүн кыбыңдатып күлүп турган сүрөтү бар чоң жомок китеби ушу кезде да көз алдында.

Бир сапар, мына мобул жакында эле, сүкүттө отурган кезинде түнү бою түшүндө Манас айтып чыккан. Муруту сербейген, башы тоголок, эриндери түйрүк чоң ма насчы Адилетти өзү менен кошо Манас айттырып кыйнай берди, кыйнай берди. Акырында Адилеттин сезимдери кыян суудай өрөпкүп, арты өркөчтөнүп ташып, Манасты өз алдынча катуу айтып кирди эле тоголок баш мурутчан киши боздоп ыйлап жатып калбаспы. Же сүйүнгөнүн билбейсиң же кайгырганын билбейсиң Ошо кишиге боору ачыйм деп атып Адилет ойгонуп кетсе түшү экен. Чалкадан жаткан Жигиттин өзүнүн көз жашы ага берип, ага берип эки кулагына толуп калыптыр.

А дагы бир жолу андан да кызык окуя болгон. Жохан храмынын музыка бөлмөсүндө кыргыздын эле комузундай бир аспап илинип турчу. Ошону алып бөлмөдө жалгыз калганда Адилет адегенде кыңылдатып көрдү эле таптакыр манжалары келишпейт. Бир топ убара болгондон кийин ал эселек чагынан баштап Бишкектин радиосунан уга берип кулагына жат болгон күүнү оозу менен чертип кирди. Бөлмөдө жалгызмын деп эле ал ийиндерин салактатып, башын экчеп, колун ойнотуп черте берди. Күүнүн кайрыктарынын биртобун оозу менен шартылдатып салды. Өзү да билчү эмес, мынчалык көп кайрык эсинде бар экенин.

Бир маалда эле арка жагынан шапалактаган кол чабуулар! Адилет селт этип караса музыка мугалими баш болгон бир топ шелелер ыржактап кол чаап атышат. Уялып кеткен Адилет кулагына дейре кызарып, аспапты таштаган бойдон бөлмөдөн качып чыкты. Анда шылдың болгону го ал болсун, эми азыр мынабул өкүмдардын жалдыраган кызын эмне кылат Мани Ясо?

Эч нерсе кыла албайт. Айласы кеткенде адатынча кыздан көзүн ала качты. Анан саал жүзүн үйрүп, кызга сез берип, ишке шашып атканын билгизди...

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.