Казат Акматов: Архат

Он экинчи бөлүм

Казат Акматов: Архат

 - Ох, канча күн жатканымды билбейм, ооруп калыптырмын. А сир кандайча биердесиз, урматтуу Миларепа?

- Эсиңизде жокпу, менин кандайча быякка келгеним?

 - Эч кандай эсимде жок.

- Анда түшүнүктүү. Сизди адегенде ашка киргизишибиз керек, ата. Үч күндөн бери наар ала элексиз. Лама Дондуп баягы соо кездеги адатынча жумшак жылмайып күлүп койду:

- Курсагым деле ачканы билинбейт. Хи-хи.

- Кайнаткан күрүчтүн суусунан баштаңыз. Калганын бүтүндөй эртең сүйлөшөбүз, ата. А бүгүн мен сизди айыктырган Бакшынын жанында болуп келейин...

 

***

 

Канчалык шашып келсе да Мани Ясо Бакшыны тирүү кезинде көрө албай кечигип калды.

Кыязы, үч күндөн бери шал болуп жаткан Лама Дондуп көзүн ачаар менен, Бакшы үзүлгөн.

Мына ушундай азага туш болгон Мани Ясо Бакшыны бу дүйнөдөн узатуу расмысына гана катышып калды. Башка айласы жок эле.

Галден монастыры ак сыйкырчы Бакшыны чоң урмат менен узатууну чечишкен экен. Таң эртеңден монастырдын эли имараттын алдындагы аянтка жыйылып турду. Лама салты боюнча тийиштүү Бардо Тёдол окулуп бүткөндөн кийин Бакшынын башына кызыл топу кийгизишип, үстүнө кызыл намжар жабышып, шатыга салып көтөргөн бойдон шаарчанын четиндеги жаңы эле салынып бүтүп, ишке кирген Крематорийди көздөй алып жөнөштү. Чубаган элдин ичинде чет элдик туристтер, прессанын кызматкерлери жүрөт. Ошолордун адегенде бирөө Мани Ясого жүгүрүп келип микрофон сунуп калды:

- Москванын «Аргументы и факты» газетасына өлгөн адам туурасында бирнече сөз айта аласызбы? Адегенде өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз. Өмүрүндө биринчи жолу мындай капилетке туш болгон Мани Ясо сүрдей түшүп токтоп калды.

- Өлгөн адамды мен анча жакшы билбейт экем, - деди ал эптеп кутулуунун айласын издеп. Аңгыча дагы эки кабарчы жетип келип, Мани Ясо микрофондордун курчоосунда калды.

Журналисттер сыягы жигиттин сырт келбетине кызыгышты көрүнөт. Өзү жапжаш туруп өтө кымбат лама намжар, андан да мурун кечилдиктин сары топусун кийгендиги «мурду жытчыл» гезитчилерге шек бербей коёбу!

 - Өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз, - деп үчөө тең эми жигитти бура бастырбай камашты. Булардын мынчалык өжөр болоорун Мани Ясо албетте билген эмес, ошон үчүн чындап эле кыйын кыстоодо калды.

- Эгер мүмкүн болсо сиздин жашыңызды билсек болобу? – деди микрофон сунгандардын бирөө жигиттин авалын жеңилдетмекчи болуп.

- Он сегизде, деди Мани Ясо англисче.

- Анан ушул курагыңызда Лама даражасына жеттиңизби? Мани Ясо күлдү да эки алаканын жайып койду.

- Кечиресиз, урматтуу Лама. Биздин түшүнүк боюнча башыңыздагы сары топу кечилдикти билгизет го?

- Ооба.

- Сиз бул монастырда окуйсузбу же иштейсизби?

- Окуйм. Бирок мында эмес, башка храмда.

 - Өлгөн адам тууганыңызбы, же устатыңызбы?

- Тууганым да эмес, устатым да эмес. Гезитчилердин ооздору саамга жап боло түштү. Эмне дээрин билбей калышты окшойт. Ошондон пайдаланган Мани Ясо курчоодон чыкты да алдыга басып жөнөдү.

- Аты-жөнүңүздү айтып койсоңуз?

- Сиз менен башка убакта кеңирирээк аңгеме курсак болобу?

Гезитчилер элди аралап бараткан жигиттин алдына бир чыгып, артына бир чыгып, бирок жооп ала албай атышты. Мани Ясо болсо жүздөгөн көздөрдүн караганынан, ага болбой гезитчилердин уйгактай жабышканынан жүдөп, эмне кылаарын, кайда качаарын билбей, эл арасынан улам четке чыгып, атүгүл артты көздөй бурулуп кеткиси келди. Ошентейин деп ал чынында эле кылчактай баштады эле аңгычакты артында да, каптал жактарында да полицайлар өзүн акмалап келатканын байкады. Ушундай болмок! Анткени ал Далай-ламанын издөө салганына карабай бир аптадан бери Поталага бара элек. Баргысы да жок!

Аза күтүү расмысы аяктап, элдер туш-тушка тарай баштаган кезде Мани Ясо чындап эле полицайлардын курчоосунда калганын көрдү. Калай кокардалуу, күрөң беретчен полицайлар азырынча Мани Ясону алыстан акмалап, бирок жанына жакын келбей атышат. Алардын баардыгы бири-биринен небак уккан - Мани Ясо кара сыйкырчы Додайдын бардык коркунучтуу дубаларын үйрөнүп келген деп. Ошон үчүн жигиттин каарына калгылары келишпейт, бирок кызмат милдети боюнча аны кармап, Ордосарайга алпаруулары керек.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.